whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКара-Сууда муктаж болбогон 47 адамга 1,3 млн сом жөлөкпул берилгени аныкталды

Кара-Сууда муктаж болбогон 47 адамга 1,3 млн сом жөлөкпул берилгени аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда муктаж болбогон жарандарга жөлөкпул берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Облустук прокуратура Социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан 2024-жылдын май айына чейин муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендигин аныктаган. Натыйжада мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар