Казакстанда бүгүн, 23-январда саат 12:30да Караганда–Балхаш унаа жолунда 19 жеңил унаанын катышуусунда массалык жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.
«Жеринде ӨКМ жана тез жардам кызматкерлери иштеп жатат. Кырсыктын алдын ала себеби — ылдамдык режимин бузгандык жана коопсуз аралыкты сактабагандык», — деп маалымдашкан «Казак авто жолдон».
Эске салсак, 3-январда Астана-Щучинск трассасында массалык жол кырсыгы катталып, 95 унаа жана 20 адам жабыркаган. Жабыр тарткандарга мээнин чайпалышы, сынык жана контузия диагноздору коюлган.