Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Батыш автобекети болжол менен ушул жылдын күз айларында ишке берилерин билдирди.
«Бизге жаңы автобекет май-июнь айларында курулуп бүтөт деп жатат. Бирок, биздин түзүлгөн шарттар боюнча күзгө чейин барат. Анткени, кайра эле шашылыш түрдө, даяр болбогон жерге экинчи жолу көчүрбөй, иштер бүтүп, шарт түзүлүп, жоболор бүт аныкталган соң көчүрөбүз», — деди А. Жунушалиев.
Былтыр 23-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы Батыш автобекети ишин токтоткон. Шаар тургундарынын жаңы автобекетке жетүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу нааразылыгынан соң, өкмөт шаардын күн батыш четиндеги «Аккула» ат майданы жайгаша турган аймакка жаңы, заманбап автобекет куруларын айткан.