Пятница, 24 января, 2025
-11.9 C
Бишкек

Юридикалык жактын аталышында колдонууга жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн тизмеги бекитилди

Юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин жана алардын аныктамаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тизмеге жалпысынан 120дай сөз, арасында бир катар диний сөздөр, терминдер кирди.  Мисалы, эми «Абу Ханифа», «вакф», «жихад», «ихлас», «ихсан», «махр», «мубарак», «муслим», «сажда» жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү ишкана-фирмалардын аталышында колдонууга болбойт.

Исламдан башка диндерге тиешелүү «ахриман», «библия», «будда», «ирфан», «жахаба», «миллениум», «монах», «увей», «тора» жана башка терминдер жана сөздөр да кирди.

Төмөндөгү шилтеме аркылуу тизме менен толук таанышса болот.

Тиркеме.docx

Кабыл алынган тизмедеги сөздөрдү аталышына колдонгондорго кандай чара көрүлөрү же талап коюлары жазылган жок.

Былтыр 24-июлда президент Садыр Жапаров компания-фирмаларды диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер жана аныктамалар менен атоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Документте мындай сөздөрдүн тизмесин, пайдалануу тартибин өкмөт аныктай турганы жазылган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар