Пятница, 24 января, 2025
-11.9 C
Бишкек

Санарип сом – улуттук валютанын үчүнчү формасы

Улуттук банк 2027-жылдан баштап санарип сом киргизүүнү пландап жатат. Жарандар санарип сомду бири-бирине которо алат, төлөм жүргүзүп, салык катары да төлөй алат.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуровдун айтымында, санарип сом Кыргызстандагы улуттук валютанын үчүнчү формасы болуп калат. Санарип сом башка формадагы валюталар сыяктуу колдонула берет. Жаран кааласа аны накталай же накталай эмес түрүнө да которуп алса болот. Санарип сомду бир гана Улуттук банк иштеп чыгат жана жоопкерчилик да ушул мекемеде болот.

Бул каражатты криптовалюта катары кароого болбойт. Кыргызстан Санарип сом концепциясын 2022-жылы кабыл алып, ошол эле жылы аны коомчулукка алгачкы ирет тааныштырган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар