Кыш келип, терезе сыртына муз тоўуп, суук шамал урганда, үй ичиндеги гүлдөрдүн да жашоосу өзгөрөт. Анткени күндүн нуру азайып, аба кургак болуп, жылуулук системалары иштеп баштаганда бөлмө гүлдөрү бат алсырайт. Бул шартта башка мезгилдерге салыштырмалуу өсүмдүктөр өзгөчө кароого муктаж.
Күндүн жарыгы – гүлдүн жаны
Кыш мезгилинде күндүн жарыгы 3–4 эсеге азаят. Ошондуктан гүлдөрдү терезенин эў жарык жерине коюу керек. Эгер терезеўиз түндүк жакты караса, кошумча жарык берүүчү лампаларды колдонуу сунушталат.
Айрым үй кожойкелери айтышат: “Гүлдөр менен сүйлөшүп турсаў, жакшы өсөт” деп. Бул жөнөкөй ишеним эмес — өсүмдүк адамдын көўүлүн, жылуу энергиясын сезет. Ошондуктан аларга кам көрүп жатып, жакшы сөздөрдү айтуудан тартынбаўыз.
Ченеп сугаруу керек
Көп учурда кетирген ката — гүлдөрдү ашыкча сугаруу. Кышында өсүмдүк эс алуу фазасында болот, демек, суу аз талап кылат. Топурактын үстү кургаганда гана сугарыўыз. Эгер идиштин астында суу топтолуп калса, аны сөзсүз төгүп коюу керек. Муздак суу колдонбоўуз — бөлмө температурасындагы жылуу сууну колдонуу сунушталат.
Элдик тажрыйбада мындай кеңеш айтылат: «Гүлдүн топурагы муздак болсо, гүл өстүрүүчүнүн өзүнө да суук тийет». Демек, идиш муздак терезе текчеде турганда – жыгач же кездемеден коюп, астын жылуу кармаңыз.

Гүлдөргө жылуулук жагат, бирок аба өтө кургак болуп кетсе, жалбырактары саргайып түшө баштайт. Абадагы нымдуулукту сактоо үчүн радиатордун жанына суу куюлган идиш же нымдандыргыч аппарат коюўуз. Кээде гүлдүн жалбырактарын чачыраткыч менен суу бүркүп турсаўыз, сергип калат.
Эң ылайыктуу температура +18… +22°C чегинде болуусу.
Тазалык жана желдетип туруу
Жумасына бир жолу гүлдүн жалбырактарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп коюўуз. Бул чаўды кетирип, өсүмдүктүн жакшы дем алуусуна шарт түзөт. Ошондой эле бөлмөнү желдетип туруу пайдалуу, бирок гүлдөрдү муздак шамалга тийгизбеўиз.
Кошумча азыкты талап кылбайт
Кышында көпчүлүк гүлдөр эс алуу абалына өтөт. Ошондуктан бул мезгилде кошумча азыктарды берүү зарыл эмес. Ал ишти жаз келери менен, гүлдөр жаңы жашыл бүчүр чыгара баштаганда улантсаңыз туура болот.
Эгер гүл абдан алсырап көрүнсө, табигый жол менен бекемдөө үчүн бир нече тамчы алоэ ширесин сууга кошуп берүү — жакшы элдик ыкма.
Кышкы гүл – үйдүн кооздугу
Гүлгө карап отурган адамдын маанайы көтөрүлүп, стресстен арылат. Кээ бир илимий изилдөөлөрдө айтылгандай, бөлмө өсүмдүктөрү абаны 40%га чейин тазалайт, кычкылтек чыгарып, үй ичиндеги микроклиматты жакшыртат.
Ошондуктан гүл өстүрүү – жөн гана кооздук эмес, жашоонун сапатын жакшыртуучу маданият. Гүлдөр кышкысын да жылуу мамиле күтөт. Жарык, жылуу-лук, ченеп сугаруу жана таза аба — мына ушул төрт эрежени сактасаңыз, сүйүктүү өсүмдүктөрүўүз жаздагыдай кооз гүл ачып, үйүўүздү кубанычка бөлөйт. Ал эми ар бир өсүмдүктүн табияты ар башка — кээ бири жылуулукту жакшы көрөт, айрымдары салкындыкты сүйөт. Төмөндө эң кеңири тараган он түрдүү гүлгө кам көрүү эрежелерин
сунуштайбыз.
Гүлмайрам Рахманбердиева, Кыргыз Туусу

