Борбор Азия – тынчтыктын аймагы болууга тийиш

0
52696

          Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити Президент Садыр Жапаровдун Түрк мамлекеттеринин саммитинде көтөргөн “Борбор Азия – тынчтыктын аймагы” деген платформаны түзүү идеясына ылайык, ушул идеянын тегерегинде илимий талкуу уюштурууну демилгеледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу алдында К.Дый-камбаев атындагы Дипломатия-лык академия менен бирдикте бүгүн, 21-ноябрда, кереге кеңеш өтүп жатат. “Биз үчүн тынчтыктан артык дөөлөт жок. Учурдагы кырдаалды эске алып, Кыргызстан түрк дүйнөсүнө, жалпы эле эл аралык коомчулукка “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” деген платформаны түзүү идеясын сунуштайт. Борбордук Азия – демографиялык өнүгүү боюнча  дүйнөдө алдыўкы орунду ээлеген аймак. Ата-бабаларыбыз байыртадан тынчтыкта жана ынтымакта  жашоонун принцибин, сабырдуулукту жогору баалап келген. Биз аны жаңы кырдаалда ыйык тутуп, биздин аймакты тынчтыктын, бир туугандыктын, ынтымактуу коўшулардын аймагы катары көргүбүз келет. Борбордук Азиянын элдери эзелтен тынчтыкты сүйүп, жанаша жашоонун принциптерин баалай билген.

Кыргызстан – түпкүлүктүү түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү. Кыргызстан түптүү түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да жигердүү катышат жана түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошот.

Биздин тарыхыбыз да, тилибиз да бир, ата-бабаларыбыздан керээз калган насаатты ыйык тутуп, мындан ары да биргебиз жана биримдиктебиз” – деген эле Президент Садыр Жапаров ошол сөзүндө.

Кереге кеңешке дипломаттар, саясат таануучулар, окумуштуулар жана эл аралык мамилелер боюнча адистер, ошондой эле медиа каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

“Борбор Азия: цивилизациялык ролу, заманбап чакырыктар жана өнүгүү перспективалары” деп аталган илимий форумда Борбор Азиянын тарыхый жана геосаясий ролу, түрк цивилизациясынын бириктирүүчү мааниси, Улуу жибек жолунун дипломатиясы, аймакта тынчтыкты бекемдөөнүн актуалдуу маселелери сыяктуу орчундуу темалар талкуунун предмети болмокчу.

Албетте, мамлекет башчысынын “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” идеясын жүзөгө ашыруу боюнча кадамдардын алгачкыларынын бири гана. Идеянын тарыхый, геосаясий, экономикалык, дипломатиялык ж.б. жагдайлары абдан тереў изилденүүгө, ишке ашыруунун практикалык жолдорун табуу абзел. Ага чоў өбөлгө түзүлдү десе болот. Себеби Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жөнүндө келишимдин, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары тогошкон жери тууралуу келишимдин түзүлүшү Борбор Азиядагы тынчтыктын жана туруктуулуктун башкы факторлорунун бири экендигин дүйнө лидерлери бир ооздон белгилешти. Эми келечекте маданий-интелектуалдык жана саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык иштер аркылуу “Ынтымак Ордонун” регионалдык гана эмес, жалпы дүйнө үчүн мааниси зор “Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы” демилгеси жүзөгө ашууга тийиш.

Курманбек МАМБЕТОВ,
«Кыргыз Туусу»

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз