Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Сулайман РЫСБАЕВ: “Китеп окуу ырахатка айланышы керек”

Кыргыз эл жазуучусу Сулайман Рысбаев дээрлик 50 жылдан бери чыгармачылыгын балдар адабиятына арнап келет. С. Рысбаев 1-класстар үчүн «Алиппе», «Адеп алиппеси», 2-4-класстардын «Кыргыз тили», «Адабий окуу» китептерин жазып, «Дилазык» класстан тышкаркы окуу китептерин түздү. Жалпы алганда 100дөн ашуун монографиялык жана методикалык эмгектери практикада кеңири колдонулууда. Анын окуу китептери менен Өзбекстандын кыргыз мектептеринин окуучулары да эне тилинен билим алышууда.
Биз бүгүн окумуштуу, педагог, акын, обончу, жомокчу жана балдар жазуучусу С.Рысбаевди сөзгө тарттык. 

-Сулайман агай, азыр жаш балдардын бардыгы кол телефонго көз каранды. Аларды гаджеттерден алаксытып, китепке болгон кызыгуусун кантип ойготсок болот?

– Чындыгында, абал азыр ушундай. Тили чыга элек наристе дагы кол телефонго алаксып, тили ошол телефондун тили менен чыгып жатат. Кээ биринин тили орусча гана эмес, кытайча, англисче чыгып жатканы таң калтырбай калды. Ошондой абал баланы эне тилинен алыстатып баратат. Ошондуктан, кандай гана болбосун, азыр кыргыз балдарын кол телефонунун таасиринен алыстатуу амалдарын көрүү маселеси бышып калды. Жакында эле Президентибиз мектепте балдарды мүмкүн болушунча, сабак убактысында телефонун колдонбоого чара көрүүнү сунуштады. Бул бекеринен эмес… ал эми сенин сурооңо келе турган болсом, балдарды үйдө түрдүү оюндар менен ойнотуу, бош убактысында эс алдыруучу аллеяларга, мультфильмдерди көрсөткөн кинотеатрларга алып баруу – аларды телефондон кыйла алаксытат. Ошондой эле, дүкөндөргө ээрчитип баруу, кызыктуу сүрөттөрү бар китептерди көрсөтүү, алам деп кызыкканын алып берүү керек. Баланын көңүлү өзү сүйүп алган сүрөттүү китепке тартылып башталса бул- чоң ийгилик. Анан аны образдуу, көрктүү, мимика, жест менен окуп берүү керек. Ошентип, акырындап китепке көңүлүн буруу кажет.

– Баланы канча жашынан китепке кызыктырып баштаганыбыз жакшы?

– Бала үч жашынан тарта  өзүн башкалардын арасында өзгөчө сезип, “мен”, “өзүм”, “меники” деп, “бул- жакшы, бул-жаман” деп, бир нерсеге көңүл буруусу башталары белгилүү. Ошол кезден баштап, эң жөнөкөй жомоктун каармандарынын образдары, алардын кебете-кешпири, кылык-жоруктары, үнү, добушу менен кабыл алуусуна көнүктүрө  баштаса болот. Мен өз тажрыйбамдан айтсам, неберелериме дайыма убакыт таап жомок айтып берем. Анда бирде карышкырды туурап, бирде түлкүнү, бирде аюуну, бирде корозду туурап,  үнүм менен, кыймыл, мимика менен кызыктырам. Алар ошондон тартып, жомок айтып берүүмдү суранып калышат.

– Демек, жомок окуп берүүнү же айтып берүүнү адат кылган туура?

– Ар бир ата-эне балага китеп окуп берүү же жомок айтып берүү – өзүнчө өнөр экенин билүүсү керек. Дикторчо окуп берүүдөн бала чыгарманы түшүнбөйт. Сезимдүү, мазмундуу, психологиялуу, көрктүү, образдуу окуу деген түшүнүктөр ошондон келип чыккан. Окуп же айтып берип жатканда, окуяны, образдарды бала кабыл алып жатабы, түшүнүп жатабы, сөз балага жетип жатабы, ошого жараша айтып берүү менен окуп берүүнүн ык-жолун өзгөртүп, оңдоп, түзөтүп отуруу пайдалуу.

– Ата-энелер китеп окууну адат кылуу үчүн кандай кеңеш бересиз?

– Мен атайын ата-энелер жана бакча менен башталгыч мектептин мугалимдери үчүн “Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары” аттуу китеп жазып чыгардым. Анда балдар китептеринин кызматы, мааниси, ролу, балдар китептери кандай болушу керек, балага кантип китеп окуп берүү же жомок, аңгеме айтып берүү керек, китеп окууга кызыктыруунун жолдору кандай, кандай форма-ыкмаларды колдонсо болот?- деген маселелерге колумдан келишинче жооп бердим. Анда, ата-эне китеп окубаса, бала окубайт деген пикирге басым жасадым. Ата-эне баласынын китеп окуусун кааласа, өзү китеп окуусу керек. Үйүндө чакан болсо да, китеп текчеси  болуусу абзел. Анда өзү сүйгөн жазуучусунун китептери же каалаган тематикадагы китептер  болуусу зарыл. Байдылда Сарногоев айткандай: “Китептери болбосо, килемдерин окуйбу?”. Ошон үчүн, баласынын китеп окуусун талап кылуудан мурда, ата-эне, адегенде,  өзү китепке жакын болуусу шарт.

– Азыр балдардын көбү орус тилдүү болуп жатпайбы.  Аларды кыргыз тилиндеги китептерди түшүнбөсө деле окута берүү натыйжа береби?

– Жок, китепти кыйнап окутууга мүмкүн эмес. Балдар жомок, аңгеме угуп отурса дагы, китеп окуса дагы, аны сөзсүз, түшүнүп угуусу жана түшүнүп окуусу керек. Антпесе, окуунун да, угуунун да пайдасы жок. Угуу жана окуу – кабыл алуунун башаты. Кабыл алуусуз окуу же угуу маданияты калыптанбайт. Андан ары китеп окуу көндүмү бекемделбейт. Азыр кээ бир мугалимдер окуучу түшүнүп жатабы, түшүнбөй жатабы, аны эске албай эле, шар же бат окууну адат кылып жатышат. Бул туура эмес, анткени, бат окуу, түшүнүп окуу – экөө эки башка иш. Окумуштуу А.Сухомлинский: “Китеп окуу – ыракатка айлануусу керек”, – деп айткан. Анын сыңары китеп окуу балдар үчүн дагы ырахатка айланышы керек.

– Улуттук балдар адабиятыбыздын азыркы абалы жана келечеги кандай?

– Учурда улуттук балдар адабиятыбыз жашап жатат. Калыптанган улуу муундагы акындарыбыз бар, орто муундагы акын-прозачыларыбыз бар, жаш, жаңы чыгып келаткан акын-прозачыларбыз жок эмес. Супарабыз куру эмес, үмүт бар.

– Кыргыз тилиндеги басылмалар жетиштүүбү?

– Биздеги эң чоң көйгөй – дал ушул басылмаларыбыздын жоктугу? Бизде 400гө жакын басмаканалар бар. Бирок китепти басууга даярдоочу балдар редакцияларыбыз жок. Ошон үчүн сапаттуу китептер чыкпай жатат. Балдар китептеринин графикасы деген маселе чечилбей келет. Балдар китептерине сүрөт тартар сүрөтчүлөрүбүз бир-экөө эле. Анан кантип сүрөттүү, балдарды кызыктырар китептерди чыгарабыз? Бул маселени чечүү үчүн, мамлекеттик китеп үйүн уюштуруу керек.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар