Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде “Урааным Манас” аталышында манас айтуу боюнча кароо-сынак башталган. Республикалык сынак Президенттин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле, алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, жалпы байге фонду 3 млн. сом экени белгилүү болгон.
Иш-чараны өткөрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыгып, ага ылайык таймашка катышкан ар бир райондон же шаардан 1000ден кем эмес окуучулар манас айтышы керек болчу. Ал эми кароо-сынакты уюштурууга жана өткөрүүгө кеткен чыгымдарды Кыргыз улуттук “Манас” театры каржыламак.
Ноокенде 6000 окуучу манас айткан
Ченебеген көп бала,
Чек арага жыйналды.
Ченин билбей калыстар,
Чектен ашып кыйналды, – деп сынакка алгачкылардан болуп Баткен районунун 2000ден ашык улан-кыздары катышып, улуу баянды айтып, Манастап ураан чакырышты. Баткен райо-нун улай, Ала-Бука районунда 1500, Жалал-Абад шаарында 1500, Сүлүктү шаарында 1000 бала манас айтты. Ал эми Ордолуу Ош шаарында 3000 окуу-чунун катышуусу менен айтылган манас коомчулуктун көңүлүн бурду. Ошондой эле, “Урааным Манас – 2024” сынагына Ноокен району 6000 окуучу менен катышты. Ал эми Сузактагы иш-чарада манас айтууга 3000 окуучу барган.
Балдардын абалы туруктуу
2-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда манас айтуу иш-чарасы учурунда “Портер” үлгүсүндөгү унаа окуу-чуларды сүзүп кетип, 35тей бала жабыр тартты. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматы боюнча, жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр болгон. Абалы оор деген 10 бала атайын борт менен Бишкекке алынып келинип, ушул тапта Тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланууда. Бүгүнкү күндө бардыгынын абалы туруктуу экени айтылууда.
Жабыркагандарга 200 миңден жана 50 миңден бөлүндү
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды. Бул тууралуу маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. «Президент дарыгерлер, балдардын ата-энелери, жакындары менен сүйлөшүп, аларды дарылоого мыкты медиктерди тартып, дары-дармек менен толук камсыздоону тапшырды», — деди ал. Өлкө башчы окуяга кайдыгер мамиле кылгандарга комиссия ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгилеген. Ошондой эле, Президенттин тапшырмасынын негизинде өлкө башчынын фондунан жабыркаган балдардын абалы оорлорунун ар бирине 200 миңден, жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон бөлүнүп берилди.
Шалаакылыктан келип чыккан кырсык
Окуя катталган жерге барган атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кырсыктын келип чыгышын жергиликтүү бийлик органдарынын жана уюштуруучулардын шалаакы мамилеси менен байланыштырды. “Бул кырсыкты бир күндүн ичинде укук коргоо, коопсуздук органдары, прокуратура болуп чогуу изилдеп чыктык. Айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай, ал жерде террордук же бир кылмышка байланышкан эч кандай далилдер аныкталган жок. Бул – коопсуздукту сактабагандык, шалаакылык. Уюштуруу иштеринде көп кемчиликтер кеткенин белгилей кетким келет. Мисалы, унааларды адамдардын арасына киргизбеш керек болчу. Авто-унаа үчүн атайын жай болуш керек эле. Балдардын арасына чоочун адамдарды киргизбөө маселелери да каралган эмес”, – деди К.Ташиев.
Кырсыктын чоо-жайы
48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда, кыймылдаткычы өчүрүлбөгөн машинасы ылдыйга түшүп кеткенин айткан.
12 милиционер жазаланды
Сузактагы кырсыкка байланыштуу 12 милиционер жазаланганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деңгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иштерин так жүргүзбөгөндүгү үчүн Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы кызматтарынан бошотулган. Мындан сырткары, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак ЖКККББнын бир нече кызматкерине карата тартиптик чара көрүлгөнү кошумчаланды.
Кароо-сынактар токтотулду
Ал ортодо Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан «Урааным Манас» кароо-сынагы республика боюнча токтотулганын маалымдады.
Мындан тышкары жогорку окуу жайлардын психолог, педагогдору жеринде балдар жана ата-энелер үчүн иш алып барып жатканын, убактылуу кризистик борбор уюштурулганын айтты.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилгенин, күнөөсү аныкталса, жоопко тартыларын билдирди.
Биз муну менен токтоп калбайбыз, баары алдыда…
Каргашалуу окуядан кийин «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков коомдук медиага видео кайрылуу жарыялады. Ал Сузактагы иш-чараны 2-майда өткөрүүнү эч ким менен макулдашпай, жергиликтүү жетекчилер өз билемдик менен пландаганын айтты.
“Урааным Манас” кароо-сынагынын башталганына быйыл болгону 2 гана жылдын жүзү болду. Бирок, ушул кыска убакытта өз ордун таап, миллиондогон адамдардын “Манас” эпосунан бир сап болсо да жаттоосуна себеп боло алды. Максатыбыз – азыркы коомдун жаштары, эртеңки келечектин ээлери башка элди туурап кетпей, “кыргыз” деген улутту сактап, өзүбүздүн салтыбыз менен жашаса, улуттук идеологиядан тайбаса деген изги ойду сиңирүү. Эми гана башталган ишибиз жана бүтүндөй элибиз чоң сыноого туш келди десем жаңылышпайм. Тагыраагы Сузак районундагы окуя биздин улуттук баалуулуктарга болгон мамилебизди сынап жаткандай. Албетте, ал жердеги уюштуруу иштеринде ката кетип, жагымсыз окуя орун алды. Ал окуя менен жалпы “Манас” эпосуна жана манасчыларга жаман сөз айтуунун таптакыр кереги жок деп эсептейм. Тескерисинче, баарыбыз бир жакадан баш чыгарып, бир жеңден кол чыгарып биримдикте колдоп туралы. Муну менен биз эч качан токтолбойбуз. Баары алдыда”, – дейт ал.
Бул кырсыкка министрликти же “Манас” театрын күнөөлөөнүн кереги жок
Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, Кытайдын Кызыл-Суу аймагындагы кыргыздар чогулуп манас айтып келишкен.
«Азыркы заманда бир адамдын манас айтып жатканын илгеркидей баары чогулуп келип угуусу өтө күмөн. Манасчылар жакшы ишти баштап жатат. Бул кырсык менен алардын ишин жаман аттуу кылбашыбыз керек. Манасты жаттатып, эл кыдырып, жер кыдырып айтуу жаман иш эмес. Ошол манас айтып жаткан балдардын баары манасчы болуп чыкпайт. Бирок, ошондон эки сап эстеп калса дагы жүрөгүндө манас калат. Бул кырсык, ага Билим берүү министрлигин же “Манас” театрын күнөөлөөнүн кереги жок» – деди К.Иманалиев.
“Манас” эпосун даңазалоо иши уланат деген ниеттебиз
Эске салсак, өткөн жылы “Урааным Манас” кароо-сынагы 1-майда башталган. Ага эки жуманын ичинде өлкө боюнча 160 миң окуучу катышкан. Башкача айтканда, 44 район, 32 шаардын окуучулары чогулуп манас айтышкан. Байге фонду 1,5 млн. сомду түзүп, баш байгени Кадамжай району утуп алган. Биринчи орунду Бишкек шаарынын Ленин району, экинчи орунду Ак-Суу, Тогуз-Торо райондору алса, үчүнчү орунга Ноокен, Алай, Нарын райондору татыган.
Жогоруда айтылгандай “Урааным Манас” кароо-сынагынын башталганына эки гана жыл болсо дагы коомчулуктун колдоосуна ээ боло алды. Быйыл манасты чет тилинде айтуу да колго алынып, окуучулар манастын үзүндүсүнүн англис тилиндеги вариантын да жатташты. Демек, бул дагы жакшы көрүнүш. Андыктан, “Манас” эпосун даңазалоо иши улана берет деген ниеттебиз.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”