Жазуучу, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ысык-Көл областынын ардактуу атуулу Баратбай АРАКЕЕВди эскерүү.
“БАКЕ”. Ушинтип бир чети эркелеп, бир чети тамашалап айтчумун. Бир эле көргөндө анте коюш кайдан?! Жакшы таанышып, эчен ирет кобурашып, сырдашып, жолдошум менен ага-инидей, мени менен ага-карындаштай болуп калгандан кийин гана айттым да, “Баке” деп.
Эң эле башкысы кандан, бектен кайра тартпаган курч мүнөзү бар болчу. Ошондуктан, ага киши да даай алчу эмес. Бирок, жактырган кишисине ачык, ак пейли менен жан дилинен мамиле жасачу. Адамдык сапатты аябай баалачу.
Баратбай аба колунда бар акыркы акчасын да башкаларга берип салып басып кете бермей жайы бар эле. Колунан келсе, кыйналып жашагандын баарын бакмак. Тагдыры тайкы адамдар тууралуу макала жазсак, ал адам тууралуу сурап, аябай кейичү. Бир нече кишилерге жолдошум экөөбүз анын аманаты менен азык түлүк алып барып берген күндөр болгон.
Кызык жери, көзүнө жүдөп көрүнгөн адамга акча карматмайы да бар болчу. Бир жолу Караколдо көчөдө кичинекей столго тамеки, шокалад сыяктуу майда-чүйдө нерселерди жайып алып, соода-сатык кылып олтурган келинге барып: “Кайсы шоколадың эң кымбат?” – деп сурады. “Эң кымбат, эң жакшысын айт”. Ал бир шоколадды көрсөттү эле, акчасын төлөп, анан минтип жатпайбы: “Эми менин көзүмчө ошону ачып, ооз тий”. Тиги келин түшүнбөй калды. Узап баратып айтат: – Бул шоколадды өзү деле жеп көрбөсө керек. Көчөдө кечке турат, балдарын багам деп куурап жүргөн неме да, кайра сатып жибербесин деп атайы ооз тийгиздим…
Китепке өзгөчө мамиле жасачу. Бекеринен бир чоң окуу жайда номур биринчи студент болуп, ал кезде көп кишинин кыялы да жетпеген “Маркс”, “Ленин” стипендияларынын ээси болбосо керек. Акыркы күндөрү эски китеп текчесин таштап, жаңысын жасаткан. Үйүнө куп жарашып калыптыр эле. Ошого абдан сүйүндү..
Баратбай аба оорудан кийин бир тарабы кыймылдабай калган аялы Закен эжени алгач төшөктөн тургузду, анан бир нечелеген жылдар бою баладай бакты. Тамагын жасап, кирин жууп, деги койчу, мындай ишке бардык эркек чыдабайт эле. ªзгөчө, Баке сындуу эч кимге баш ийбеген кашкөй адам чыдабас эле. Бирок, андай ишти Баратбай аба өңдүү адамкерчиликтүү гана адам жасайт болчу!..
Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдын орто мектебин аяктап, аскерде эки жылдык кызматын өтөп келген соң, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин 1980-жылы бүткөн. Ошол студент кезинде эле дүйнөлүк адабият, дүйнөлүк саясат, ар кандай маанилүү окуялар тууралуу кеп-сөз болуп калганда Аракеев алдына киши чыгарчу эмес экенин курсташтары эскерип айтып келишет.
Аракеев жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин “Мектеп”, “Адабият” басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген. Ошол жылдардан тартып кыргыз журналисткасына аралашып, Кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы теле каналда бат эле көзгө басар журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: “Кадырман карыларым”, “Калемгер”, “Мен чилистен” сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга чыгарып, коомчулуктун сүйүктүү тележурналистине айланган. Катардагы журналисттен өсүп-өнүп олтуруп, КТРдин ошол кезде 50 адам эмгектенген “Адабий — драмалык” редакциясынын башкы редактору (азыркыча айтканда продюссери) болуп 5 жыл эмгектенген.
1997-жылдардан тартып, маркум Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде саясый баяндамачы болуп иштеп баштаган. Мына ошол гезитте ал: Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Султан Жумагулов, М. Сабыров, К. Оторбаев ж.б. белдүү журналисттер менен эмгектенген. Аракеевдин калемине таандык криминал, сүйүү, детектив жанрындагы повесттери да гезитке сандан-санга жарыяланып, окурмандардын бүйүрүн кызытып турган.
2009-жылдан тарта: «Форум», «Эл сөзү», “Фабула”, “Багыт кж” гезитинде иштеп, кыргыз саясатындагы тескери көрүнүштөрдү, экономика, коррупция, маданият багытындагы курч темаларды “Абал ушул” жана “Кадам ушул” деген темалар менен көзгө сайгандай жазып келген.
Баратбай Аракеевдин жазуучу катары тааныткан алгачкы повесттери, аңгемелери союз тараганча эле чыгып баштаган. Андан бери: “Кайрылчы өмүр”, “Чаңдагы гүл”, “Айсалкын”, “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым”, “Түбөлүккө кеткен жол”, «Боронбайдын көр дүйнө» ж.б. аталыштагы китептердин автору болду.
Анын калемине таандык “Чал күйөө” деген аңгеменин негизинде режиссёр Асанкожо Айткиеев “Сокур кемпир көрөгөч” аттуу кино тарткан.
Баратбай Аракеевге окшогон инсандар сейрек. Чынында анын чыгармачылыгы да, эне сүтү менен бүткөн кулк-мүнөзү да такыр башкача эле. Ташкындаган таланты чыгармаларынан, ар бир жазган аналиткалык макаласынан көзгө сайгандай көрүнүп турчу. Биз Аракеевди кыргыз журналистикасында өзгөчө феномен деп баса белгилеп айтсак жаңылбайбыз. Кыргыздын чыгаан уулу 2022-жылы 13-апрелде өз айылында акыркы сапарга узатылган.