Дүйнөлүк басма сөздүн тарыхында лакап аттарга (псевдоним) жамынып жазуу кеңири колдонулган практика. Бүгүнкү күндө да бар. Айталы, падышалык Россияда тыңчылардан изин жашырган орус революционерлери жазган чыгармаларынын, каттарынын аягына лакап аттарын коюшканы маалым. Мисалы, Герцен макалаларына “Искандер” деп кол койсо, Г.В. Плеханов – “Ветеран”, “Немец”, “Волгин” ж.б. бир нече лакап аттарды колдонгон. Ал эми В.И. Лениндин 100дөн ашык лакап аты болгонун айтып жүрүшөт. Кыргыздын алгачкы журналист-жазуучулары да ал кездеги саясий кырдаалга байланыштуу “Эркин Тоо” газетасына лакап аттар менен жазууга аргасыз болушкан.
“Эркин Тоодогу” эң биринчи лакап ат – “Айкын”
1924-жылы гезиттин №2 санына Сыдык Карачев “Айкын” деген лакап ат менен кол коюп “Эркин Тоого” деген ырын жарыялаган. Бул “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган эң биринчи лакап ат эле. Буга чейин лакап ат менен кол коюп, чыгарма жазган жазуучулар Касым Тыныстанов менен Токчоро Жолдошев болгон. Жолдошев “Кара-Булак” деген лакап атты колдонсо, Касым Тыныстанов жазган ыр, аңгемелерине “К.Т”, “Кыт”, “Келгин” деген лакап аттар менен кол койгон.
“Эркин Тоонун” 1925-жылдагы 4-санына Касым Тыныстановдун “Койчуман менен Бакачы” деген аңгемеси жарыяланган. Ага Касым “Тагай” деген ат менен кол койгон.
Бөрүбай Кененсариев 1925-жылдагы гезиттин 8-13-сандарына жарыялаган ырларына “Толкун” деген лакап атын жазган. Ал эми 1926-жылдан баштап гезиттин №73 санына басылган “Ким байчыл”, №78 санында “Бозо шайлоо” деген ырларына “Чынчыл” деген лакап атты колдонгон.
“Эркин Тоонун” 1925-жыл, 5-майдагы №19 санына жарыяланган “Май” аттуу ырына Сыдык мурда жазганындай “Айкын” деп кол койсо, ошол эле санда Байсерке Калпаков “Шоокум” деген ат менен “Май майрамы” деген ырын жарыялаган. Ал эми “Эркин Тоонун” 1925-жыл, 20-июндагы №29 санына басылган “Көпөлөк, кайың сыдырма” аттуу ырына Сыдык Карачев “Закым” деген лакап атты колдонгон. Кийинчерээк, 1927-жылы “Эркин-Тоо-нун” №51 санына жарыялаган “Чалкан ырдайт, душман ыйлайт” деген макаласына Сыдык Карачев “Чалканчы” деп кол койгон.
Гезиттин 1926-жылдагы №47 санына “Имла менен атоону (термин) бир жолго салуу керек” деген макаласын Ажыйман Шабданов “Элкин” деген лакап ат менен жарыялаган. Ал эми ушул эле жылдын №56 санына жарыялаган “Элкинге жооп” деген макаласында К.Баялинов “Жол-Булак” деген атты колдонгон.
1926-жылдын №62 санына басылган “Сүйүнүч” аттуу жанытмасында Ыбырай Тойчинов “Тоолук”, №65 санда жарыялаган “Үмүт” деген макаласында Султан Курманов “Учкун”, ал эми №99 санына басылган “Барбы?” аттуу ырына Абдыракман Арабаев “Түн” деген лакап ат менен кол коюшкан.
“Эркин Тоонун” 1927-жылдын №47 санындагы “Котормо жайында” деген макаласына Кусейин Карасаев “Жаркын” деп кол койгон.
“Кызыл Кыргызстандын” 1928-жыл, 2-февралындагы санына басылган “Мактаймын” деген ырына Мукай Элебаев биринчи жолу “Кайнар” деген лакап ат менен кол койгон. Ага чейин ал “Кенемте” деген лакап ат менен макалаларын жарялап турган.
“Кызыл Кыргызстандын” 1929-жылдын 11-сентябрдагы №100 санына жарыяланган “Мурат” атуу сын макаласына Кубанычбек Маликов “Чүй баласы” деген лакап ат менен кол койгон.
Кабарчы Жылкыбаевди кулактар өлтүргөн
Андан сырткары чыныгы аты-жөнү белгисиз, “Көргөн”, “Билген”, “Иниң”, “Соку баш”, “Темир калем”, “Чаян”, “Чиркей” ж.б.у.с. көптөгөн лакап аттар менен жарыяланган макала, кабарларды арбын кездештирүүгө болот. Демек, псевдонимдерди “Эркин Тоо” – “Кызыл Кыргызстандын” өз кабарчы, журналисттери эле эмес, айыл-кыштак, аймактык кабарчылары да кеңири колдонушкан.
Бул жөнүндө “Кыргыз басмасынын пионери” деген макаласында (Китепте: “Турмуш күзгүсү”. Фрунзе. 1965-жыл) Кусейин Карасаев мындайча эскерип жазган: “…Ошол кездеги кабарчылардын көпчүлүгү кабарды, айрым учурларда көлөмдүү макалаларды, ал тургай ырларды да жашыруун ат менен жазып турган. Тап душмандары кээ бир жерлерде жаш кабарчыларды өлтүрүп салган учурлар да болгон. Комсомолец кабарчы Жылкыбаев дегенди түштүктө кулактар өлтүргөн болчу…”
Бирок, буга карабастан журналисттик милдетин так аткарып, коомдо орун алган жагымсыз жагдай, орунсуз окуяларды ачык жазып, жарыялоону уланта беришкен. Кыл чайнашкан “тап күрөшүндө” сын макала жазган журналисттер өздөрүнүн чыныгы атын, фамилиясын жашырып, гезиттик жашыруун ат, башкача айтканда лакап ат менен материал берүүгө аргасыз болушкан.
Кыргыз жазуучулардын лакап аттары:
Лакап ат менен жазышкан кыргыздын тун гезити “Эркин Тоонун” кабарчылары, кийин
кыргыз элине таанымал аттуу-баштуу акын-жазуучу, мамлекеттик ишмер жана окумуштуу болуп чыга келишкен. Алардын тарых барактарында калган гезиттик псевдонимдери:
1.Касым Тыныстанов – Кыт, Келгин, Тагай, К.Т.
2. Сыдык Карачев – Айкын, Закым, Чалканчы
3. Токчоро Жолдошев – Кара-Булак
4. Аалы Токомбаев – Чалкар, Балка
5. Мукай Элебаев – Кенемте, Кайнар
6. Байсерке Калпаков – Шоокум
7. Кусейин Карасаев – Жаркын
8. Ыбырай Тойчинов – Тоолук
9. Касымалы Баялинов – Алысын, Жол-Булак
10. Сатыбалды Нааматов – Эпкин
11. Ажыйман Шабданов – Элкин
12. Султан Курманов – Учкун
13. Айткулу Убукеев – Кубатбек
14. Бөрүбай Кененсарин – Толкун, Чынчыл
15. Узакбай Абдукаимов – Үмүт
16. Саткын Сасыкбаев – Кунт
17. Касымалы Жантөшев – Арсар
18. Зияш Бектенов – Эрик баласы, Чукулдук, Зып
19. Кубанычбек Маликов – Чүй баласы, Кубек
20. Абдыракман Аралбаев – Түн
21. Масыралы Кырбашев – Нур
22. Мамасалы Абдукаримов – Алай
(Зияш Бектенов, “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” 1996-жыл. Бишкек).