Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир тараптуу жол кыймылы уюштуруларын билдирди.
Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы зарыл болгон жол белгилерин орнотот.
Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти шаар тургундарын жана конокторун киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, жолдо этият болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.


