Башкы беткеМаанилүү2026-жылга чейин ички аба каттамдарга социалдык тарифтер киргизилди

2026-жылга чейин ички аба каттамдарга социалдык тарифтер киргизилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылга чейин Кыргызстандын ички аба каттамдары боюнча билет баалары базар баасынан төмөн деңгээлде белгиленди. Баалардын ортосундагы айырма өлкөнүн Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат.

Бул чечимдин негизинде ички каттамдар боюнча билеттердин баасы кескин өзгөрбөйт жана акыркы сааттарда кымбаттап кетүү көрүнүшү жоюлат. Демилге жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга, аймактар аралык байланыштарды чыңдоого жана транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган.

Программа “Кыргызстан аэропорттору” ААКсынын жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда. Президенттин жеке колдоосу менен Турукташтыруу фондунун дотацияларынын негизинде ички аба каттамдар социалдык багыттагы туруктуу тарифтер менен аткарылат.

Мындан мурда ички каттамдардагы билет баалары рыноктук принциптер менен түзүлүп, суроо-талапка жана мезгилге жараша өзгөрүп турган. Бул аймактарга болгон учууларды туруксуз кылып, айрыкча алыскы райондордун жашоочулары үчүн жеткиликсиз болуп келген.

Жаңы демилге аймактардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ички туризмди өнүктүрүүгө, региондордогу чакан жана орто бизнести колдоого жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Ошондой эле Нарын, Талас жана Казарман багыттары боюнча аба каттамдар мурда жумасына 1 жолу аткарылып келсе, 2025-жылдын 4-январынан тарта жумасына 2 жолудан уюштурулат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар