whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомМинсктеги мектепке Советтер Союзунун баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы берилди

Минсктеги мектепке Советтер Союзунун баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы берилди

Минсктеги №11 мектепке Советтер Союзунун баатыры кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, элчиликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын Беларуста жашаган жарандары катышты.

Мектеп окуучулары жана иш-чаранын коноктору алдында сүйлөгөн сөзүндө Эрбол Султанбаев Жумаш Асаналиевдин эрдиги унутулбай турганын белгилеген.

Жумаш Асаналиев Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылып, 1944-жылы гитлерчилерден Беларусту бошотууда эрдик көрсөткөн. 21 жаштагы жоокер Витебскидеги салгылашууда пулемёту менен гитлерчилердин контрчабуулуна каршы салгылашып, пулемёту жараксыз болуп калганда акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да баатырларча курман болгон. Көзү өткөн соң Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар