Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбей турганын белгилешкен.
Бүгүн саат 11:00дө Баткен жана Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери окуя болгон жерде жолугушуп, териштирүү иштерин жүргүзөрү айтылды.
Эскерте кетсек, 7-майда Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде ок атылган.