Ааламды кыймылдаткан акча жаатынан…

Доллар – дүйнөдө эң маанилүү валюта

АКШ доллары бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн негизги резервдик валютасы болуп эсептелет жана көптөгөн улуттук банктардын валюталык резервдеринин эң чоң бөлүгүн түзөт. Доллар дүйнөлүк соодада, эл аралык төлөмдөрдө жана финансы инструменттеринде негизги ролду ойноп келет.

Доллар дүйнөлүк резервдердин дээрлик 57-60% бөлүгүн ээлейт – бул анын мурдагы бийик деңгээлининен төмөн болсо да, чоң артыкчылыгын сактап турат.

2026-жылы доллардын позициясы өзгөрүлүшү күтүлөт

Бир катар аналитиктер доллар дүйнөлүк резервдик валюталык ордун акырындык менен жоготуп жатканын айтышат. Айрым маалыматтарга караганда, доллар рекорддук деңгээлде – акыркы жылдан бери 57% тегерегинде улуттук банктардын резервдеринде жана бул төмөндөө уланууда. Бул “де-долларлашуу” процесси төмөнкү факторлор менен байланыштуу: Кайсы бир өлкөлөр доллардан аз көз каранды болбоону каалашат. Кээ бир борборлоштурулбаган төлөм системалары жана алтын сыяктуу альтернативдик сактоо каражаттары популярдуу болууда. Айрым стратегиялар АКШнын экономикалык саясаттарына байланыштуу сактанууну көздөйт.

Андыктан эксперттердин айтымында 2026-жылы доллардын позициясы бир топ деңгээлге төмөндөшү толук ыктымал. Доллар азыркы учурда күчтүү экономикалык система менен колдоого алынган, бирок ачык саясий жана экономикалык абалдын жоктугу доллардын позициясына коркунуч жаратууда.

2026-жылды белгилеген негизги факторлор: Федералдык резервдин (ФРС) пайыздык чендерди өзгөртүүсү; дүйнөлүк соодадагы өзгөрүүлөр жана инфляция; геосаясий жана соода чыңалуулары.  Бул айтылган факторлор дүйнө боюнча доллардын абалын ар түрдүү абалга алып келе алаарын эксперттер
белгилешет.

Инвесторлор 2026-жылды карап жана алдын ала анализдеп,  бир нече негизги тенденцияны байкашып жатканын маалымдашат. Доллар алсырап жатат – бул ички рыноктордо жана чет элдик базарларда активдердин жаңы баалуулуктарын пайда кылат.Доллардын алсыроосу акциялар, облигациялар, сырьё (мунай, алтын) базарларына таасир берет, айрыкча инфляция жана пайыздык чендердин динамикасында.

Бул алсыроо инвесторлорду доллардан тышкары активдерди да карап көрүүгө мажбур кылууда – мисалы, алтын же башка валюталар.  Өзгөчө акыркы учурда алтындын баасынын рекорддук деңгээлге көтөрүлүүсү, инвесторлорду өзүнө кызыктырууда.

Доллар резервдик валюта катары жеңил төмөндөгөнү менен үстөмдүк кылууну улантат. Бирок ага альтернатива катары  алтын, юань, крипто валюталар жана башка активдер да келип
жатышат.

Евро – өзүнүн позициясын кармоону улантат

Евро  – бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң маанилүү валюталардын бири. Ал эл аралык соодада, резервдик валюта катары жана Европа Биримдигинин экономикалык интеграциясынын символу болуп эсептелет. Еврону киргизүү идеясы XX кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрүнүн экономикалык жакындашуусунун алкагында пайда болгон. 1992-жылы Маастрихт келишимине
ылайык Европа өлкөлөрү бирдиктүү валюта түзүүгө кол коюшкан. 1999-жылы евро алгач эсептик валюта катары колдонулуп баштаган. Ал эми 2002-жылы жүгүртүүгө накталай евро акчалары — банкноттор жана тыйындар киргизилип, улуттук валюталардын ордун басты. Башында 12 өлкө еврозонага кошулса, азыр алардын саны 20дан ашты.

Евронун дүйнөлүк экономикадагы орду

Бүгүнкү күндө евро АКШ долларынан кийинки экинчи ири резервдик валюта болуп саналат. Ал эл аралык төлөмдөрдө, инвестицияларда жана
соода келишимдеринде кеңири колдонулат. Европа Борбордук банкы (ЕББ) евронун туруктуулугун сактоо үчүн акча-кредит саясатын жүргүзөт.

2024-2025-жылдары евро – инфляция, энергия бааларынын өсүшү жана геосая-сий чыңалуулар шартында басымга кабылды. Европа Борбордук банкы инфляцияны ооздуктоо максатында пайыздык чендерди жогорулатууга аргасыз болду.  Эксперттердин пикиринде, евронун курсу көбүнчө АКШнын Федералдык резерв системасынын саясатына, дүйнөлүк рыноктогу туруксуздукка жана Европа экономикасынын өсүү темпине көз каранды бойдон калууда.

Экономисттер 2026-жылы евро салыштырмалуу туруктуу болот деп болжолдошот. Көпчүлүк эксперттердин айтымында: Евро курсу долларга карата кескин төмөндөп кетпейт, бирок олуттуу өсүш да болбойт; Инфляциянын басаңдашы менен ЕББ акырындык менен акча-кредит саясатын жумшартат. Еврозонанын экономикасы жай, бирок туруктуу өсүү жолуна түшөт. Айрым аналитиктер евронун келечеги Европа өлкөлөрүнүн саясий биримдигине түздөн-түз байланыштуу экенин белгилешет. Эгер бирдиктүү экономикалык саясат бекемделсе, евро өз позициясын чыңдайт.

Кыргызстан үчүн тийгизген таасири

Кыргызстанда долларды колдонуу кеңири каралган. Өзгөчө кыймылсыз мүлк, унаа жана башка ири соода алмашууларда, инвестиция жана башка учурларда кенен колдонулат жана анын дүйнөлүк наркынан сом көз карандылыкка ээ болууда. Сомдун курсун стабилдүү кармоо максатында,  Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүүгө барат.

Мисалы, 2025-жылы январда 79 млн. USD сатылды, апрелде – 158,3 млн. USD, сентябрда – 81,5 млн, октябрда – 38 млн. сатылды жана ноябрь менен декабрда эң ири операциялар – 173,9 млн. жана – 179,5 млн. USD сатылган интервенциялар жасалган.  Жалпысынан 2025-жылы Улуттук банк рынокто дээрлик – 853 млн. доллар саткан. Бул көп жылдардагы эң чоң интервенциялык активдүүлүктүн бири болуп, сомдун курсу 87,4 сом чегинде туруктуу калуусуна өбөлгө түзгөн.

Кыргызстанда 2026-жылга карата доллардын абалы

Эксперттер 2026-жылды сомдун курсу боюнча салыштырмалуу туруктуу жыл катары карашууда.  Улуттук банк валюталык интервенцияларды активдүү жүргүзүүгө даяр экенин билдиришет.  Азыркы учурдагы — 87,4 сом/1 USD деңгээли негизги божомолдогу ортолук катары каралууда.

Эгерде дүйнөлүк базарларда доллар бир аз алсыроо тенденциясын улантса жана Кыргызстандын экспорттук кирешелери көбөйсө, сом дагы бир аз бекемделиши мүмкүндүгү айтылат.

Юань жана япон иенасы

Кытай юаны акыркы убакта дүйнөлүк валюталар рыногунда салыштырмалуу чыңалууга дуушар болуп келет. 2025-жылы юань АКШ долларына карата күч көрсөткөн учурлар болгон; айрым инвестициялык мекемелер 2025-жылы юань 4%га жогорулаганын, бул динамиканын 5 жылдагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгилешкен. Бул өсүш негизинен доллардын төмөндөшү жана Кытайдын ички экономикасына инвестиция агымынын күчөшү менен байланыштуу болгон.

Бирок юань дагы деле тар чектерде калып жатат, анткени Кытай бийлиги валютаны өтө тез бекемдөөгө мүмкүнчүлүк бербей, аны контролдоодо жана чоң өзгөрүүлөргө жол ачпай жатат. Бул анын реалдуу көрүнүштө дагы 15–20%га арзаныраак турганына байланыштуу экени айтылууда.

Салыштырмалуу жапон иенасы өзгөчө дүйнөлүк базардагы өзгөрүүлөргө таасири бар. 2025-жылы жана 2026-жылдын башында иена ошол эле долларга карата белгилүү бир диапазондо бир аз бекемдөөгө барып жатканы байкалды. Бул абал кээ бир учурларда Азия валюталарынын АКШ долларына каршы кыймылына байланыштуу каралат.

Көптөгөн инвестициялык банктардын болжолунда, 2026-жылы юань АКШ долларына карата бекемделип, психологикалык маанилүү 7 юань/доллар чегинен өтүшү ыктымал деп болжолдонууда. Айрым эксперттер бул көрсөткүчтү 6,9–6,92 деңгээлине жетиши мүмкүн дешет. Бул бекемдөө тенденциясы Кытайдын экспортунун өсүшү, ички экономикалык көрсөткүчтөрдүн салыштырмалуу туруктуулугу жана доллардын жалпысынан басаңдашы менен байланыштуу. Бирок валюта рыногунун динамикасы ар кандай геосаясий жана соода факторлоруна аябай сезгич экенин унутпоо
керек.

Япон иенасы (JPY) боюнча күтүүлөр бир кыйла айырмалуу:

Кээ бир аналитиктер Жапония Борбордук банк жаңы пайыздык чендерди көтөрүп, инфляцияны көзөмөлдөө менен иенаны бекемдешине шарт түзүшү мүмкүн деп эсептешет. Башка божомолдордо, USD/JPY курсу 2026-жыл ичинде 146 айланасында (бир доллар – 146 иена) болушу мүмкүн деген күтүүлөр бар.

2026-жылга карата эксперттер юаньды салыштырмалуу бекем валюталардын катарына киргизип жатышат жана анын долларга карата бекемдөө мүмкүнчүлүгүн белгилешет. Ал эми япон иенасы бир топ өзгөрмө болуп, айрым аналитиктер аны бекемдөөчү тенденцияда көрүшсө, башкалар иенанын курсунун туруктуу диапазондо кала беришин болжолдошууда.

Гүлмайрам  РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз