whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.01.2026
-12.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомИталия Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар

Италия Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириелли жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу саясий байланыштардын активдешүүсүн канааттануу менен белгилеп, соода жана инвестиция сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде министрдин орун басары Чириелли Италиянын Борбордук Азия чөлкөмү жана Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Тараптар эл аралык күн тартибин, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун алкагында кызматташуусун, атап айтканда, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгени алга жылдыруу жана 2027-жылы Бишкекте Глобалдык тоо саммитин өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Италиянын тышкы иштер министринин орун басары баштаган делегация Кыргызстанга кыргыз-италиялык тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларына катышуу үчүн келген.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар