Жакында өлкөнүн илимий-академиялык коомчулугу педагогика илимдеринин доктору, профессор Джоомарт Усубакунович Байсаловдун (12.01.1949 – 8.07.2020) 75 жылдыгын белгилемекчи. Билим берүү жана илимий изилдөө ишмердигине арналган 50 жылдык өмүрүндө ал Кыргызстандагы педагогика илиминдеги дидактика жана математиканы окутуу усулу чөйрөсүнүн өнүгүшүнө кандай салым кошкон болсо, чөт өлкөлөрдөгү илимдин бул багытына да ошондой эле салмактуу салым кошкондугун айтпай кетүүгө болбойт. Анын өмүр жолундагы негизги этаптарды салттуу түрдө белгилейбиз.
Дж. Байсалов Ысык-Көл облусунун Темировка айлында жарык дүйнөгө келген. 7-класска чейин Ысык-Көл районундагы эң чоң мектеп болуп саналган Т.Сатылганов атындагы №1 мектеп-интернатында (азыркы Э. Керимгазыев атындагы орто мектеп) билим алган. 9-10-класстарды Жети-Өгүз районунун Оргочор айлындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектептен окуп бүтүргөн.
Пржевальск мамлекеттик институтун ийгиликтүү аяктап (1970), Дж.У.Байсалов математика мугалими катары эмгек жолун баштаган. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин (1971-1972), Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунда усулчу болуп иштеген (1972-1974), Бишкек шаарындагы Кыргыз ССРинин Илим-изилдөө институтунда кенже илимий кызматкерден тартып, бөлүм башчы кызматына чейинки кызматтарды аркалаган (1974-1992). СССРдин Педагогикалык илимдер академиясынын аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүн бүтүрүп, (1982-1985), Дж.Байсалов В.И.Ленин атындагы Москва педагогикалык институтунун профессору, педагогика илимдеринин доктору Григорий Глейзердин илимий жетекчилигинде, Москва ш. Педагогикалык илимдер академиясынын илимий изилдөө институтунда педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргогон (1986). 1990-1995-жж. аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент катары эмгектенген, 1994-ж. “Математиканы окутуу усулу” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган.
XX кылымдын акырында Казакстандагы Абай атындагы Алма-Ата университетининин бир жылдык докторантурасын бүтүрүп, КР УИАнын академиги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор А.А.Бөрүбаевдин жана Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Е.Абылкасымованын илимий кеңешинин алдында 13.00.02 – математиканы окутуунун теориясы жана усулу адистиги боюнча, 1998-ж. педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын мөөнөтүнөн мурда коргогон. 2000-жылы педагогика илимдеринин доктору диплому Кыргыз Республикасынын кайра аттестациялоо жөнүндөгү нострификациясынан өткөрүлгөндөн кийин, ага профессор окумуштуулук наамы ыйгарылган (2001).
Профессор Дж.Байсалов 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогика жана билим берүүнүн тарыхы, 13.00.02 — окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (математика, информатика), 13.00.08 — Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн теориясы жана усулу багыттары боюнча илимий чөйрөдөгү таанымал эксперт болуп саналат. 1998-2000-жылдар аралыгында КР Улуттук аттестациялык комиссиясынын эксперттик комиссиясынын мүчөсү, КР өкмөтүнүн алдындагы илим жана интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик агенттиктин эксперти (2002-2006), Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын психологиялык-педагогикалык илимдери боюнча эксперттик кеңештин төрагасы (2006-2010), Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Президиумунун төрагасы (2010-2013) болуп турган.
Атайын кеңештин курамында (2001-2007), диссертациялык кеңештерде: Д.13.13.007 (2014-2016); Д.13.16.526 диссертациялык кеңештин төрагасы (2016-2018); Д 13.18.577 диссертациялык кеңешинин төрагасынын орун басары катары эмгектенип (2018-2020), педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо багытында республикабызда бир топ илимий кадрларды даярдаган.
Дж.Байсалов кыргыздын усулдук илимдерин чет элдик усулдук илимдерге жакындатууда, ата мекендик окумуштууларды чет өлкөлүк коллегаларынын илимий эмгектери менен тааныштырууда чоң роль ойноп, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык академиянын (2004), Эл аралык маалыматташтыруу академиясынын академиги (2016) катары таанылган. Ошондой эле чет өлкөлөрдө: немецтердин дидактик-математиктер коомуна (1998), Россиянын педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын (2000), Россиянын табият таануу академиясынын академиги болуп шайланган.
Бир топ чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын: Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин ( Алматы ш.), Кожо Акмат Яссави атындагы Казак-Түрк Эл аралык университетинин (Түркестан ш.), Е.А.Букетов атындагы мамлекеттик университеттин (Караганда ш.), Леся Украинка атындагы Чыгыш Европа университетинин (Луцк ш.) “Ардактуу профессору” болуп саналат.
Факультеттин деканы, диссертациялык кеңештин төрагасы, эксперт катары иштеп турган учурунда жоопкерчиликтүү иштеринин көптүгүнө карабай, өзү жетекчиликке алган изденүүчүлөргө, аспиранттарга кеп-кеңеш айтып, багыт берүүгө убактысын аяган эмес. Анын натыйжасында устаттын жетекчилиги астында педагогика илимдеринин 1 докторлук, 22 кандидаттык, 1 Казакстандын Phd доктору окумуштуулук даражалары корголду. Джоомарт Усубакунович окуучуларын жеке турмушунун каалаган этабында изилдөөчү болуп калышы мүмкүн экендигине ишеним жаратты. Анын дал ушул принципиалдуу позициясы ар бир аспирантынын, докторантынын илимий изилдөөсүн өнүктүрүп ийгиликке жетишине шарт түздү. Эмгекти сүйгөн, алысты көрө билген Джоомарт Усубакунович илимий-педагогикалык адистерди даярдоонун катарында жетекчилик багытындагы кадрларды даярдоого да өзгөчө салым кошкон тубаса жетекчи эле. Профессор бир топ жыл аралыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин математиканы, физиканы, информатиканы окутуу усулу кафедрасын (1995-1998), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин жогорку математика жана окутуунун жаңы технологиялары кафедрасын (1998-2002) жетектеген. Анын кесиптик ишмердиги өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика институту (азыркы педагогика факультети) менен тыгыз байланышта жүрдү. Тагыраак, айтканда, 18 жыл аралыгында (2002-2020-ж.ж.) ал институттун жетекчиси катары үзгүлтүксүз иштеди.
Джоомарт Усубакуновичтин уюштуруучулук чеберчилиги аркылуу калыптанып, өнүгүшүнө шарт түзүлгөн педагогика факультети бүгүнкү күндө да И.Арабаев атындагы университеттин мыкты түзүмдөрүнүн бири болуп саналат. Көптөгөн аспиранттары анын уюштуруучулук тажрыйбасын, командалык иш ыкмаларын өзүнө сиңирип, Ош, Бишкек, Талас, Жалал-Абад шаарларындагы ар кандай жогорку окуу жайлардын жетекчилик кызматтарында: кафедра жана бөлүм башчысы, проректор, департаменттин директору кызматтарын ийгиликтүү аркалап келишет.
Профессор математиканы окутуунун актуалдуу маселелери боюнча эл аралык конференцияларда баяндамалар менен чыгып, Германия, Түркия, Кытай, Испания, Росия, Украина ж.б.у.с. көптөгөн өлкөлөрдүн илимий басылмаларынын көргөзмөсүнө катышып, коомдук жана илимий ишмердиктин үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барган. Анын жыйынтыгында XXXVIII эл аралык «Livre Paris» (2018), «Liber Barcelona» (2018) окуу-усулдук басылмалардын дип-ломдору жана медалдары менен сыйланган. Педагогика жана математиканы окутуунун усулу боюнча ал 210дон ашык илимий, илимий-усулдук эмгектин автору. Алардын арасынан эки монографиянын, отуз окуу-усулдук колдонмонун, патенттин жаратманы болгондугун белгилеп айтууга болот.
Джоомарт Усубакуновичтин каар-ман эмгеги ЖОЖдордун жетекчилиги, туулуп-өскөн шаары, бүтүндөй республика тарабынан жогору баа-ланды. Тагыраак айтканда, билим берүүгө жана илимге кошкон өзгөчө салымы үчүн ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2011), КР Билим берүү жана илим министрлигинин (1999), Кыргызстан калктарынын ассамблеясынын (2016) ардак грамоталары, И.Арабаев атындагы КМУнун медалы, Россиянын табият таануу академиясынын Улуу Екатерина ордени (2018-ж. Москва ш.) менен сыйланган.
Ысык-Көл районунун “Ардактуу атуулу” ардактуу наамдын ээси (2016), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы (2000), Билим берүү жана илимдеги профсоюз кыймылынын мыктысы (2013), Казакстан Республикасынын Алтынсарин атындагы Билим берүү академиясынын Ардак грамотасы (1999), Мамлекеттик тил комиссиясынын медалы (2012), Россиянын табият таануу академиясынын илим жана техникага эмгек сиңирген ишмери (2018), КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (2019) ардактуу наамдарын алууга жетишкен.
Дж.Байсаловдун өмүр баяны математикалык жана усулдук билим берүүнү өнүктүрүү жолундагы талбаган эмгегин ачык-айкын чагылдырып турат. Анын инсандык артыкчылыктары жаш илимпоздорго түбөлүктүү үлгү болуп саналат. Ошондон улам, анын жаркын элеси кесиптештеринин жана шакирттеринин эсинде түбөлүк сакталат.
Аида КЕЛДИБЕКОВА,
пед. илимдеринин доктору,
Ош мамлекеттик университетинин
профессору