Эмгекчил адамдарды тээ илгертеден эле жалпы эл-журту кадырлап, сыйлаары баарыбызга белгилүү. Мындай инсандар өмүр бою бир гана адал эмгек менен күн өткөрүшөт. Андай адамдарды мээнеткеч деп да коюшат. Эмгекчил менен мээнеткеч, бири-бирин тоолуктап турат, булар абдан изденгич, жандары тынбаган адам экендигин тастыктайт. Алардын артында жакшы из калат, эли-жери эмгектерин унутушпай, дайыма эскерип келишет. Чынында эле мээнеткеч, эмгекчил адамдар – акылдуу адамдар. Алар таман акы, маңдай терлери менен өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, мамлекетибиздин өркүндөп өсүшүнө да чоң салымдарын кошушат. Мына ушундай асыл адамдардын бири биз кеп кыла турган Барыктабас Ташматов алтын чөйчөк аталган Тогуз-Торо аймагынын атактуу мугалими болуп саналат.
Ушул жылдын май айында бул өрөөндүн эли-журту ал аксакалдын 90 жылдык мааракесин чоң салтанат менен белгилеп жатышат. Ал 1933-жылы 1-майда Тогуз-Торо районунун Атай айылында Каракучкачтын уулу Ташматтын үй-бүлөсүндө тө-рөлүптүр. Атасы Ташмат мергенчи, өз оокатына тың адам болгон экен. Айылдагы элди жокчулук учурда кийиктин эти менен баккан деп айтышат. Ал эми Ташматтын апасы Сейил түштүктүн кызы болгондуктанбы, айтор Тогуз-Торого алгачкылардан болуп алма-өрүк тигип, өстүргөн адам болгон. Барыктабас Ташматов 3 жашка чыкканда апасы Токтокан оорудан каза болуп, чоң энеси Сейилдин тарбиясын алат. Кийин атасы Ташмат экинчи жолу Мария аттуу аялга үйлөнгөндө бир гана суранычын: баласын жакшы кароону өтүнгөн экен. Мария апасы да Барыктабаска бир дагы жаман сөз айтпай асыраганын өзү кийин айтып кеткен дешет.
Барыктабас Ташматов 1952-жылы Казарман орто мектебинен 10-классты бүтүрүп, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы 2 жылдык педагогикалык институтка тапшырып, андан кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин алган. Алгач Тогуз-Тородогу “Кызыл-Жылдыз” колхозуна караштуу Кара-Чий айылындагы 7 жылдык мектебинде мугалим болуп иштейт. 1955-1979-жылдары Атай орто мектебинде 25 жыл үзгүлтүксүз директор болуп эмгектенген, ошол учурда Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин сырттан окуп бүтүрүп, жогорку билимге ээ болот. Ошол кездеги “Бирдик” колхозунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген Тоту Мойдунов бул атактуу мугалимди мындайча эскерип кеткен экен:
– Мыкты педагог Барыктабас Ташматов Советтер Союзунун алтын доору мезгилинде мектептин директору болуп иштеп калды. Ал кезде Барыктабас иштеген Атай айылы мен башкарган “Бирдик” колхозунун аймагында боло турган. Айылда жалгыз эле мектеп бар болчу, анын директору Ташматов Барыктабас-тын эл арасында кадыр-баркы жогору эле, айылдын эли кичинесинен чоңуна чейин сөзүн эки кылчу эмес. Ошондуктан Барыктабаска таянып, айылдагы элдердин тартибин сактоо, тартипсиздерин, урушкандарын тыйып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, башкарма болуп иштеп турганда мага көп жардам берди. Экөөбүз абдан жакшы мамиледе жүрдүк, кийин Фрунзеге көчүп кеткенден кийин дагы мамиле үзүлгөн жок. Абдан эстүү, адамкерчилиги жогору, колунан келген жардамын адамдардан аябаган жакшы жолдош эле.
Б.Ташматов кийин турмуш-шартына карап Фрунзе шаарына көчүп келип, өз кесибин улап, 1979-1985-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда улуу илимий кызматкер болуп иштеп, 1-3-класстардын мугалимдери үчүн бир нече окуу-усулдук китептерди мурас катары жазып калтырып кетти. 1985-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда улуу окутуучу болуп иштеп, өлкөдөгү кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин билимин жогорулатууга зор эмгек сиңирген. Ошол жылдары Б.Ташматов республиканын мугалимдери үчүн бир нече усулдук сунуштамаларды чыгарып турган.
Тогуз-Торонун аттын кашкасындай таанымал агартуучусу Б.Ташматовдун көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата юбилейлик медаль, “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “Эмгек ардагери” медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги ардак төш белгилерине татыган. Өзү туулуп-өскөн айылдаштарынын арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон, улуу-кичүү дебей «Бакы» деп өтө сыйлашкан улуу инсан өзгөчө калыс-тыгы, адамкерчилиги, камкордугу менен айырмаланганын жердештери азыр да бир ооздон айтып жүрүшөт. Фрунзеге келгени ал кезде жогорку билимдүү кадрлар аз болгон алыскы райондун, анан да өз айылынын көп уул-кыздарын жогорку окуу жайларына окутуп, тарбиялап, элдин ыраазычылыгын алган да экен. Ошондуктан, айылдын эли жапырт бир кишидей мектепти атынан коюуга демилге көтөрүшүп, 1993-жылы каза болгондон кийин атын айылдагы мектепке коюшуп алышкан. Азыр Тогуз-Тородогу Атай айылындагы мектеп аны бир убакта 25 жыл жетектеген атактуу педагогдун ысымынан «Барыктабас Ташматов атындагы орто мектеп» аталып келатат. Мектептин алдына атактуу мугалимдин эстелиги коюлган, атайын музей уюштурушуп, анда анын эмгектери, урунган буюмдары, сүрөттөрү ирээти менен коюлган. Артында калган уул-кыздары атасынын атынан стипендия уюштурушуп, ар жылы мыкты окуган окуучуларга жана алдыңкы мугалимдерге ыйгарып келишет. Ал түгүл Б.Ташматов атындагы ардак төш белги да жасатышып, аны да окуу жылы аяктаарда окууда жана эмгекте айырмаланышкандарга тапшырышат. Айтор, атактуу мугалимдин уул-кыздары анын атын сыймык менен алып жүргөн мектеп менен ар дайыма тыкыз байланышта болуп келатышат.
Ташматов Барыктабастын үй-бүлөсү жөнүндө да учкай айта турган болсок, жубайы Мураталиева Карыбүбү экөө кыздары Гүлайым менен Эркайымды, уулдары Жеңишбек менен Камедилди татыктуу тарбиялап өстүрүштү. Уул-кыздары ар кыл кесиптин ээлери болушуп, турмуштан өз орундарын табышып, бала-чакалуу болушкан. Карыбүбү апа балдарынан небере-чөбөрө көрүп, 78 жашында каза болот.
“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” деп алп акыныбыз Аалы Токомбаев айткандай, алтын чөйчөк өрөөндүн Дүйшөнү Барыктабас Ташматовду жердештери жакында зор салтанат менен эскерүү алдында турушат. Атайын райондук деңгээлде илимий-практикалык конференция өткөрүү пландалууда, анда Б.Ташматовдун педагогдук ишмердүүлүгү тууралуу орчундуу ойлор ортого салынмакчы, ага Бишкектен да мыкты окумуштуулар чакырылган.
Бедил КАДЫРКУЛОВ