Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Акындардын төрөсү эле…

Акын Жолдошбек Зарлыкбеков экөөбүз Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө беш жыл окуп, «Алтын бешик» жатаканасында бир бөлмөдө бирге жашап да калдык эле. Тагдырдын жазганы ушул экен, эми анын түркүн кылык- жоруктарын, дүйнөлүк классик акындарды казып окуганын, сулуу кыздарды сүйүп-күйүп далай ырлар жазганын, жакшы китеп көрсө кыя өтпөй «кымырып» алганын, ал түгүл Ленин (учурдагы Алыкул Осмонов) атындагы китепканадан китеп уурдап, аз жерден окуудан чыгып кала жаздаганын, немис тил мугалимин шылдыңдап, ал эжей декан Сансызбай Иманалиев агайга даттанганын эстеп турам.

Ал абдан сыпайы, сылык, элпек жан эле. Терең эле, ошол тереңдиккке өзү чөгүп, бир китебин чыгарбай кете берди. Бир далайыбыз стипендия алыш үчүн, жакшы баа алыш үчүн жан талашып, марксизм-ленинизмди, тишибиз өтпөгөн сабактарды жаттап жүрсөк, Жоке сабакта лекция жазбай, ыр жазып, кыялга батып, өз дүйнөсү менен болуп, эң арткы партада, куркуйган башын катып ыр дүйнөсү менен алек болуп отурчу эле. Же түнү менен китеп окуп, сабакка барбай же китепканадан башы чыкпай, андан келатып, пивоканага чалынып, же бир вино көтөрүп келип, курсташтары Дүйшөн, Молдосалим, Барчынбек болуп, аны бөлө тартышып, кийинки курстагы балдарды кайра виного жумшап, аларды тамашалап, ырсалактап, оозун басып күлүп калаар эле. Ал тубаса маданияттуу, ак сөөк жан эле. Күлгөндө да санын чаап, каткырып күлбөй, сыпайы оозун жаап, сүлкүлдөп күлүп калчу. Отурган жерде элдин боорун эзип, күлкүгө бөлөп салчу.

Окуудан дайыма эки сабактан карызы болчу. Дене тарбия менен чет тил сабагын жек көрчү эле. Ал немис тилинен «айн, свайн, немис тилинин энесин урайын» деп коюп Абилова деген эжейге жакпай, деканыбыз Сансызбай Иманалиев агайдын айкөлдүгү менен зачет алганы да кызык окуя. Эжей агайга арызданып барса, агай кайра эжейге «айланайын Калыйкан, сен өзүң Германияны көрбөй туруп немис тилин окутуп жатпайсыңбы, Зарлыкбеков Германияда аскердик кызмат өтөп келген. Билгенинен «айн, свайн..» деп жатат да, зачет коюп берип кой, стипендиядан куру калбасын байкуш бала» деп чын дилинен сага күйүп, эжейдин жанын кашайткан.

Эжей эмне дээрин билбей күйүп-бышып, аргасыздан күлгөнүн Жолдошбек өзү кайра жомок кылып, бизге айтып, факультетке жайып жиберген.

Студент кезинде эле «Кыргызстан маданияты» жумалыгына корректор болуп орношуп, адабият чөйрөсүнө бат алынып, окууну бүтөөрү менен ошол учурдагы эң таасирдүү «Ленинчил жаш» гезитине кабарчы болуп, далайдын ичин күйгүзүп, журналистикага баш оту менен кирип кетип, ыр жазууну өгөй баладай карап калганыңды көрүп, “бир мыкты акын эрте өчүп баратат” деп койдум эле. Жокенин өзүнө да далай жолу айттым: “Поэзияны таштаба, китебиңди чыгар” деп…

Былтыр университетти бүткөнүбүзгө 37 жыл болгон. Группалаштар бир чогулуп, өткөн-кеткенди, Жокени эскерип, анын жоруктарын айтып, бир чер жазып алдык.

Ал алыска чуркаган, дайыма табында турган аргымактай эле. Аны далай редакторлор «минип» кызматын көрүп, гезиттин баа-баркын көтөртүп, анан «бул ичет экен» дешип, итке салып берип, четке чыга беришкен учурлар да болду. Жаш баладай энөө, жан дүйнөсү таза жан эле.

Элди туурап, айланасындагы “карышкырларды” көрүп, карышкыр болгусу келчү, түлкүдөй жойлогон тиги жээкте, бул жээкти бирдей жайлаган алчы-таасын жеген жалданып, баарын жайлаган журналисттерди көрүп, түлкүдөй болгусу келчү. Бирок, карышкыр да, түлкү да бололбады. Коңкоюп, редактору сок дегенди согуп, тузда дегенди туздап жазып, өзү азабын тартып жүргөн учурлар да кездешти.

Бир карасаң абдан назик, абдан сыпайы, жоош жан эле. Бирок жооштон жоон чыгар дегендей эле болчу. Сыртынан жоош, момун көрүнгөнү менен ички дүйнөсү буркан-шаркан кайнаган  жылма тентек эле. Тили калемпирдей курч, болоттой өткүр, макалалары чучукка жеткидей таамай болчу. Кезинде кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге көтөрүп, далай гезиттин жүзүн ачкан күжүрмөн дыйкан калемгер болду. Ал иштебеген гезит калбагандай. «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш», “Жаштык жарчысы”, «Эркин Тоо», «Асаба», “Агым»”, “Бишкек таймс”, «Аалам», “Де-Факто” гезиттеринин тегирменин айлантып, майын чыгардың.  «Күндө жазсаң күндө жок, күндө гезит жеп коет» болуп жүрүп, бармак тиштеп өкүнүп да жүрдүң. Гезиттердин күнүмдүк тегирменинде айланып, күлгүн жаштыгың, ырларың артта калып, элүүдөн ашсаң дагы бир китебиңди чыгара албай, арманда кете бердиң…

Анан  бир китеби жарык көрбөй туруп, СССРдин жазуучулар союзуна мүчө болгон жалгыз акын сен болдуң, Жоке!  Мыкты таланттуу котормочу болуп, Гейненин, Стаффтын, Рилькенин жана башка классиктердин ырларын кыргызча сүйлөттүң.

1997-жылы бир нече журналист болуп Москвага бир айга стажировкага барганыңды, ошол маалда орустун мыкты акыны Андрей Вознесенский жана башка интеллектуалдары менен таанышканыңды мактанып айтып калаар элең…

«Турар» басмасынын директору Тилек досубуз сенин чыгармачылыгыңды баалап, демөөрчүлүк кылып ырдан, кара сөздөн турган жыйнагыңды чыгарып берүүгө убада кылса дагы кенебей же оорунун айынан чыгынып барбай, чыгармаларың жарык көрбөй кала берди. Алар эки-үч томдук китеп болмок.

Билем сенин далай ырларың жоголуп, ар кайсы редакцияда калып кетти. Окуп жүргөндө илхам келип калганда, гезиттердин актай четине же китептин актай булуң бурчуна ырларыңды жазып калаар  элең. “Жоголгон бычактын сабы алтын” дегендей, кээ бир табылбай калган чыгармаларыңа менин деле ичим ооруп, кейип калам. Сенин публицистикалык макалаларың, прозалык чыгармала-рың, котормолоруң деле эки-үч китеп болмок.

Алдаганды билбейт элең, элди туурап бизнес кылам деп, банкрот болуп, карыздан араң кутулганыңды айтып калаар элең. Арман-күүңдү сыртка чыгарбай ичиңен эле өзүңдү кыйнай берген, өзүңдү өзүң жей берген адатың бар эле. Кокусунан алдамчыларга туш болуп калып үйүңдү күрөөгө кое салып акча алып берип, аның качып кетип, банктан алган акчанын пайызы өсүп анын азабын тарттың.

…Балага зар болуп, ичтен сызып, бул тууралуу жан кишиге айтпай, арманың ичиңде кете берди окшойт, Жоке. Автобустарда түшүп калган наристелердин бир түгөй башмактарын, бут кийимдерин ырымдап бир нече баштык кылып чогултуп жүргөн экенсиң!

Ушуларга кейип, ичимдиктен күчүңдү чыгарып, сени сары-санаа, арман жеп койду. Чачылган-чабылган сага Асия жеңе, бир тууган карындашың Алтынай гана түттү окшойт. Куркулдайдын уясындай болгон бөлмөсүндө дүйнөлүк акындардын китептери батпай, Асия жеңеден далай тил угуп, колуңан китеп түшпөй жүрөөр элең. Ай, Жоке, арманың, сырың ичиңде өзүң менен кошо кете берди окшойт.

…Жакшы көргөн жездең Алым Токтомушовдун, айылдаш акын эжең Шербет Келдибекованын артынан Жокем да түбөлүккө сапар алып кете бердиң…

Сен тууралуу эскерүүлөр али алдыда. Сенин жан-дүйнөң, чыгармачылыгың, кылык-жоругуң бир-эки баракка батаар эмес. Жакын арада кочкорлук агайын-туугандардын, бир туугандарыңдын демилгеси, колдоосу менен китептериңди окуп калгыбыз бардыр.

60 жылдыгың дагы белгиленбей калды эле. Эми 65 жылдыгыңды 15-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада белгилеп, чыгармачылыгың тууралуу кеп кылалы деп турабыз. Сен тууралуу эскерүүлөр, адабиятчылардын пикирлери далай айтылаар.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын
маданиятына
эмгек сиңирген ишмер

Жолдошбектин төрт саптары

Каргалар учат топ-топ салп-салп этип
Жүрөгүм каккан сайын ирмем өчүп.
Жаш чакта кең ааламга мен кетчү элем,
Баратат эми менден аалам көчүп.

* * *

О Алла, сени унуттум,
Калп айтып жаткан кезимде
,Сен турган жоксуң эсимде.
Кыйды, көө, абжөөр бурутмун.
* * *

Акын калкы ак жүрөк да, аңкоо калк,
Он ыр жазса, алда кокуй алтоо калп.
Халтурщиги халал эт жейт, калганы
Дубалына мык какпаган жалкоо калк
.

* * *

Лакылдап жайкы закым көчү жүргөн,
Суусаган жол акактап чуркайт көлгө.
Дирилдеп торгой асман түпкүрүнөн,
Суусаган август чаңкап үзүм желге.

* * *

Картайган алсыз жылдыздар,
Саржарык отун жагышты.
Келатам тоодон алыскы,
Ат жалын сылап кар учту.

* * *

Турмушумду келет сенин башкаргың,
Сен жок кезде казан кургап ач калдым.
Сен бар кезде ак булутту жаздандым,
Бакылдадым башын сүйлөп асмандын.

* * *

Жоргодон туулган жоргокту айт,
Баатырдан туулган коркокту айт.
Устадан туулган чоркокту айт,
Сындуудан туулган сөлпөктү айт.

* * *

Беймаза, кутум тукуму,
Кайрыдин кесеп жарыбайт.
Жабышкак жаскак учугу –
Ач көздүк гана карыбайт.

* * *

Эчен эрен жеди, калптан жөтөлдү,
Көмөчүнө күлүн тартып, жеке өлдү.
Ата Журтуң турган тушта сыркоолоп,
Көпкөн адам сүйө алабы Мекенди?

* * *

Нилдин башы Судандан,
Пил тумшугу кудайдан.
Сендей сулуу – тилдүүнү,
«Жарым бол» деп суранбайм.

* * *

Ар оттун башын үйлөгөн,
Ак үйдүн сөзүн сүйлөгөн.
Ары жок арам күн менен,
Ал дагы өттү дүйнөдөн.

* * *

Өмүрүңдө кесир кезиң,
Өлүмүңдүн кечин берсин.
Ээ-жаа бербей эсиргенсиң,
Кудай аның кечирбесин.

* * *

Табытыңа тактай тилди,
Кабырыңа кирпич куйду –
Сен өлгөндө жыргап күлдү,
Сенден митаам, сенден кыйды.

* * *

Сүйгөм сени – ал бир чындык кашкайган,
Тангам сени – күнөөм туруп актангам.
Көрдүм сени – саамайыңды ак чалган,
Өптүм сени – көздөрүңдү жаш чайган.

* * *

Бирде жигит – банкрот,
Бирде жигит – Жан Клод.
Таза болот, так болот,
Кечки жооптон таңкы жооп.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар