whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарЧүйдө “Америка ыр сынагы-2024” конкурсунун жарым финалы өттү

Чүйдө “Америка ыр сынагы-2024” конкурсунун жарым финалы өттү

Лебединовкадагы С.Чокморов атындагы маданият үйүндө “Америка ыр сынагы — 2024” конкурсунун алкагында Американын музыка индустриясынын дүйнөлүк хиттери жаңырды. Мэрайя Кэри, Уитни Хьюстон, Тони Брекстон өңдүү көптөгөн белгилүү ырчылардын ырларын ар кайсы облустардан келген окуучулар жандуу аткарышты.

Салтка айланган “American Song Contest 2024” сынагы Кыргызстанда 14 жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чара АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен “Лингуа” инновациялык билим берүү коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Долбоордун жетекчиси Махабат Мелисбекованын айтымында, быйыл «Америка ыр сынагы -2024» сынагына Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарынан келген жогорку класстын окуучулары катышкан. Ал эми жарым финалга 25 мыкты окуучу тандалып алынган

Финалда Чүй облусунан Изат Асакеев, Алия Эралиева, Айдана Мусаева ат салышат. Сынактын бардык катышуучулары сынакка катышкандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болушту, эң негизгиси, алар айтып бүткүс тажрыйба жана унутулгус эмоцияларга ээ болушту.

Сынактын негизги максаты — таланттуу жаштарды аныктоо жана өнүктүрүү, Америка Кошмо Штаттарынын маданияты менен таанышуу жана англис тилин үйрөнүү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар