Кыргызстанда 2012-жылдан бери майдын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү катары белгиленип келет. Быйыл ал 19-майга туш келди. Энелер күнү үй-бүлө очогун сактоочуларга – энелерге таазим кылууга жана сый-урмат көрсөтүүгө үндөйт.
Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына таянсак, 2024-жылдын 1-январына карата республикада жалпы 3 млн. 619 миң аял бар. Башкача айтканда, алар калктын жалпы санынын 50,5%ын түзөт. Мында шаар жерлеринде 1 млн. 311 миң аял жашаса, айыл жерлеринде 2 млн. 308 миң аял жашайт.
2023-жылы өлкө боюнча15-55 жаштагы 146 миңден ашуун аял эне макамына ээ болушкан. Алардын 27%га жакыны биринчи жолу эне болушса, 35%га жакыны экинчи жолу эне болушкан. 13% жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болушкан. 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөгөндөрдүн саны көбөйгөнү байкалган. Алсак, 2023-жылы 1298 эгиз (2022-жылы – 1001) жана 14 үч эм (2022-жылы – 4) төрөлгөн. Белгилей кетсек, былтыркы жылы тун баласын төрөгөн эң жаш энелер Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында катталган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча төрөттөрдүн ортосундагы аралык эки жылдан аз убакытты түзгөн балдардын төрөлүшүнүн үлүшү 32%дан ашкан, ал эми аралыгы үч жылды түзгөндөр 42%га жакындаган. Бирок изилдөөнүн маалыматтары күбөлөндүрүп тургандай, бала төрөөнүн эки жылдан аз аралыгы жана тез-тез төрөө аялдарда аз кандуулукту, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөт учурунда кыйынчылыктарды жаратат.
2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү белгиленүүдө. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен 3 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү.
Бул күнү коомдун өркүндөп-өсүшүнө зор салым кошуп келе жаткан энелерге таазим кылып, алардын эмгеги бааланат. Жети же андан ашык балалуу энелерге Баатыр эне наамы ыйгарылат. 1997-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалын алгандардын жалпы саны 40 миңден ашкан.
Энелер күнү – коомдогу энелердин ролуна арналган, кеңири белгиленген майрам. Бул майрам дүйнөнүн 40тай өлкөсүндө майдын экинчи жекшембисинде белгиленип жүрөт.
АКШда Энелер күнү 1914-жылдан бери улуттук майрамга айланган. Буга Анна Жарвистин эмгеги чоң экени белгилүү. Ал апасынын өлүмүнөн кийин Энелер күнүн мамлекеттик деңгээлде белгилөө керек деген идеяны көтөрүп чыгып, акыр аягына чейин күч-аракетин жумшаган. Жарандык активист Анна Мария саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үчүн күрөшкөн.
Анна Мария Америкада аялдардын башын бириктирген уюм түзүп, жакыр бүлөлөргө дары-дармек алып турууга көмөк көрсөткөн.
АКШ президенти Вудро Вильсон Энелер күнүн мамлекеттик майрам катары белгилөөгө макулдук берген. Анын артынан дүйнөнүн ондогон өлкөлөрү бул күндү расмий белгилей башташкан. Мисалы, Арменияда 7-апрелди Энелер жана сулуулук күнү катары майрамдашат. 1990-жылдары өлкө эгемендүүлүккө жеткенден кийин 8-мартты мамлекеттик майрамдардын катарынан чийип, анын ордуна Энелер күнүн киргизүү идеясы болгон. Жыйынтыгында армяндар азыр эки майрамды тең белгилейт. Энелер күнү Арменияда диний майрамына дагы туш келет. Бул күнү боюнда бар аялдар чиркөөгө барып сыйынышат.
Эске салсак, ушул жылдын башында Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Аталар күнүн негиздөөнү демилгелеп, ал иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Долбоордун максаты — коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын белгилөө, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоо жана эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. “Аталар күнүн белгилөө балдарды тарбиялоого жана үй-бүлөсүнө кам көрүүгө жигердүү катышып жаткан аталарды даңазалоого мүмкүндүк берет. Мындай колдоо бала тарбиялоо эненин гана милдети деген стереотиптерди жоюуга өбөлгө болот. Ата менен уулдун ортосундагы эмоционалдык байланышты өнүктүрүүнү, сый-урматты калыптандырууну камтыйт”, – дейт депутат.
Эл өкүлү аталарга арналган күн АКШ, Австралия, Италия жана Японияда майрамдаларын мисал келтирген. Медер Алиевдин мындай демилгесин: “Коомдо ата баркын көтөрүү керек”, – деп колдогондор да, зарылчылыгы жок дегендер да болду.
Анара Арзыбай кызы, «Кыргыз Туусу»