Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Айтматов районунун акими Бектур САГЫМБАЕВ: “Ири инвестицияларды тартып, ишти илгерилетип жатабыз”

  Район 1930-жылдын 1-сентябрында Кыргыз АССРнин административдик аймактык кантону болуп түзүлүп, мурдагы Александров болуштук аткаруу комитети жоюлуп Рыков райондук аткаруу комитети болгон. 1937-жылы Рыков райондук аткаруу комитети жоюлуп, Киров райондук аткаруу комитети болуп өзгөргөн. 1991-жылдан тартып Киров району деген аталыш Кара-Буура району болуп өзгөртүлүп, борбору Кызыл-Адыр айылы болуп эсептелинип келген болсо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган №82 мыйзамы менен Кара-Буура району Айтматов району болуп кайра өзгөртүлгөн.


 -Бектур мырза, өткөн жылыТалас облусу боюнча уюштурулган мелдеште жеңүүчү деп табылып, 1-орунду жеңип алдыңыздар. Кайсыл критерийлерге басым жасалды?

– Ооба, 2023-жыл ичинде Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, алдыдагы иш пландарды камтыган облустук коллегияда биздин район облусубуздагы «Мыкты район» наамы менен сыйланды. Аталган сыйлыкка ээ болуу үчүн биз жыл бою эмгек жамаатыбыз жана райондук мекеме-уюмдары, айыл өкмөттөрү менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттерибиздин аркасында “Мыкты район” наамына ээ болдук.

Ал эми аталган сыйлыкты ыйгарууда өзүңүз жакшы билгендей облуста атайын түзүлгөн комиссия белгиленген критерийлердин негизинде жыл ичинде район аймагындагы жүргүзүлгөн иштерге мониторинг жасайт. Анын ичинде ошол эле салыктын түрлөрү боюнча берилген пландын аткарылышы, район аймагына тартылган инвес-тициянын көлөмү, социалдык объектилердин курулуш иштери жана ошондой эле эң негизгиси урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган жарлыктар менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кабыл алынган буйруктардын аткарылышы боюнча дагы каралып, ал тармактар боюнча районубуз оң жыйынтыктарды көргөзгөндүгү үчүн аталган сыйлыкты биздин районго ыйгарса керек деп ойлойм.

– Районго ички инвестиция тартуу бараандуу экени байкалып турат, дагы кандай пландар бар?

– Туура айтасыз. Аймакка канчалык көп көлөмдөгү инвестиция тартылган болсо, ал аймакта сөзсүз түрдө өзгөрүүлөр, жаңылануулар болоору талашсыз. Өткөн жылы биздин райондо бир катар долбоорлордун жана ишкерлердин колдоосу менен бир топ иштер жасалды.

Биз жеке ишкерлерди колдоо багытында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгына ылайык районубуздагы ишкерлердин башын бириктирип, районубуздун инфраструктурасын жакшыртууда биргеликте иш алып баруу максатында “Райондук ишкерлик кеңешин түзүү” жөнүндө буйругу кабыл алынып, кеңештин төрагасы бекитилип, бүгүнкү күндө тыгыз иш алып баруудабыз.  Жогорудагы белгиленген иш-аракеттерибиздин жыйынтыгында өткөн жылы ишкерлер тарабынан районубуздун борбору Кызыл-Адыр айылына жеке ишкер Болот Абилдаевдин үй-бүлөсүнүн атынан жалпы сметалык суммасы 97,0 млн. сомду түзгөн “Асыл” аталышындагы жабык типтеги спорт комплекси курулуп,  2023-жылдын 21-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылышы болуп, пайдаланууга берилди.

Ошондой эле Аманбаев айылында жеке ишкер Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин колдоосу менен 120,0 млн. сомго эки кабаттан турган айыл өкмөттүн имаратынын курулуш иштери толугу менен аяктап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди.

Мындан сырткары Кайнар айылында бала бакчанын жетишсиздигинен улам жеке ишкер Айтпаев Курмантай аттуу ишкерибиз тарабынан 15,0 млн. сомго 50 орундуу типтүү бала бакчанын курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Ошону менен бирге эле респуб-ликалык бюджеттин жана донорлордун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтоло турган болсок, “Сарымсак” каналын реабилитациялоо Ислам өнүгүү Банкы аркылуу 860 151 600 сом менен киргизилген. Реабилитация иштери толук кандуу аткарылып бүткөн соң 2000 гектар  жаңы сугат жер, 300 гектар сугат жердин сууга болгон камсыздыгы жогорулайт. Каржылоо булагы  “Ислам Өнүгүү Банкы”. Негизги магистралдык канал быйылкы жылы ишке берилүүсү күтүлүүдө. 2022-жылы Кытай мамлекетинин каржылоосунун негизинде Бахты-Ногой каналынын реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн 427 518 681 сом грант катары берилип, учурда курулуш иштери жүрүүдө.

Мындан сырткары Аманбаев айылындагы эски бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүүгө республикалык бюджеттин эсебинен 16,7 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ачылуу алдында турат. Чолпонбай айылына 200 орундуу бала бакча курууга республикалык бюджеттин эсебинен 78,9 млн. сомго сметасы аныкталып, курулуш иштери башталды. Ал эми бүгүнкү күндө Көк-Сай айылына 140 орундуу бала бакча курууга 64,9 млн. сом рес-публикалык бюджеттен каралып, курулушиштеринин акыркы этаптары жүргүзүлүүдө. Ак-Жар айылына жаңы мектептин курулушуна  республикалык бюджеттин эсебинен 53,842 млн. сом каралып, курулуш иштери толугу менен аяктап, учурда балдарыбыз билим алууда.

Буйруса мындан ары дагы ушул эле темпте районубуздун инфраструктурасын жакшыртууда тынымсыз иш алып бара беребиз. Быйылкы жылы дагы бир катар социалдык объектилердин курулуштарын баштап, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө муктаж болгон имараттарыбызды оңдоодон өткөрүү менен бирге өткөн жылы курулуш иштери толугу менен аягына чыкпай калган объектилерибизди аягына чыгарып, элибиздин муктаждыктарын чечүүнүн үстүндө иш алып барсак деген пландарыбыз бар.

– Кызыл-Адыр айылынын инфраструктурасын жакшыртып, шаар статусун алууга аракеттер барбы?

– Райондун борбору болгон Кызыл-Адыр айылына шаар статусун алуу үчүн бир топ иштерди жасоо алдында турабыз. Алардын катарында эң негизги көйгөй болгон саркынды сууларды агызып, чыгарып тазалоочу жай куруу. Ошо менен катар борбордук парктагы эски кара талдарды алып ордуна арча, кайың отургузуп паркты жаңылоо, Ч.Айтматов көчөсүнүн баш аягына чейин аллея куруу жана борбордук чоң стадионду реконструкциядан өткөрүп, ийри мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташкан бардык талаптарга жооп берген спорт аянтчабызды куруу. 2022-2023-жылы башталган бир топ долбоорлорду аягына чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп келет.

Мындан сырткары районубуздун аталышы Айтматов району болуп өзгөрүлгөндүгүнө жана облустагы чоң райондордун сап башында тургандыгына карабай районубуздун борбору Кызыл-Адыр айылында маданият үйүнүн жоктугу түйшөлтүп келүүдө. Учурда аталган маселенин үстүндө иш алып барып, тиешелүү каражаттар бөлүнүп калса, аталганобъектинин курулушун баштасак деген аракеттер бар.

– Өндүрүштү өнүктүрүү боюнча ички инвесторлор чыгып жатканы боюнча маалыматтар айтылып келет?

– Урматтуу Президентибиз тарабынан “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциялын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык район аймагында жеңил өнөр жайды, анын ичинен тигүү цехтерин көбөйтүү максатында айрым ишкерлерге муниципалдык колдонулбай турган мекемелерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, арзан баада ижарага берүү жагынан колдоолор көрсөтүлүп келүүдө. Мындан сырткары курулуш материалдарын (пилорама, пескоблок, тигүү цехи,газоблок, ЖБИ) өндүрүүчү ишкерлерибизге электр энергиясын жеткирип берүү жана ошондой эле жер маселесинде жеке ишкерлерди колдоо максатында Бакайыр айылындагы 15,0 га жер аянты томат пастасын чыга-руучу завод курууга жердин категориясын өнөр жай категориясына которуп (трансформация) берилген. Азыркы учурда жер алдында суунун көлөмүн изилдөө иштери жүрүүдө.

Кара-Буура айыл аймагындагы 7,0 га жер аянты заманбап мал базар салуу максатында 2023-жылдын май айында Кара-Буура айыл өкмөтү тарабынан конкурс өткөрүлүп, жеке ишкер Б.Өмүрбеков утуучу болуп аныкталып, мал базар курууга 5 жылдык мөөнөт берилип курулуш иштери жүрүүдө.

– Быйылкы жылга аткарыла турган мерчемдүү иштер?

– 2024-жылга карата алдыда бир топ иштер пландалып, бүгүнкү күндө атка-
рууга алынууда. Алардын эң негизгилерине токтоло турган болсок Кызыл-Адыр айылындагы ачык типтеги 1986-жылы 3,93 га жер аянтына  2000 кишилик көрүүчүгө ылайыкталып курулган спорттук стадионун толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп пайдаланууга берүү.

Мындан сырткары Аманбаев айылындагы жеке менчикке өтүп кетип кайрадан айыл өкмөттүн карамагына алынып, бүгүнкү күндө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан бала бакчаны жана Көк-Сай айылындагы курулушу башталып, бирок көп жылдардан бери аягына чыкпай токтоп калган 140 балага ылайыкталып курулуп жаткан эки кабаттуу бала бакчаны, ошону менен бирге эле Кайнар айылына жеке ишкер Курмантай Айтпаевдин колдоосу менен 15,0 млн. сомго курулуп жаткан 50 орундуу бала бакчаны ишке берүү жагын пландоодобуз.

Ал эми Кызыл-Адыр айылындагы Ералхан Абдилдаев атындагы борбордук парк-тын айланасын курчап, парктын ичиндеги жаңыдан отургузулган көчөттөрдү жана бак-дарактарды сугаруу максатында жер алдынан суу чыгаруу жана Аманбаев айылына жалпы 10,0 млн. сомго курулуп жаткан өрт өчүрүү бөлүмдүн имаратын жана ушул эле айылга жеке ишкер Т.Рысалиев тарабынан 5,0 млн. сомго курулуп жаткан китепкананы пайдаланууга берүү.

Ошондой эле аталган айыл аймакка караштуу Маймак айылына Айтматов райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 4 038 713 сом акча каражатына курулуп жаткан ФАПтын курулушун соңуна чыгаруу. Мындан сырткары облустук жана  райондук өнүктүрүү фонддордун каржылоосу менен Чолпонбай айылына курулуп жаткан маданият үйүн дагы пайдаланууга беребиз деп турабыз.

– “Чыңгыз-Ордо” комплексинин курулуш абалы кандай?

– Шекер айылында курулуп жаткан “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексинин курулушу 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 2018-жылдын 12-июлунда долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга тендер жарыяланган. Долбоорлоочу уюм «Архазия Проект Строй» ЖЧКсы аныкталып, ошол эле жылы тиешелүү жактар менен келишимдер түзүлүп, долбоордун жалпы наркы 68 970 509 миң сомду түзүп, курулуш иштери башталган. Баарыбызга маалым болгондой аталган объектини курууда коррупциялык схемалар, долбоорду ишке ашырууда мыйзамсыз иш аракеттер болгондугуна байланыштуу 2021-жылдан бери “Чыңгыз-Ордо” комплексинде курулуш иштери токтоп турат. Токтоп калган курулушту мындан ары жандандыруу максатында 2024-жылы “Капиталдык салымдар” беренесинин негизинде тиешелүү суммадагы акча каражаты каралып, курулуш иштери башталуу алдында турат.

– Бектур мырза, маанилүү маегиңизге чоң ырахмат. Жооптуу ишиңизде ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн.

Козубек ИМАНКУЛОВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар