Бакыт Токтогазиев И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөн. Москва шаарындагы Н.И. Пирогов атындагы медициналык изилдөө институтунда хирургия жана онкология багытында окуп, чоң операцияларды жасап, бай тажрыйбага ээ болгон. Бүгүнкү күндө КММАнын Медициналык борборунда хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.
– Бакыт Токтогазиевич, хирургиялык операция жасоодо жаңы ыкма колдонуп жатыпсыздар. Бул боюнча айтып берсеңиз?
– Былтыр Кыргыз Республикасынын эндоскопиялык хирургдарынын ассоциациясын түзүп, дүйнөдөгү алдыңкы хирургдарды чакырып, 3 жолу конгресс жана конференция өткөрдүк. Алар биздин дарыгерлерге лапороскопиялык ыкма менен операциянын жасалуу жолдорун көрсөтүп беришти. Азыр дүйнө жүзүндө хирургиялык, онкологиялык, жүрөккө жасалуучу операциянын 98%ы лапороскопия ыкмасы менен жасалат.
Аппарат – лапороскопиялык же эндоскопиялык стойка деп аталат. Бул аппараттын экраны, видеокамерасы, күйгүзгөн, кескен, тиккен, ичке, өпкөгө газ бере турчу атайын каражаттары бар. Ички орган булчуң менен жабышып турат эмеспи. Газды үйлөгөндө булчуң өйдө көтөрүлүп, органдар жакшы көрүнөт. Бейтаптын ичинен 1 см. жери кесилип, видеокамера ички органга киргизилет. Азыр өпкө, жоон ичеги, ашказан, простата бези, кыскасы бардык ички орган ооруларына операция жасайбыз.
Мурун дененин 30-40 см. жери кол менен кесилип, жасала турган болсо бул аппарат аркылуу камера кирип, инструмент кесип, тигип берет. Биз көзүбүз менен көргөндөн аппарат ички органды он эсе жакшы көрсөтөт. Лапороскопия ыкмасында эч кандай лазер колдонулбайт.
Мында бейтаптын кичине жери эле кесилгендиктен, батыраак сакайып, тигилген жери ажырап, ичеги чыгып калган учур болбойт. Операция учурунда дарыгер кол менен ички органга кирбегендиктен, ириңдеп кетүү да жок.
Бүгүнкү күндө бул ыкма менен операция жасоону райондук, облустук ооруканаларга жайылтып жатабыз. Мунун алкагында Ош, Ала-Бука, Нарынга барып, врачтардын квалификациясын жогорулатып, үйрөтүүдөбүз. КММАда 3 айлык лапороскопия курсун ачып, атайын муляждарды алып келип, окуйм деген дарыгерлерди окутуп, операцияга киргизүүдөбүз. Дарыгерлер арасында акырындан болсо да жылыш болуп, азыр операция жасап, көнүп калышты.
Борбор шаарыбыздагы Онкологиялык ооруканага да бул аппаратты коюп, бир жылдан бери онкология илдети менен жабыркаган бейтаптарга 100дөн ашык операция жасадык. Онкологиялык ооруканада урология, гинекология же ичеги жагынан алар бейтапты даярдашып, биздин адистер менен биргеликте ал жактын дарыгерлери операция жасашууда.
Онкология илдети менен жабыркаган бейтаптар хирургиялык операциядан сырткары химия, нур терапиясын да алышат эмеспи. Лапороскопиялык ыкма менен кичине эле жер кесилгендиктен, алардын батыраак сакаюсуна жакшы өбөлгө болууда. Былтыр Кытайга иш тажрыйба менен барганда ал жакта боорду алмаштыруу операциясы лапороскопия аппараты менен жасаларына күбө болдук.
– Аймактарга да бул аппараттар коюлганбы?
– Мамлекет тарабынан 7 облуска тең бул аппарат алынган. Бирок, адистердин жоктугунан аппарат туруп калган. Ассоциация чет өлкөлүк өнөктөштөр менен меморандумдарды түзүп, дарыгерлерди чет жакка окууга жиберип жатабыз. Азыр аймактагы дарыгерлер майда операцияларды үйрөнүп калышты.
– Кайсы оорулар менен кайрылгандар көп?
– Бизге онкология жана гинекология оорусу менен көп кайрылышат. Бул оорулар менен Казакстан, Өзбекстан ж.б. мамлекеттерден да келишүүдө. Гинекологиялык оорулардан жатынды сактап калуу чоң көйгөй.
Бизде онкология оорулары ачык жол менен жасалчу, ошого айрым бейтаптар чет жактардан жасатышчу. Азыр лапороскопия аппараты менен жабык түрүндө жасап жаткандыктан кайрылгандар көп. Албетте, бул да болсо биздин медицинанын өнүгүп жатканынан кабар берет. Каражат жагынан да көп чыгым болбой өз жерибизден жасалып жатканына бейтаптар кубанып жатышат.
– Операциянын баасы канча болууда?
– Ар кандай. Кээ бир хирургиялык, гинекологиялык операциялар чоң каражатты талап кылбайт. Онкологиялык ооруканада кээ бир гинекологиялык операцияга ФОМС аркылуу коюлган баа төлөнөт. Ал эми ашказан, жоон ичеги, кызыл өңгөчкө жасалганда колдонула турчу жабдыктар эле керек болот. Аны мамлекет алып бербегени үчүн, саткан компаниялардан бейтап өзү алат. Бизде бардыгы ачык көрсөтүлөт. Операция жасалып жаткан учурду бейтаптын каалоосу боюнча видеого тартып беребиз.
– Мындай аракеттер онкология ооруларын кыскарта алат бекен?
– Ашказан, жоон ичегиге жасала турган операцияны Япония, Корея өлкөсү жогорку деңгээлге чыгара алды. Буга чейин Япония-да ашказандын залалдуу шишигинен көп адам каза болчу. Аларда аң-сезимдүү түрдө ооруну эрте аныктоо, скрининг кызматын колдонуп, лапороскопия жолу менен операция жасала баштагандан кийин ден соолугунун сапат деңгээли 98%га чейин көтөрүлгөн. Бул ыкма менен операция жасоо жеңил өткөндүктөн, онкология ооруларынын тезирээк сакайышына да жардамы чоң болот.
– Бейтап сиздерге даяр анализ менен келиши керекпи?
– Негизи бейтап өзүнүн оорусу тууралуу билгенде сезимтал болуп калат. Кээ бирөө бүт текшерүүдөн өтүп алып келет. Кээ бирөөлөр оорусун аныктай албай жаткан болот. Эч качан оору бир эле адиске тиешелүү болбойт. Бир операцияны жасаш үчүн 2-3 адистин пикири керек. Мисалы, аялдардын 3 см. миома оорусун кээ бир адис “алдырышың керек” деп бейтап бир топ текшерүүдөн өткөн болот. Бирок, 3 см. миома кичине эле болгондуктан, аны алдыруунун кажети жок, ага жөн гана көз салып турабыз.
– Дарыгерлердин квалификациясы боюнча да эки ача пикирлер жок эмес. Буга сиздин оюңуз кандай?
– Советтик системадан азыркы системага өтүш да кыйын болгон. Мурун мамлекеттик оорукананын дарыгерлери атайын окутуулардан өтүп турчу. Базар экономикасында дарыгер билим деңгээлин өзү жогорулатып туруусу керек. Бул системаны дарыгерлер көпкө чейин түшүнбөй келишти. Жаштар Кыргызстанда заманбап жабдыктар аз болгондуктан чет өлкөгө кетишти. Азыр дарыгерлер билим сапатынын, заманбап көндүмдөрдүн зарылдыгын түшүнүп, билимин чыңдап, илимий, клиникалык даражасын көтөрүп жатышат.
Бизде бүтүндөй медициналык тармакка өзгөрүү керек. Бирок, баары тездик менен ордуна туруп калбайт экен. Бул нерсеге убакыт керек. Азыр ассоциациянын алкагында ооруканалардан күчтүү дарыгерлер менен жолугушууларды уюштуруп, көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылып, адис-терди чет жактарга окууга жиберүүгө, аймактардагы дарыгерлерге көңүл буруудабыз. Бизге келип иш-тажрыйба, билим алам деген дарыгерлер менен кызматташууга даярбыз.
Биз хирургиялык, онкологиялык кайсы органга болбосун баарына операция жасап, айрымдарына квалификациябыз жетпей жатса, чет жактагы кесиптештерди чакырабыз. Мисалы, Москва шаарындагы С.П.Боткин ооруканасынын профессору бул жактан операцияны чоң каражат сурабастан эле жасап берди. Биз бул профессор менен биргеликте жасаган операциянын баасы Түркияда 24 миң доллар экен.
– Эң оор операцияңыз кайсы болду?
– Эң оор операция кызыл өңгөчтү кайрадан жасоо болгон. Борбор Азия мамлекеттеринде биринчилерден болуп кызыл өңгөчтү алып салып, ашказандан жасалма кызыл өңгөч жасаган операцияны жасадык. Кызыл өңгөч менен уйку бези – ички органдагы эң татаал түзүлүштөгү орган. Кызыл өңгөч – моюн, өпкө, жүрөк, ички органдар менен байланышкан. Ага чет жактан операция жасата турган болсок, ичеги, моюн, өпкө жагынан өз-өзүнчө хирург кирет.
2019-жылы жаш кызга 11 сааттык операция жасаганбыз. Бүгүнкү күндө мындай операциядан 38ди жасадык. Борбор Азия өлкөлөрү боюнча лапороскопия ыкмасы менен кызыл өңгөчкө операция бизде, Казакстандын Алма-Ата шаарында жасалууда. Калган өлкөлөрдө хирургиялык ачык жол менен кылынат. Биздин адистер жоон ичеги аркылуу ачык жол менен да жасашат. Кызыл өңгөчтү толугу менен алып салып, ашказан аркылуу кызыл өңгөч жасаган операция бизде дүйнөлүк сапатка жооп бере алат.
– Бакыт Токтогазиевич, дарыгер катары кеңешиңизди айта кетсеңиз?
– Эң чоң байлык – жаштык менен ден соолук. Ден соолук болбосо өмүрдөгү жетишкендигиң эч нерсеге татыбайт. 40-50 жашка чейин ден соолукту жараксыз кылганга иштеп, андан кийин тапкан акчабызды кайра ден соолукту дарылоого жумшайт экенбиз. Бирок, ден соолук жаш курактагыдай болуп бербейт.
Адамдар болбогон нерсеге каражатын, убактысын корото алат. Бирок, 1 жылда же 3 жылда бир онкологиялык скринингден өтө албайбыз. Ага деле 15-20 миң сомдой каражат кетет. Көпчүлүк адамдар ден соолуккка кайдыгер мамиле кылат. Азыр ден соолукка кам көрүүгө шарт жетиштүү.
Кенже Осмоналиева, “Кыргыз Туусу”