Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Экоактивист Канышай РЫСБЕКОВА: “Мөңгүлөрдү сактап, коруктарды курбасак суусуз калабыз”

– Канышай айым, учурунда телеалып баруучу элеңиз, кийин экоактивист катары тааныла баштадыңыз. Буга эмне себеп?

– Албетте, телеканалдарда иштей берсем деле болмок. Бирок, айлана-чөйрө булганып, Бишкекте ыш маселеси курчуп, Кыргызстанда экологиялык маанай жакшы болбой турганын көрүп жасалма бактылуу болуп жүрө албадым. Анын үстүнө окумуштуулар Бишкек эң кир шаарлардын катарына кирерин, кыргызстандыктардын саламаттыгына экология олуттуу зыян тийгизип жатканын айтып келе жатышат. Бирок, андай элди ойлонто турган маалыматтар кыргыз тилдүү экоактивисттердин жоктугунан элге толук кандуу жетпей жатат. Айрыкча экологиялык нормалар көп бузулган алыс-кы айылдарда экологияны коргоо боюн-ча маалыматтар такыр эле жеткиликсиз. Ушундай жагдайды көрүп туруп эки-үч жылдан бери алымдын келишинче экологияны коргоо жаатында аракеттерди көрүп жүрөм.

Тянь-Шанды сактайлы” экологиялык коомдук бирикмесинин төрайымы катары айтсаңыз, Кыргызстанда негизги экологиялык көйгөйлөр кайсылар болуп жатат?

– Дүйнө жүзүндөгү негизги маселе бул – климаттын өзгөрүшү. Аны эске алуу менен биздин коомдук бирикме алгач Кыргызстандагы мөңгүлөрдү сактоо демилгесин көтөрүп чыкты. Себеби, мөңгүлөрдүн азаюусу биздин климатыбызга түздөн-түз таасир этет. Алсак, “Кумтөр” алтын кенинин иштетилиши менен Тянь-Шандагы Лысый, Давыдов мөңгүлөрү жок болуп кетти. Аналитиктер мөңгүлөрдү сактабасак качандыр бир кезде мунай, алтын, кен байлык үчүн эмес, таза суу үчүн куралдуу согуштар чыгып кетиши ыктымал деп коңгуроо кагып жатышат. Ошондуктан биз колдон келсе алтын өндүргөн мекемелердин санын азайтып, мөңгүлөрдү сактоону колго алышыбыз керек. Дегеним, Швейцарияга окшогон тоо кен байлыктарына бай өлкөлөр кен байлыкты иштетүүнүн ордуна жашыл экономикага маани берип, тоо туризмин өнүктүрүүгө багыт алышты. Биз да тоолуу өлкө катары ошого өтүшүбүз керек. Отуз жылдан бери өлкөбүздөгү ондогон кендерибизди иштетип байып, өнүгүп деле кеткен жокпуз. Тескерисинче, эл жакырланып, экология талкаланды. Ошондуктан биз азыртан климаттын өзгөрүшүнө, таза суунун азайышына, таштанды маселесине терең маани беришибиз керек.

Айтайын дегеним, экологиялык билим берүүнү мамлекет колго алып, аны бала бакчадан баштаса туура болмок. Ошондо дагы 10-20 жылдан кийин экологиялык билимге бай, жаратылышка жакын муун өсүп чыгып, экосистемабыз бир кыйла жакшырат.

– Өлкөбүздө ар түрдүү жугуштуу, онкологиялык, өнөкөт оорулар көбөйдү. Буга экологиянын канчалык таасири бар?

– Жеке өзүмдө азырынча мындай так тастыкмалар жок. Бирок, окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, ыш өпкө рагы, бронхалдык астма, аллергия, пневмония сыяктуу ооруларды алып келет. Ошол эле жогоруда айткан ыш маселесин алсак, азыр элдин көбү толук бышпаган Кара-Кече көмүрүн жагып жатат. Мамлекеттик субсидиянын жардамы менен элди жашыл энергетикага өткөрсөк абдан жакшы болмок. Ошондой эле азыр бизде автоунаалардын көбү катализаторсуз жүрүп жатат. Тилекке каршы, оорулардын көбүйүшүнө себеп болгон ушундай экологиялык жагдайлар бизде арбын.

– Түркияда жана башка өлкөлөрдө “Жашыл журналистика”, “Экожурналистика” жакшы өнүккөн. Бизде бул эмнеге жакшы өнүкпөй жатат?

– 2021-жылы биз жашыл журналистика боюнча конкурска катышып, Европага чейин барганбыз. Кыргызстандан мен жана башка эки сайттан эки журналист гана барыптырбыз. Ошондо бизде экология тармагына кызыккан кыргыз тилдүү журналист өтө аз экенин түшүндүм. Мындан улам экология темасы көңүл сыртында калып жатат. Экология жаатында мыкты материалдар, телеберүүлөр, иликтөөлөр даярдалып, коомчулукка чыкса бул темага кызыккандардын саны өсмөк. Менимче, мамлекеттик колдоо жакшы болсо экологияны жакшыртууга жаштарды шыктандырган күчтүү экоактивист, экожурналисттер чыкмак.

– Экоактивист катары Кыргызстандын кайсыл аймактарында болуп, кандай экологиялык көйгөйлөргө туш болдуңуз?

– Акыркы жылдарда Ысык-Көл жээгинде форель балык чарбалары көбөйгөнүн баарыбыз эле билебиз. А форелдер жырткыч балык болгондуктан Көлдөгү майда чабактарды жеп, анын кесепетинен Ысык-Көлдөгү ак чардактар жоголуп кетти. Ошондуктан Ысык-Көл жээгиндеги форель чарбаларын жоюшубуз керек. Экинчиден, Көл жээги бизнеске айланып кеткендиктен жээктердеги чычырканак, бадал токойлорунун аянттары кыскарды. Натыйжада Ысык-Көлдүн биотүрдүүлүгү зыянга учурап, Көл табийгый чыпкалоодон ажырап, балыр басып бара жатат. Минтип отурсак келечекте көзгө басар берметибизди жок кылып алышыбыз ыктымал.

Ак илбирс – баарыбыздын сыймыгыбыз. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө мерчемдүү жерлерде гана болсо, биздин жети облусубуздун баарында бар. Мындай бир да өлкөдө жок. Бирок, Кыргызстан боюнча азыр 330 гана ак илбирс калды. Себеби, тоолордо аркар, кулжа, эчки, теке, элик сыяктуу жапайы жаныбарлар азайгандыктан, ак илбирстер азыксыз калган. Ошого карабай браконьерлер ак илбирсти да, кайберендерди да атып жатышат. Бир кездерде жапайы жаныбарлар биздин адырларыбызда эле болгон болсо, азыр аларды бийик тоолордон көрүү да мүмкүн болбой бара жатат. Муну эске алып биз кезинде аркар кулжаларды атууга мораторий киргизүүнү демилгелеген “Мергенчиликти токтот!” конференциясын өткөргөнбүз.

Анда биз мергенчиликтин ордуна фотомергенчиликти өркүндөтүүнү сунуштаганбыз. Эгер биз Европа, Африка жана башка өлкөлөрдөгүдөй коруктарды уюштуруп, фотомергенчилик үчүн төлөм уюштурсак жаратылыш да корголмок, мамлекетке да жакшы киреше түшмөк. Азыр чет өлкөлүктөргө аркар, кулжаларды атууга лицензиялар берилип  жатат. Бирок, лицензиядан тышкары эле канчасы атылып жатканын бир гана Кудай билет.

Баарынан кызыгы, биз жакыр, өнүкпөгөн мамлекет деп сынтагып жүргөн Африкадагы Кения 1977-жылы эле жапайы жаныбарларды атууга тыюу салган. Ал жакта сафаринин баасы 600 доллардан өйдө башталат. Ал жакка бир айда эле 150 миңдей турист келет. А бизде болсо дагы деле жапайы жаныбарларды атууну токтотпой келебиз.

– Фейсбуктагы бир постуңузда келечек муунга өнүккөн нанотехнология эмес, таза флора, фауна керек дептирсиз…

– Ооба, кийинки урпактарга азыр алтын жалатылган бийик-бийик имараттардын, жолдордун, автоунаалардын анчалык деле зарылчылыгы жок. Эгер биз аларга ата-бабалар калтырган таза, табийгый жаратылышты мурастай алсак анда эң баалуу нерсе калтырган болобуз. Муну түшүнгөн Европа өлкөлөрү азыр бийик-бийик үйлөргө кызыкпай, эски шаарларды сактап, электромобилдерге өткөнгө аракет кыла башташты. Албетте, экономикабызды өнүктүрүшүбүз керек, бирок, жаратылышты талкалап тапкан каражатыбыз кийин жүз, миң эсе кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Ошондуктан өзүбүздү өзүбүз сактайлы десек экологияны сакташыбыз кажет.

– Бишкектин, башка шаарлардын негизги көйгөйү таштанды маселеси. Муну канткенде оң жагына чечсек болот?

– Бишкектин айланасында 50дөн ашык башаламан, кооптуу таштанды аянттары бар. Алардын эң негизгиси Бишкек шаар-дык таштанды полигону. Ал жерди рекультивация кылып, таштанды иштетүүчү завод курууга сырттан 11 млн. евро тартылып, анын 5-6 млн. евросу желип кеткен. Жыйынтыгында завод да, акча да жок болду. Кезинде биз бул тууралуу иликтөө да жасаганбыз.

Бул маселени чечиш үчүн алгач Экология министрлигине жебеген, коррупцияга аралашпаган таза адамдар келиши керек. Ошондой адамдар бөлүнгөн каражатты максаттуу иштетсе эле таштанды маселеси чечилбей койбойт. Экология деле, таштанды иштетүү тармагында деле эрктүү, чечкиндүү адамдар болсо көп маселени жөнгө салып койсо болот.

Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам дүйнө өлкөлөрүнө ар кандай кооптуу жагдайлар жаралып жатат. Кыргызстанга андай коркунучтар жокпу?

– Изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда ичүүчү таза суу кору 30 жылга, Бишкекте болсо 10 жылга жетет. Ошондуктан бул чоң көйгөйгө айланат. Кыргызстан союз маалында кабыл алынган эл аралык суу конвенциясынын негизинде кошуналарга сууну бекер берип келет. Ал эми башка өлкөлөр сууну сатып, бир топ экономикасын өнүктүрүп алып жатат. Бирок азыр сууну сатабыз деп чыксак кошуналар менен мамиле бузулуп, бизге кыр көрсөтүшү мүкүн. Учурда Кыргызстандын суусун Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай пайдаланып жатат. Ошол эле кезде өзүбүздөгү 1200 айылдагы 1 миллион калкка таза суу жетишсиз. Ошондуктан экологиялык билимди кеңири жайылтуубуз керек. Канчалык көп адамда экологиялык түшүнүк болсо, ошончолук мамлекетибизди жашыл, жаш, таза бойдон сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар