Быйыл өлкө аймагында фитр-садаганын эсебинен 57,5 млн. сом чогулду. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын билдиргенине караганда, муфтиятта чогултулган каражат кандай бөлүштүрүлө турганы тууралуу отчеттук кеңешме болуп өткөн. Анда кабыл алынган чечимге ылайык, фитр-садага эсебине чогултулган сумманын 60%ы мечитте калат, 30%ы райондордогу казияттарга берилет, калган 10%ы муфтияттын эсебине келип түшөт.
Муфтий фитр-садага үчүн топтолгон каражат муктаж адамдарга бериле тургандыгын, аны өз убагында жана таза кол менен таратуу муфтияттын түздөн түз милдети экенин билдирди.
Бул жолку орозо айындагы фитр-садаганын өлчөмү жан башына (бир кишиге) 1,6 кг – буудай менен 50 сом, мейиз менен 680 сом, ун менен 75 сом же арпа менен 85 сом, курма менен 850 сом болду.
Фитр-садага бул орозо айына гана тиешелүү милдеттүү түрдө берилүүчү кайыр садага. Башка айларда берилүүчү кайыр садага фитр-садагасы болуп эсептелинбейт.
Ал орозо майрамына чейин муктаж мусулмандарга берилет. Фитр-садагасын берүү акыл-эси ордунда, дене мүчөсү толук, колунда жетиштүү оокаты бар, өзүн өзү камсыз кыла алган мусулмандар жылына бир жолу милдеттүү түрдө кайыр садагага кирет. Аны үй-бүлө башчысы аялы, балдары, бир туугандары – үй-бүлө мүчөлөрү үчүн төлөйт. Эгер орозо айынын акыркы күнүндө күн батарга чейин наристе төрөлө турган болсо, ал наристе үчүн да фитр-садага берилет.
Фитр-садага муктаждарга гана берилүүгө тийиш. Аны эмне түрүндө берет, ал башка маселе. Айталы, Европада 1 са көлөмүндө буудай же арпалай, же анын баасына барабар накталай акча түрүндө берүү сунушталат. Са – бул араб сөзү, ал төрт кош алаканга сыярлык дан батарлык көлөмдү билдирет. Түштүк-Чыгыш Азияда 1 са күрүч, Жакынкы Чыгышта 1 са курма менен беришет. Ал салмагы боюнча 3300 граммга барабар. Ханафит мазхабында анын жарымы 1650 грамм фитр-садага өлчөмү катары кабыл алынган жана фитр-садаганы акчалай берүүгө ханафит мазхабында уруксат берилген.
Кыргызстанда фитр-садаганын өлчөмүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Аалымдар кеңеши бекитет жана ал буудай, мейиз, ун, арпа жана курманын салмагы менен өлчөнөт. Аны аталган азык-түлүктөр менен берсе да, же азык-түлүктөрдүн баасынын наркында акчалай берсе да болот.
Фитр-садаганы орозо кармабагандар да беришет. Анүчүн орозо кармоо зарыл эмес. Колунда бар адамдар фитр-садага бере албай турган жакындары же бейтааныш адам үчүн да берип койсо сообу чоң болот.
Фитр-садаганы мечиттерге алпарып берүү деле анчалык милдеттүү эмес. Муктаж адамдарды таап, аларга түздөн түз берсе да боло берет. Себеби, мечиттерге чогулган фитр-садагалар деле муктаж адамдарга берилет.
Журналисттердин чоң тобу мындан 20 жыл мурда Иранга барып калдык. Арабызда маркум Бейшенбек Бекешов байке да бар эле. Ошондо Мешхеддеги чоң мечиттердин бирине киргенибизде бизге мечиттерге орозо айындагы фитр-садагалардан, мындай жөн күндөрдөгү кайрымдуулуктардан аябагандай чоң акча түшө турганын, анын бөлүгү муктаждарга берилип, кайсы бир бөлүгү мамлекеттик бюджетти колдоого кете турганын айтышканы эсимде. Макала даярдап жатып, интернет булактарынан ошол уккандарымды бекемдеген маалымат таба алган жокмун.
Эмнеси болсо да, фитр-садагага чогулган каражат муктаж адамдарга берилеби же мамлекеттин казынасына түшөбү, эң башкысы соопчулук ишке жумшалганы дурус го. Акыр аягы мамлекет казынасына түшкөн каражат деле мектептерди, ооруканаларды курууга, жолдорду, көпүрөлөрдү салууга жумшалат эмеспи.
Бизде соопчулук иштерге кайдыгер карабаган, аны эл үчүн пайдалуу иштерге жумшаган, ал демилгеси менен башкаларга үлгү болгон жарандарыбыз көп. Мындан эки жыл мурда Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну Нурхан эне ажылык сапарга бара турган каражатына айылына көпүрө курдуруп бергени коомчулуктун эсинде болсо керек.
Көрсө, Кызыл-Булак айылында эки айылды бириктирген көпүрө эскилиги жетип, төшөлгөн тактайлары какжырап, ары-бери киши өтсө калтаңдап, айрыкча кары-картаңдар, мектеп окуучулары үчүн коркунучтуу абалга жетиптир. Күйөөсүнөн 43 жашында калган Нуркан эне балдары ажылык сапарга деп чогулткан акча каражатын көпүрө салууга жумшап айыл элинин батасын алыптыр. “Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. Ага түбөлүк сооп жетип турсун деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экенмин. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди», – деп айтканы көптөрдү ойго салганы шексиз.
Кыргызстанда соопчулук иштерди жасап, элдин алкоосуна татыган адамдар четтен табылат. Былтыр Ак-Талаа районунун тургуну айылдагы китепканага 150 миң сомдук көркөм адабий китептерди алперип, соопчулук иш жасаганы эсибизде. Ушундай эле соопчулук иштер Тоң районунда да болгон.
Сооп кылган адам сооп табат. Фитр-садага да соопчулук үчүн берилген каражат. Демек, аны жарандардын эле эмес, жалпы эле коомчулуктун муктаждыгына жумшоого эмнеге болбосун?
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”