Быйыл 29-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр биримдикти түзүү келишиминин 10 жылдыгын белгилешет. Себеби, 2014-жылы так ушул күнү Казакстан Республикасында ЕАЭБди түзүү келишимине кол коюлган. Эске салсак, бул биримдикти түзүү демилгесин алгач 1994-жылы казак лидери Нурсултан Назарбаев демилгелеген. Ал эми 29-майды ар жылы ЕАЭБ күнү катары белгилөөнү 2022-жылы ЕАЭБге төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сунуштап, ЕАЭБ бешилигинин төрт өлкөсү тарабынан бир добуштан колдоого алынган. Ошентип быйыл 29-май ЕАЭБ күнү экинчи жолу эл аралык деңгээлде белгиленмекчи. .
ЕАЭБге кирүү туура кадам болгон
Эске салсак, 2023-жылы Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын (ЕАЭКК) төрагасы Михаил Мясникович 9 жыл аралыгында ЕАЭБ Евразия мамлекеттеринин кызматташуу жана өз ара мамилелеринин маанилүү аянтчасына айланганын баса белгилеген. Буга улай ал бул бирикменин алдында ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштыруу, өз көрсөткүчү жагынан SWIFTтен да мыкты эсептөө системасын түзүү жана автономиялуу санарип валюта чөйрөсүн иштеп чыгуу сыяктуу ири максаттар турганын билдирген. Ошондой эле ал жакынкы жылдары ЕАЭБ өлкөлөрү биримдиктин жана жалпы Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыгына карата биригүүнүн жогорку темпин күчөтөрүн айткан.
Албетте, Михаил Мясниковичтин бул айтканында эч кандай калет жок. Себеби, кандай болгон күнү да Евразия мейкиндигинен орун алган өлкөлөр каалайбы, каалабайбы бири-бири менен кызматташ болууга, өз ара мамилелерин чыңдоого аргасыз. Себеби, “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” дегендей, биринчиден, Евразия материгиндеги өлкөлөрдүн территориялары бири-бирине чектеш. Экинчиден, СССР курамына кирген мамлекеттер илгертен экономикалык, социалдык, маданий жактан тыгыз кызматташ болгондуктан бири-бири менен түрдүү тармактар боюнча жакшы алакалар түзүлүп калган. Мындай эл аралык алакаларды өркүндөтүү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн гана эмес, бүтүндөй Евразия материгиндеги өлкөлөр үчүн да маанилүү. Бул жагынан алганда Кыргыз Республикасынын аталган уюмга мүчө болушу абдан туура кадам болгон.
Кызматташууга кызыккандар арбын
“Беш кол тең эмес” дегендей учурда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушун сындаган экономисттерибиз да жок эмес. Эгер, айрым экономисттер сыпаттагандай бул биримдиктин келечеги жок болсо бул биримдик менен башка өлкөлөр кызматташууга анчейин кызыкдар болмок эмес. Муну айтканыбыз, 10 жыл ичинде ЕАЭБ менен бир катар өлкөлөр ортосунда ар тараптуу макулдашууларга кол коюлган. Алсак, 2015-жылы 29-майда ЕАЭБ менен Вьетнам мамлекети эркин соода зонасын түзүү макулдашуусуна кол коюшкан. 21-июлда Сирия ЕАЭБге кирүүгө кызыкдар экенин билдирген. 2017-жылы болсо Молдавия Президенти Игорь Додон ЕАЭБге биринчи байкоочу өлкө болуу каалоосун билдирип, 14-апрелде бул өлкөгө ЕАЭБ байкоочу-өлкө статусун берүү чечими кабыл алынган. А 2018-жылы 17-майда Иран менен эркин соода зонасын түзүү боюнча убактылуу макулдашууга кол коюлуп отурат. 2019-жылы ЕАЭБ менен Сингапур, Сербия өлкөлөрү эркин соода жүргүзүүгө макулдашышкан. Ушул жылы октябрь айында ЕАЭБ менен Кытай мамлекетинин ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу күчүнө кирген. 2020-жылы болсо Өзбекстан менен Куба өлкөлөрү ЕАЭБге расмий түрдө байкоочу-өлкө болуп, 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары бекитилген. 2021-жылы болсо ЕАЭБдин атаандаштык жана антимонополдук жөнгө салуу жөнүндөгү электрондук журналы чыгып, интеграциянын 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары аныкталган. Андан бери үч жылды алып карай турган болсок, ЕАЭБ бул мезгил аралыгында да бир топ өлкөлөр менен экономикалык кызматташууларга жетишкен. Учурда да дүйнө жүзү боюнча территориясы жагынан биринчи орунда турган ЕАЭБ (жалпы аянты – 20 260 435 чарчы километр) менен тыгыз кызматташууга кызыккан өлкөлөр да жок эмес. Алсак, акыркы жылдарда дүйнө экономикасында негизги ролду ойноп жаткан Кытай ЕАЭБ менен үзгүлтүксүз кызматташууга кызыкдар. Себеби, Пекин Европанын чыгышында жайгашып, түндүгүнөн Арктика, чыгышынан Тынч океан, жана түштүгүнөн Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия менен чектелген экономикалык чоң рыноктук аянтты колдон чыгаргысы келбейт. Анын үстүнө, эбегейсиз минералдык-энергетикалык ресурстары бар, дүйнө жүзү боюнча бирден-бир нефти жана жаратылыш газын өндүрүүчү болгон Россия менен коңшу мамлекеттердин баары жакшы мамиледе болууга ынтызар. Алардын катарында биздин мамлекет – Кыргызстан да бар.
10 жылда олуттуу өсүштөр бар
Эске салсак, 8-май күнү Москвада ЕАЭБдин 10 жылдык юбилейине карата юбилейлик саммит болуп өттү. Саммитти Россия президенти Владимир Путин ачып, евразиялык интеграциянын бардык процесстери ЕАЭБ келишиминин негизинде жүрүп жатканын жана аталган келишимдин негизи тапшырмаларынын бири товарларды, капиталдарды, жумушчу күчүн эркин жүгүртүү экенин баса белгиледи. Буга улай аталган келишимде интеграциялык өз ара кызматташуунун негизги принциптери – тең укуктуулук, өз ара пайда, бири биринин кызыкчылыктарын эске алуу жана сыйлоо бекемделип калганын билдирди.
Бул сөзүн В.Путин цифралар менен бекемдеп, 10 жыл ичинде ЕАЭБдин жалпы ИДПсы 1,6 трлн. доллардан 2,5 трлн. долларга өсүп, үчүнчү өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүү 60 пайызга 579 млрд. доллардан 923 млрд. долларга өскөнүн баса белгиледи. “ЕАЭБдин өз ара соода жүгүртүүсү эки эсеге жогорулап, эсептешүүлөрдүн 90 пайызы улуттук валюталар менен жүргүзүлүп жатат. Россия мындай ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдүн көп пландуу өз ара пайдалуу байланыштарын жогору баалайт жана интеграциялык биримдикти чыңдоо иштерин улантууга аракет кылат” дейт Россия лидери. Ошондой эле В.Путин ЕАЭБдин кеңейтилген форматтагы саммитинде товарлардын эркин жүгүртүүнү камсыз кыла турган соода жана административдик тоскоолдуктарды жоюу келишимине кол коюунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Эгер мындай келишимдерге кол коюлуп калса, Кыргызстан экономикасы үчүн бул кыйла түрткүнчүк болмок. Себеби, айрым учурларда Кыргызстан, Казакстан ортосундагы товар жүгүртүү маселелеринде көйгөйлөр жаралып жатканы анык.
Аталган саммитте В.Путин “Түндүк-Түштүк” ири эл аралык коридору боюнча долбоору активдешип жатканын, бул өз кезегинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукцияларын Перс булуңунун жана Индия океандарынын портторуна чыгарууга шарт түзөрүн кошумчалады. Буга улай ал ЕАЭБ приоритеттеринин бири санариптештирүү экенин, биримдик өлкөлөрүнүн ортосунда электрондук кол коюну өз ара таануу бизнес-процесстерди жүргүзүүнү жеңилдетерин айтты. Кыргызстан деңиз менен чектешпеген өлкө болгондуктан, анын үстүнө экономикабыз Россия менен тыгыз байланышта болгондуктан биримдикте түзүлгөн мындай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга аракет кылышыбыз керек.
Кыргызстан ЕАЭБден эмне утту?
Баса белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин юбилейлик отурумунда ЕАЭБ 10 жыл ичинде экономикалык интеграцияны колдоого жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү аймактык бирикмелердин бирине айланганын баса белгиледи.
“Бир биримдикте болуу менен биз макроэкономикалык туруктуулукту сактап, региондо азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кыла алдык, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтө алдык, өндүрүштүн туруктуу өсүшүн сактоо менен сатуунун жаңы рынокторуна чыга алдык. Биримдикке кирген учурдан тартып 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 млрд. доллардан 15,7 млрд. долларга чейин жогорулап, 2,8 эсеге өстү. Евразиялык экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүү, анын ичинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тоскоолдуксуз бирдиктүү рыногун, энергия булактарынын жалпы рынокторун түзүү, эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылуу, албетте, Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыт болуп келген жана болуп кала берет”, – деди Президент.
Буга улай С.Жапаров саммите Кыргызстандын 10 жылда Биримдикке мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсү 76 пайызга өсүп, 2,5 млрд. доллардан 4,4 млрд. долларга чейин өскөнүн белгиледи. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 3 эсеге, 410 млн. доллардан 1,23 млрд. долларга чейин жогорулаганын, өлкө экспортунун 8 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келерин да кошумчалады. Ошондой эле өлкө башчыбыз глобалдык соода сис-темасындагы олуттуу чектөөлөрдүн фонунда экономикалык активдүүлүк Батыштан Чыгышка, Түндүктөн Түштүккө жылып жаткандыктан заманбап талаптарга жооп берген финансылык, логистикалык жана товар өткөрүүчү инфраструктураны түзүү зарыл экендигин белгиледи. Сөз арасында Президент Кыргызстан ЕАЭБге кирүү боюнча алган милдеттенмелерин толугу менен аткаргандыгын да айтып өттү. Ошондой эле С.Жапаров саммите “Биз кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишеним мейкиндигин түзүшүбүз керек. ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөр рыногун, биринчи кезекте соода, финансы, маалыматтык кызмат көрсөтүү, чыгармачылык ишмердүүлүк, туризм, билим берүү жана медицинага тиешелүү кызматтарды кеңейтүү жөнүндө ойлоно турган мезгил келди деп эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн ишкерлери бул багыттардагы стимулдарды жана колдообузду чындап сезиши керек» деген билдирүү кылды.
Президент мисал келтирген көрсөткүчтөрдү эске алсак, Кыргызстан ЕАЭБ келишимине кол коюу менен туура багыт алган десек болот. Бүгүнкү күндө, өлкө жетекчилиги бул биримдик менен эле чектелип калбай башка чет өлкөлөр менен да экономикалык кызматташтыкты чыңдоого аракет кылууда. Өлкө башчы айткандай, глобалдык соода системасында олуттуу өзгөрүүлөр болуп жаткан чакта чакан экономикасы бар Кыргызстан ЕАЭБ өңдүү интеграциялык, экономика лык бирикмелер менен эсептешпей коё албайт.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”