Пятница, 27 декабря, 2024
-7.9 C
Бишкек

Аз жасалса да, саз жасалса…

Өткөн жылы борбор калаада тротуарлар арбын оңдолду. Буга барбалаңдап сүйүнгөн Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаардыктарга: “23 тротуар! Күндүн цифрасы. Бул сезондо жолчулар талыкпай иштеп жатышат жана көчөлөрдүн дагы 23 бөлүгүндө тротуарларды капиталдык оңдоону баштоону пландаштырылууда.
Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы  менен 2023-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмесине борбордук дагы 23 көчөсү кошулду.
Бүгүнкү күндө эски асфальтын сыйруу иштери 3 көчөдө башталды” деп рапорт берип ийгенге да үлгүрдү.

Албетте, бул кабар шаардыктар үчүн да сүйүнүчтүү болду. Ошентип, капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге кирген көчөлөрдүн тротуарын оңдоо иштери өткөн жылдын август айынын этегинде башталып, “ураа” менен башталган иш кандай жүргөнүнө жалпы шаардыктар күбө болдук. Шаар көчөлөрүндөгү тротуарларды оңдоо иштери 1-ноябрга чейин бүткөрүлөрү убада кылынган. Иш жүзүндө тротуарларды капиталдык оңдоо иштери создугуп кетти. Шаардын 23 көчөсүндөгү сыйрылган тротуарлар ошону менен эки-үч ай унутта калып, шаардыктар үчүн кыйла эле ыңгайсыздыктарды жаратты. Качан гана коомчулук арасында нааразычылыктар айтылып, экинчи жагынан суук түшө баштаганда, казылган тротуарлар тегизделип, тапталып, шашылыш асфальт төшөлө баштады.

Шашылыш жасалган иш сапаттуу болмок беле?!. Оңдоо иштери бүтүп-бүтпөй тротуарлардын дээрлик бардыгы чала бүткөрүлүп жаткандыгы тууралуу шаардыктар социалдык түйүндөр аркылуу, интернет сайттар аркылуу ачык эле айтып чыга башташты.

Мисалга алсак, жолчулар 5-кичи-райондо тротуарды асфальттаганын асфальттап, жолдун чок ортосунда тегерек көзөнөк белги калтырып кетишиптир. Горький менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар же ары эмес, же бери абалда калган.

Чүй проспекти менен Жибек Жолуна чейинки тротуар менен эринбей басып көрсөңүз, жолчулардын “ойлоп табуучулугуна” тан бербей койбойсуз. Муну тротуарды капиталдык оңдоо дегенге болбойт. Бул шылдың жана бюджеттик каражаттарды талаага чачуу дегендик.

Мына ушуга окшогон жолчулардын сапатсыз ишине болгон нааразылыктардан соң, мэриянын жол, курулуш, транспорт тармагын тейлеген вице-мэри тротуарлардын сапатсыз жасалган бөлүгү өз ишине жоопкерсиз мамиле жасаган подрядчиктер тарабынан кайрадан жасала турганын убада кылган.

Арийне, мындай убадалар буга чейин деле айтыла келген, андан эч нерсе өзгөрбөшү, убакыт өтө унуткарылып кала бере турганы эч кимге жашырын эмес. Себеби, буга чейин деле айтылган убадалар аткарылган эмес. Аны баарыбыз билебиз.

Мунун өзү барып-келип, жалпы жоопкерчилик маселесине, ал жоопкерчиликти күчөтүү маселесине такалат. Учурда, мэриянын бул иштерге жооптуу вице-мэри жумуштан кеткени белгилүү. Бирок, ал шаардын көчөлөрүндөгү тротуарларды капиталдык оңдоо иштериндеги шалаакылыгы үчүн эмес, башка иштери үчүн кеткен.

Биерде вице-мэр гана күнөөлүү эмес, тротуардын капиталдык ремонту үчүн каражат шаар бюджетинен бөлүнүп жаткан соң, мэр жеке өзү да жоопкер болушу керек деген ойдобуз. Себеби, биерде ишке карата шалаакылык маселеси жатат.

Ал эми подрядчы курулуш уюмдарына келсек, алар мамлекеттен алган бардык каражаттарды толугу менен кайтарып эле тим болбостон, шаардыктар алдында, шаар алдында моралдык компенсация төлөп берүүгө тийиш.

Себеби, сапатсыз жасалган тротуарларга болгон нааразылык бүгүн да айтылууда. Сөзүбүздү фактылар менен бышыктай кетели, ушу быйыл эле Пушкин көчөсүндө жайгашкан Борбордук Шайлоо комиссия-сынын каршысында төшөлгөн тротуар бир нече жеринен чөгүп кеткен. Бул бир.

Медеров көчөсүндөгү былтыр төшөлгөн тротуарды быйыл кайра казып салышкан. Муну кандай түшүнсө болот? Шаардын бюджетинде тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүп, жыл өтпөй кайра каза бергендей каражат көппү?

Минтип капиталдык оңдоодон өткөн тротуар кайра казылып жатканда, жараксыз абалга келип калган тротуарлар четтен табылат. Буга 10-кичирайондону Ала-Арча суусунун боюндагы тротуарды мисал келтирсек болот. Эгер кокус бул жерден караңгыда бирөө-жарым өтсө, чалынып жыгылып, колу-бутун кокустатып алышы ыктымал.

Шаарда там сүзүп карайлаган, же кайда барарын билбей, эсеңгиреген тротуарлар четинен кездешет. Күйүкова менен Жылга-Сай көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар тамга барып такалып калган. Тротуардын ордуна тосмонун дубалын коюп салгандыктан жөөлөр бул жерден машина жолго чыгып басууга аргасыз. Көчөнүн эки тарабында тең үйлөр түшкөн, тротуар жок. Ал эми Күйүкова көчөсүнүн асфальт-талып, тротуар салынганына бери дегенде беш жылга чамалап баратат. Мэрия Кытай грантынын эсебинен жол салып, тротуар төшөп жатканда, бул маселени эмнеге биротоло чечпей кийинкиге калтырып кеткенине таң каласың?

Болуптур, чоң кишилер машина менен жол талашып көчө менен өтсүн, а балдарчы? А балдардын коопсуздугу тууралуу ким ойлойт. Ошол эле үйлөрүн көчөгө чыгарып салып алгандар эмне үчүн тротуар үчүн тосмолорун алып салууга макул эмес? Мунун өзү барып-келип мэриянын тийиштүү кызматтарынын шалаакылыгы экендиги талаш жок.

Тротуар маселеси бирөө кечерге кечмелик таппай жүрсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт деген макалды эске салат. Шаар бюджетинде каражат ченелүү болгон соң, аз жасалса да саз жасалса эмне?

Болот Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макала
Кийинки макала

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар