Окурмандардын эсинде болсо, “Кыргыз Туусу” гезитинин 30-апрелде жарык көргөн №32(24804) санына “Ылаңдуу мал менен ыйманды кантип тазалайбыз?” деген макала жарык көргөн. Ал макалада Ат-Башы мал базарында болгон окуя жана “кылымдык тарыхы бар” кыргыз ветеринариясынын азыркы акыбалы тууралуу жазганбыз. Туура 18 күндөн соң, көз байланып калганда Ветеринардык кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шараповдун батектей калың катын мага бир жигит таштап кетти. Эске салсак, бул макала жарыяланып жатканда аталган кызматтын жетекчисине жолугуп, өз колуна өтүнүч кат да бергем.
Башкармалык калпычыбы же Мустапаевби?
Бакыйган кызматтын катын окуп отуруп, илгерки СССР маалында жазылган кат адашып жүрүп менин колума тийип калгандай болдум. Чынын айтсам, Ветеринардык кызматтын жообу залкар төкмө акыныбыз Тууганбай Абдиевдин “Автоинспектордун түшүнө башка инспектор, башка инспектордун түшүнө ба-ашка инспектор кирет” дегениндей эле жооп болуптур. Болбосо, “эсил кайран торпогумдун кабарын” айтып барганымда Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Үмөтаалы Саалаев “Айылдык ветврач лабораториянын тастыктамасы жок, базада эмне турса ошонун негизинде №1а формасындагы ветеринардык күбөлүк бергенин, мал ээси баарын сайдырдым деп алдаганын” айтып (жооптун аудиожазуусу сакталуу), мал ээсине тиешелүү чараларды көрөбүз деп опулдаган. Ошол эле кезде ал Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергеновдун атына жазган билдирүүсүндө (тилекке каршы, билдирүүнүн кайсыл күнү башкармалыктан чыгышталганы так көрсөтүлбөй, анын колу, мөөрү да басылган эмес) 2024-жылдын апрель айында Кубан Мустапаевдин ири мүйүздүү малдарына карасан жана шарп ооруларына каршы эмдөө жүргүзүлгөнүн билдирген. А мал ээси Кубан Мустапаев болсо 14-апрелде бизге (мага, иниме, кайниме) жана кийин 21-апрелдеги сүйлөшүүбүздө (аудиожазуу сакталуу) мага саткан торпогуна шарпка каршы вакцина сайылбаганын айтып жатат. Ошондо биз Үмөтаалы Саалаевге ишенебизби же мал ээсине ишенебизби?! Ветеринардык кызмат мага жолдогон жообунда көрсөткөндөй, мындай учурда мал ээсинин, ошол эле райондук ветеринардык башкармалыктын жоопкерчилиги эмнеге эске алынган эмес деген суроо жаралат.
Баарынан кызыгы мындай билдирүү кылган Ат-Башы райондук жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жообуна кошумча Кубан Мустапаевдин малы апрель айында тиешелүү вакциналарды алганын тастыктаган эч кандай документ тиркелген эмес. Андай документ болбогон соң райондук башкармалыктын курулай бир барак сөзүнө, бирине-бири үндөшкөн түшүнүк каттарга кантип ишенүүгө болот? Ү.Саалаев өзү айткандай, бул жерде К.Мустапаевдин малынын таза экендигин күбөлөндүргөн эч кандай ынанымдуу документ көрө алган жокпуз.
Жоопкерчиликтен качкан жооп
Эми КРнын Ветеринардык кызматы жиберген бул каттагы күлкү келерлик, бир чети аянычтуу дагы бир жалган жагдайды ачыктайын. Кубан Мустапаев өзүнүн 26-апрелде жазган түшүнүк катында “мен саткан торпок санына басылган тамгадан улам өлгөн” деп көзү ачыктык кылыптыр. Эгер ал айткандай, жамбашка басылган тамгадан мал өлө турган болсо ат-башылыктардын малы эбак эле кырылып калмак. Себеби, жаз алды менен ар жылы жайлоого чыкчу торпокторго андай тамгалар басылып эле келе жатат. Муну “мал багуунун эрежелерин жакшы билген” Мустапаев да эң жакшы билет. Болгону бул жолу ал райондук ветеринардык башкармалыктын “диктовкасы” менен ушинтип жазганга аргасыз болгон. Минтип айтууга жөнүм бар. Себеби, мен ветеринардык башкармалыкка кайрылган күндүн эртесинен тарта эле Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн ветадиси Жаныбек Жакшылыков (аудиосу бар) “Торпок тамга баскандан өлүшү да мүмкүн” божомолун мага таңуулай баштаган. Анан минтип Кубан Мустапаев да түшүнүк катында “торпоктун сол жамбашында эки жолу күйгүзүлүп басылган тамгаларды көрдүм.. торпоктун тамга баскан жери шишип, ошондон өлгөн” деп жазыптыр. Бул жерде көрүнүп тургандай, эки сөздүн башын туура жаза албаган К.Мустапаевге түшүнүк катты “түшүнүктүүлөр” ушинтип жаз деп жаздыртканын баамдасак болот. Анткени, андай жазылган түшүнүк кат менен Мустапаев да, Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгы да жоопкерчиликтен, баш оорудан оңой кутулуп жатпайбы.
Ал эми Ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басары Б.Шарапов Ат-Башы ветеринардык башкармалыгынын эптеп чүргөй салган актысын, ветадис-тердин түшүнүк каттарын терең анализдебей, териштирбей туруп алардын жазганы боюнча жооп жазып, ага 8-майда кызматтан кеткен (Ү.Саалаев өзү айтып жатат) Ү.Саалаевдин башкармалыктан чыгышталбаган, мөөрү, колу коюлбаган билдирүүсүн, Казыбек айыл өкмөтүнүн вет-адиси Ж.Жакшылыковдун билдирүүсүн жана тиешелүү адамдардын түшүнүк каттарын, ошондой эле Кызыл-Туу айылында түзүлгөн актыны коштотуп мага “Кыргыз почтасы” аркылуу салып жибериптир. Көрүнүп тургандай, аталган кызмат дагы бул ишке Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгындай салкын мамиле жасаган. Так ушундай жүр-нары мамиледен улам азыр Кыргызстанда адамдарда боор, ашказан, ичеги, ички орган оорулары күчөп жатканы айтпасак да түшүнүктүү. Эгер бийлик, эл ишеним арткан мамлекеттик кызматтар ушундай иштей турган болсо өлкө келечеги, улут саламаттыгы тууралуу кеп козгоонун да кереги жок.
Эсти маң кылган эки ача пикир
Ушул эле мага келген каттагы Казыбек айыл өкмөтүнүн ветадиси Ж.Жакшылыков билдирүүсүндө “2024-жылдын 25-апрелинде Кара-Булуң айылынын аймактык милициясы, капитан Н.Жумакадыров болуп Кызыл-Туу айылынын тургуну К.Мустапаевдин үйүнө барып уйларын клиникалык кароодон өткөрдүк” деп жазып жатат. Бирок, ал күнү мен Ж.Жакшылыковго кечке жуук байланышканымда К.Мустапаевге бара албай калышканын билдирген. Демек, Ж.Жакшылыков мындай билдирүү жазуу менен өзүн арыз боюнча ыкчам иш жүргүзгөндүгүн жасалма түрдө далилдегиси келгени көрүнүп турат. Бул жерде да Ж.Жакшылыковго билдирүүнү ушундай жаз деген көрсөтмө болгону ачык эле көрүнүп турат.
Ошондой эле мен ага телефон аркылуу байланышканымда ал Кубан Мустапаевдин малы буга чейин кандай вакциналарды алгандыгын тастыктап берем деген (аудиосу бар). Тилекке каршы, анын билдирүүсүнө да андай тастыктама тиркелген эмес. Баса, мен Ат-Башы ветеринардык башкармалыгына барганымда Ж.Жакшылыков Ү.Саалаев менен менин көзүмчө “Кубан Мустапаев акчаны жакшы көргөн бала. Ал малына кара-санга каршы вакцина алган эмес” деп айткан. Көп өтпөй эле Ж.Жакшылыков өз пикирин өзгөртүп, К.Мустапаевдин малы бардык вакциналарды алганын айта баштады. Минтип эки ача пикир айткан ветадиске ишенүүгө болобу?!
Бул жерде баса белгилей турган нерсе – Ж.Жакшылыковдун айтымы боюнча, Кубан Мустапаев анын айылдашы. Ал тургай анча алыс эмес кошуна. Демек, Ж.Жакшылыков айылдашына жолуккан соң пикирин 180 градуска өзгөрткөн десек болот. Кыскасы, Ж.Жакшылыковдун бул аракетине азыр мыйзам чегинде баа берилбесе да, өзү айткандай “Кудай астында акыры бир күнү таразаланары” турган иш.
Улугбек Сыргаболотовичке сырга
Баарынан кызыгы, Ветеринардык кызматтан мага келген катта Ак-Муз айылынын жеке ветеринардык адиси Жолдошбек Сүйүновдун Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Ү.Саалаевге жазган түшүнүк каты бар. Анда айылдык ветадис “Ак-Муз айылынын тургуну Саркелдиев Төлөгөндүн үй-бүлөсүнөн базардан мал сатып алуу жана мал ооруп жаткандыгы жөнүндө ушул күнгө чейин эч ким кайрылган эмес” деп жазган. Чындап келсе, бул айылда мындай аты-жөнү бар адам жок. Демек, Жолдошбек Сүйүновдун бул “түшүнүксүз” түшүнүк каты да кандай жагдайда жазылганы белгисиз.
Эң өкүнүчтүүсү, Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынан келген каттын сыртына менин аты-жөнүм Мелис Совет уулу (туурасы) деп жазылбай “Мелис уулу Совет” деп жазылган. Ушундай алешемдиктен эле “100 жылдык тарыхы бар” Ветеринардык кызматыбыздын дарамети, иши кандай экенин көрүүгө болот. Баса, мен барганда Ветеринардык кызматтын жетекчиси Улугбек Кожобергенов мырза менин өтүнүч катыма туура 4 күндө жооп берерин убада кылган. Ошондой эле ал бул кызматта толук реформа жүргүзүлөрүн айтып, эски кадрлар алмашыларын да сүйүнчүлөгөн. Бирок, туура 18 күндө мага ушундай ынанымсыз, далилсиз, жүр-нары жооп келгени бул кызматта жакын арада реформа болбой турганын көрсөткөндөй болду.
Сөздүн кыскасы, мамлекеттик чиновниктерибиздин запкысын дагы далайга өзүбүздүн, балдарыбыздын саламаттыгы аркылуу тартат окшойбуз.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”