Кеминде 34 жаштагы адам күйдүргүгө (сибирь жарасына) шектелип ооруканага жаткырылды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча 3-май күнү торпок союлуп, 80-100 килограмм эт таратылган. Эпидемиологдор мал аталган илдетке каршы эмдөө албаган болушу мүмкүн экендигин айтышууда.
Сибирь жарасы кишиге малдан жугат. Ооруну таякчага окшогон микроб козгойт. Ал айлана-чөйрөнүн терс шарттарына абдан туруктуу келип, 100 жылга чейин жашайт. Көбүнчө бодо мал, кой, эчки, чочко, төө жана башка үй жаныбарлары ылаңдайт. Күйдүргүнү эт, тери, жүн даярдоочу өндүрүштөрдө иштеген кишилер же жөн гана жай тургундар ылаңдаган малды союп, терисин сыйрып же жүнүн кыркып, жууп жатканда жугузуп алышат. Ылаңдаган малдан анын козгогучтары заара, заң, кан жана башкалар менен бөлүнүп чыгып жерди, чөп-чарды, сууну, тегеректеги буюмдарды булгайт.
Кишиге оору көбүнчө тери, кээде ооз, мурун жана көз аркылуу жугат. Көбүнчө илдет терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Күйдүргү жарасы көбүнчө дененин ачык жеринде: колдо, бетте, моюнда пайда болот. Оору жуккандан кийин анын негизги белгилери 2-3 күндөн соң пайда болот.
Күйдүргүнүн тери формасында микроб кирген жерде эң мурда кызыл так пайда болот, андан кийин томпоюп шишимек тартат. Кийинчерээк ал ыйлаакчага айланып, сууга, бир аздан кийин ириңге толуп, бат эле жарага айланат. Жара кычышат, ысыйт, ириңге кан кошулгандыктан анын өңү кара кочкул, тегереги кызарып шишимек тартып турат. Бул ооруда адамдын дене табы 39-40°ка чейин көтөрүлөт. Баш ооруйт, адам алсырайт, жүрөгү тез согуп, бир аз демигет. Мындай абал 5-7 күнгө чейин созулат. Ал эми 2-3 жумадан кийин карт түшөт.
Күйдүргүнүн өпкөдөн же ичеги-карынды жабыркаткан ички формасы өмүргө коркунучтуу. Өпкө күйдүргүсүндө оору катуу, капысынан кармайт, температура бир заматтын ичинде 40-41°ка жетет, көз кызарып жаш агат, жөтөлөт, чүчкүрөт, үн кырылдайт, бүтөт, көкүрөк сайгылашып ооруйт, демигет, эрин, моюн көгөрөт. Жөтөлгөндө кан аралаш какырык чыгат. Диагнозду өз убагында коюп, дарылабаса оорулуу 2-3 күндүн ичинде эле өлүмгө учурашы мүмкүн. Ичеги-карын формасында ич ооруп өтөт, кан аралаш кусат, кээде ич көөп, заң чыкпай калат. Эгерде оорунун белгилери байкалса же күнөм санаган учурда дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл.