Жыпаргүл Кудайбердиева ординатураны 2016-жылы Новосибирск мамлекеттик медициналык университетинен окуп бүтүргөн. Кийин Новосибирск облусундагы Бердск шаарында жайгашкан борбордук ооруканада хирургиялык бөлүмдө 8 жылдан ашык убакыт иштеген. 2023-жылы мекенине кайтып келип, учурда №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасында, проктология бөлүмүндө иштеп жатат. Жыпаргүл биз менен болгон маекте, ич катууга маани бербей жүрө берүү канчалык кооптуу экенин айтып берди.
– Жыпаргүл, айтсаңыз, жаңы төрөлгөн же 1 жашка толо элек балдар суткасына канча жолу заңдашы керек?
– Эмчек эмген баланын заң-дашы эненин тамактануусуна жана режимине байланыштуу. Эне кандай тамак жесе, ошол тамактардын заттарын сүт аркылуу бала кабыл алат. Ошондуктан, эненин рационунда витаминдүү тамактар болуусу шарт. Эненин сүтү менен гана азыктанган балдар суткасына (6 айга чейинки) 1-10 чейин заңдаганы нормалдуу көрүнүш. Ал эми кошумча тамак берип баштагандан кийин, бала бир күндө бир жолу сөзсүз түрдө кыйналбай жумшак заңдашы керек.
– Адатта ымыркай балдар төрөлгөндөн тартып 2-3 айга чейин колики болушат эмеспи. Ошол учурда туура эмес кам көрүү алардын ичегилеринин туура эмес иштешине алып келбейби?
– Жаңы төрөлгөн балдардын ичегилери стерилдүү болот. Кийин ичегиде микрофлоралар пайда болот. Ошондуктан, балдардын ичи ооруйт. Бирок, бул оору эмес. Мындай учурда балдарга массаж, гимнастика жакшы жардам берет. Ошондой эле газ чыгаруучу трубкалар бар, ошолорду колдонсо болот. Дарыгерлер кээ бир учурда пробиотиктерди жазып беришет. 3-4 ай убакыт сааты менен физикалык көнүгүүлөрдү жасап кам көрүп турса, бул нерсе өтүп кетет.
– 10-15 күндөп чоңго барбаган адамдарды кездештирүүгө болот экен. Бул көрүнүш адамдын организми үчүн канчалык кооптуу? Буга маани бербей жүрө берүү эмнеге алып келиши мүмкүн?
– Ооба, 10-15 күн бою заңдабай жүрө берген жаш балдар да, чоңдор да бар. Ал тургай айлап заңдабай, ага каршы аракет көрбөй жүрө берген бейтаптар кездешет. Бирок, бул нормалдуу көрүнүш эмес. Адам канчалык көпкө чейин заңдабай жүрө берсе, анын жоон ичегинин көлөмү ошончолук чоңое бериши мүмкүн. Ал эми жоон ичеги канчалык узарып, канчалык чоңойгон сайын, ошончолук заң көп чогулуп, топтоло берет. Бул абдан коркунучтуу. Ичегилердин бүтөлүүсү, ректалдык жарака, перфорация, геморрой, дененин фекалдык интоксикациясына ж.б. ооруларга алып келиши мүмкүн.
– Өз практикаңызда кандай учурларды кездештирдиңиз?
– Новосибирсктен келген жылы эле “каловая интоксикация” диагнозу менен келген балдарды көп көрдүм. 11 жаштагы кызды алып келишти. Ичи 9 айлык боюнда бардай болуп көөп кетиптир. Өңү бозоргон, тамакка табити таптакыр жок. Көрсө, бир айдан бери заңдай элек экен. Ооруканага жаткырып, бир жума клизма жасадык. Ошондон кийин ичи бөксөрүп, өзүнө келип, табити да, маанайы да ачылды. Дагы бир жолу ооруканага 3 жаштагы бала келип түштү. Ал да чоңго бара элегине бир айга чамалап кетиптир. Ичи чоңоюп кеткендиктен, чуркап жүргөн бала баспай калыптыр. 1-2 жумалап клизма жасап жатып, араң дегенде өзүнө келтирдик. Мени ата-энелердин кайдыгерлиги өкүндүрөт. Эмне үчүн балдарын өз убагында дарыгерге көрсөтүп, тиешелүү аракеттерди көрүшпөйт. Ичтин катуусу – абдан коркунучтуу. Уулу зат убагында сыртка чыкпаса, кайра организмди ууландырат.
– Мындай окуяларга Новосибирскте иштеп жүргөндө да туш болдуңуз беле?
– Бердск шаардык ооруканасында иштеп жүргөндө, Казакстандан 6 жаштагы баланы алып келишкени эсимде. Ал бала төрөлгөндө Гиршпрунг оорусу менен төрөлгөн экен. Мындай учурда ичегиде инервация жок болуп, ичеги кыймылдабай, заң жылбай туруп калат. Ошол үчүн ич катат. Дарыгерлер төрөлгөндө эле операция жасоо керектигин айтышыптыр. Бирок, ата-энеси операцияга берүүдөн коркуп, элдик медицина менен дарылап жүрө беришкен экен. Акыр аягында 6 жаштагы баланын жоон ичегисинен 20 см. эле калтырып, калганын кесип алып салууга туура келген. Ошондо 20-30-жылдык тажрыйбасы бар кесиптештерим ал баланын окуясына аябай таң калышкан. Ал эми эң кызыгы Кыргызстанда мындай патология менен төрөлгөн балдар жана ич катуунун өнөкөт формасы менен жүргөндөр абдан көп экен. Кыргызстанга келгенден бери бул көрүнүшкө таң калбай деле калдым.
– Бул оору кандай оору жана ымыркай төрөлгөндөн кийин канча убактан соң билинет?
– Эгерде бала жоон ичегидеги патология менен төрөлсө, бала кусат, ичи чоңоет, заңдабайт, дене табы көтөрүлөт. Ымыркайларды сөзсүз балдар хирургуна көрсөтүп, пландуу текшерүүлөрдөн өтүп турушу керек.
– Жаш балдарды белгилүү бир убакта гаршокко отургузуп үйрөтсө, ошол маалда заңдаганга көнүшөбү?
– Албетте, заңдагандын да режими болот. Адамдын ичегиси сааттай болуп иштейт. Күндө бир убакта заңдаганга көнсө, ошол убакта белги келет. Балдарды гаршокко отургузуп баштаган убакта эле аларды бир убакта заңдаганга үйрөтсө кийин ал адат болуп калат.
– Балдардын ичи катып, бир жолу чоңго кыйналып барса, кийинки жолу заңдагандан коркуп калышат. Бул учурда кандай ыкмаларды колдонсо болот?
– Бала бир же эки күн заңдабай калдыбы, демек зат алмашууда көйгөй бар деген сөз. Муну создуктуруп жүрө бербей гастроэнтерологдорго, проктологдорго кайрылуу керек. Себеби, бала заңдабай жүрө бергенде заңдын көлөмү чоңоет, заңдагы суу ичегиге сиңип кетип, кургай баштайт. Албетте, кургап, ныкталып калган затты сыртка чыгарууда балдар кыйналат. Дааратканада көпкө отурат, оорутат, канайт, кан аралаш заңдайт. Ошондон улам балдарда геморрой оорусу пайда болот. Эң жакшысы өз убагында дарыгерге кайрылса, баланын жашына, салмагына жараша дары-дармек жазып беришет.
– Дары-дармектерден сырткары сироп, свечаларды колдонууда, аларга көз карандылык пайда болбойбу?
– Кээ бир дарыларга организм көнүп калышы мүмкүн. Андыктан, аларды дарыланып жаткан учурда гана колдонуу сунушталат.
Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”