Окуучуларды учурдун талабына ылайык окутуу, аларга заманбап көндүмдөрдү үйрөтүү багытында кандай иштер аткарылып жаткандыгы тууралуу “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин физика кафедрасынын жетекчиси Исмаилов Азатбек Өмүргазиевичти маекке тарттык.
–Азат мырза, окурмандарыбызга Кембридж программасы жөнүндө айтып берсеңиз.
–Кембридж эл аралык окуу программасы — дүйнөлүк стандартта билим берген жана дүйнө жүзү боюнча университеттер менен иш берүүчүлөр тарабынан таанылган система. Ал өзүнүн окуу программасы аркылуу окуучуларды орто мектептен кийинки жашоого даярдайт. Бул окуу системасы азыркы учурда 160тан ашык өлкөдө, 10 000 мектепте колдонулат жана бүтүрүүчүлөрүнө эл аралык деңгээлде сертификат, квалификация берип келет.
–Бул программа башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
–Бул программанын айырмачылыгы жана артыкчылыгы абдан көп. Биринчиден, бул программа окуучуга терең билим берүү менен чогуу сынчыл ой жүгүртүү жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүнө басым жасаганы менен белгилүү. Кембридж окуучулары өзүнө ишенген, жоопкерчиликтүү, ой жүгүрткөн, жаңычыл жана билим менен алектенген окуучу болуп чыгышат. Кембридждин бул 5 атрибуту окуучуларга мектепте, жогорку окуу жайларында ийгиликтүү болууга жардам берет. Экинчиден, бул программа окуучуну заманбап китептери менен, ал эми мугалимди болсо окуу материалдары, сынак суроолору жана профессионалдык жактан өнүгүү курстары менен толук камсыз кылат. Үчүнчүдөн, бул программа күн сайын өзүн жаңылап, замандын талабына жараша толуктап турат.
–”Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин канча лицейи Кембридж аккредитациясынан өткөн жана алар кантип иш алып барышууда?
– Азыркы учурда 11 лицей толук Кембридж программасынын аккредитация-сынан өткөн жана окутууну ушул программанын негизинде жүргүзүп жатат. Ал мектептеги мугалимдердин көбү Кембридж тарабынан уюштурулган квалификацияны жогорулатуу курстарына катышып, сертификаттарын алышкан. Ошол мугалимдер Кембридж стандарттарына ылайык билим берип жатышат. Калган лицейлер дагы жакынкы арада Кембридж аккредитациясынан өтүп, расмий түрдө эл аралык Кембридж мектеби статусун алууга даярданып жатышат.
–Бул программага өтүүдө кыйынчылыктар болдубу? “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлери аккредитацияны кантип алды?
– Кембридж аккредитациясын алуу үчүн мектеп Кембридждин койгон критерийлерине жана талаптарына толук жооп бериши керек. “Сапаттын” лицейлеринде негизги предметтер англис тилинде окутулуп, эл аралык талаптарга жооп берген шарттары болгондуктан, олуттуу оорчулук деле болгон жок. Ошого карабастан, лабораториялардагы жабдууларды жаңылоо сыяктуу талаптары толук аткарылып, Кембридж аккредитациясы алынды.
–Мугалимдер Кембридж программасы менен иштөөдө эмнелерди билиши кажет? Мугалимдерди тандап алуу жолу кандай?
– Мугалимдердин Кембридж программасы менен иштей билүүсү үчүн алардан бул программаны билет жана колдоно алат дегенди билдирген сертификаттар талап кылынат. Ал сертификаттар онлайн жана оффлайн түрүндө курстан өткөн мугалимдерге Кембридж тарабынан берилет. Мугалимдерге билимин тереңдетүү, тажрыйбасын кеңейтүү үчүн колдоо жана жардам көрсөтүлүп турат. Мугалимдерди тандап алууда болсо, программа менен иштөөдө тажрыйбасынын бар экендиги жана сабакты Кембридж стандарттары жана методикасы менен өтө алгандыгы эске алынат.
–Мугалимдер профессионалдык жактан кантип өсүп-өнүгө алат?
–Кембридждин мугалимдер үчүн уюштурулган онлайн жана оффлайн курстары бар. Курстарда эффективдүү сабак планын даярдоо, сабак учурунда колдонулуучу ыкмалар жана иш-чаралар, сынактын суроолорун даярдоо жана текшерүү ыкмалары, баалоо системасы жана башка ушул сыяктуу нерселердин баары ирети менен үйрөтүлөт.
–Окутуу Кембридж программасы менен жүргүзүлгөн мектептерди аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жогорку окуу жайларга тапшырууда кандай артыкчылыктары болот?
– Кембридж программасынын баалоо системасы абдан күчтүү жана ишеничтүү. Окуучунун билимин толук 100 пайыз текшере алган сынактары бар. Чет мамлекеттеги университеттерге тапшырыш үчүн ал сынактардын жыйынтыгы дагы каралат. Өзгөчө бул сынактын жыйынтыгын дүйнөнүн эң алдыңкы университеттери кабыл алат. Кембридж сынактарында жакшы жыйынтыкка ээ болуу үчүн окуучу сөзсүз Кембридж мектебинен билим алып, сынакка жакшы даярданышы керек. Дагы баса белгилей кетчү нерсе – бүтүрүүчүлөрдүн бул Кембридж билими менен күчтүү университеттерде кыйналбай окуп кетүүсү. Мектепте алган билими жана көндүмдөрү жогорку окуу жайда алардын ийгиликтүү болуусуна чоң салым кошот.
–Кембридж программасы “Сапаттын” лицейлерине кандай таасирин тийгизди?
– Кембридж программасы окуучулар менен мугалимдерибиз үчүн чоң жаңылык болду. Окуучуларыбыз предметтерди Кембридж китептери менен, окуу материалдардын өзгөчө ыкма менен, көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган техника менен үйрөнүп башташты. Ал эми мугалимдер болсо, ошол эле сабагын маалымат бериш үчүн эмес, окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүнө жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүнө басым жасоо менен үйрөтүп башташты.
–Келечекте бул программада дагы кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?
– Биз азыр Кембриджде болгон жаңы сабактарды окуу программабызга киргизип баштадык. Азыркы учурда Кембриджде 70тей сабактын түрү бар. Мисал үчүн, актуалдуу болгон “Глобалдык перспектива” деген сабак программага киргизилген. Азыркы заманда бул сабак окуучулар үчүн аябай маанилүү. Ушул сыяктуу дагы башка сабактарды дагы киргизели деген план бар. Окуучуларыбызды Кембридждин официалдуу сынактарына активдүү катыштырууну дагы көздөп жатабыз.
–Азат мырза, бизге убакыт бөлүп, маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем.
– Сизди жана “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясынын жамаатын гезиттин уюшулгандыгынын 100 жылдыгы менен алдын-ала куттуктап кетели. Ишиңиздерге ийгилик!
Вера Беделбек,
“Кыргыз Туусу”