Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

“Ирилештирүү айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгарууга шарт түзөт”

Жайыл районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Азизбек Манапов менен аймактагы жасалып жаткан реформалар тууралуу маектештик.

-Жыл сайын коомубузда жаңы заманбап технологиялык өзгөрүүлөр болуп жатпайбы. Өлкөбүз боюнча толук санариптештирүүгө өттүк. Бул биздин иш кагаздарыбыздын кыйласын да, кызматчыларыбыздын санын да азайтууга алып келди. Айыл тургундары мурдагыдай справка же башка документтер менен бизге келбей эле “Түндүк” тиркемесине кирип ала алышат. Мындай ыкма бүгүн эле жарала койгон жок. Башка райондордо сынамык катары жүргүзүлүп, андан оң натыйжа болгондон кийин гана республика боюнча жайылып отурбайбы. Мындай ирилештирүү экономикалык жактан гана пайдалуу болбостон дотацияда отурган айыл өкмөттөрүн да дотациядан чыгарууга шарт түзөт демекчимин.

Аймактык реформа көптөн бери эле айтылып келе жаткан болчу. Буйруса, ал реформа Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып отурат. Эмне үчүн ал реформаны ишке ашырууга болбойт? Сөзсүз болот. Биз эмне үчүн шайланып жатабыз? Реформаны ишке ашырсын деп бизге ишеним артылгандан кийин, биз ошо ишеничти аткарууга милдеттүүбүз.

Мына үч айыл өкмөт биригип, 6 айылды, он бир миң калкты түзүп калдык. Ал эми түштүк жакта калкы  50 миңден ашык айыл өкмөттөрү бар, алар деле жакшы эле иштеп жатышпайбы.

– Бириктирүүнүн максаты эмнеде деп ойлойсуз?

– Бириктирүүнүн максаты –жетекчилик жоопкерчиликти жогорулатуу, натыйжалуу иштөө, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу. Буга чейин ар бир айыл өкмөтүндөгү техникаларды бир жерге чогултуп, муниципалдык ишкана ачуу боюн-
ча аракеттерди көрүп жатабыз.

–  Жетекчиликке келгенде ишти эмнеден баш-тадыңыз?

– Мурдагы Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак айыл өкмөттөрү кошулуп бир айыл өкмөтү болуп калбадыбы. Мен жаңы жетекчимин. Ошондуктан мурдагы үч айыл өкмөттөрүнүн экономикасы, финансылык абалы, бюджети, кадрлары, калкы, аймагы, ресурстары менен таанышууга туура келди.

Аймактын калкы менен жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлөр менен жеринде таанышып, алдыдагы пландарды түзүү үчүн эл мүдөөсүн билүүгө аракеттендим.

Жолугушууларда алты айылда тең негизинен ичүүчү таза суу жана жол маселелери көтөрүлдү.

– Айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруунун жолдорун эмнеден көрөсүз?

– Тынымсыз иш-аракеттен, изденүүдөн. Муниципиалдык ишканаларды ачып, аларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү керек. Учурда техникаларыбыз жетиштүү. Аларды бир багытка коюп иштетүүгө өтөбүз. Сырткы жана ички инвестицияларды тартуу, чакан ишканаларды иштетүү, туризмди өнүктүрүү ж.б. иштерди аткаруу зарыл. Учурда биздин айыл өкмөтүнүн кирешеси 25 млн. сомду түзсө, биз аны эки эсеге көбөйтүшүбүз керек. Ошондо гана биз дотациядан чыга алабыз. Президент да, эл да ошону талап кылып жатат. Биз аны аткарууга милдеттүүбүз.

– Үч айыл өкмөтүнүн техникалары, бюджети, депутаттары биригип жатат да?

– Ооба. Депутаттары өз мөөнөттөрү бүткөнчө иштей беришет . Ал эми техникалары топтоштурулуп, бир эле жерде болот.

– Калк талаптарын аткарууда кайсы иштер башталды?

– Учурда Сосновка айлына АРИС аркылуу 135 млн. сомго таза суу боюнча долбоор ишке ашырылып жатат. Буйруса, ноябрда ишке берилет деп турабыз. Ошондой эле Бөксө-Жол, Бекитай айылдарына да таза суу тартылууда.

– Сырткы жана ички инвестицияларды тартуу боюнча эмне айтмакчысыз?

– Биздин аймак тоо түбүнө жакын жайгашкандыктан кооз капчыгайларыбыз, кичи шаркыратмаларыбыз бар. Аларга инвесторлорду тартуу менен туризмди өнүктүрмөкчүбүз. Ошондой эле капчыгайдан келген тоо суусунун башында турабыз. Илгери бул аймакта кичи ГЭС болгон экен. Инвестиция тартуу менен аны курууну колго алсак, экономикабыз үчүн бир топ пайдалуу болмок.

– Учурда жаз жарышы кызуу жүрүп, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, санитардык жактан тазалоо иштери аяктоо алдында. Бул жазгы өнөктүгү боюнча эмнелерди иштеп жатасыңар?

– “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Кайырма айылынын жээгине Ынтымак паркын уюштуруп, ага 1 550 түп көчөт отургуздук. Айланасын зым тосмолор менен тосуп, көчөттөрдүн баарын сугарып алдык. Буйруса, 4-5 жылда кадимкидей парк болуп калат.

– Сөз аягында келечек пландарыңыз менен бөлүшө кетпейсизби?

– Жакшы болот. Муниципалдык наабайкана ачууну пландаганбыз. Андан тышкары, союз  убагынан калган интернатыбыз бар. Ошону жайкы лагерге айлантуу аракетин көрөбүз.

 Айыл өкмөтү жөнүндө маалымат

Талды-Булак айыл аймагы үстүбүздөгү жылдын 13-мартында түзүлдү. Айылдардын саны – 6. Алар: Сосновка, Сары-Булак, Моңолдор, Бекитай, Бөксө-Жол, Кайырма айылдары. Кожолуктун саны – 2 306. Ал эми калкынын саны – 11 017. 4 жалпы билим берүү мекеме бар, алардагы окуучулардын саны – 2 032. Мектепке чейинки мекемелердин саны – 4. 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 5 ФАП, 1 тиш дарылоо бейтапканасы бар.

Дене тарбия жана спорт тармагындагы объектилерге келсек, 5 футболдук талаа, 3 спорт залы, 1 спорт аянтчасы орун алган. Ошондой эле, 1 спорт комплекси, 8 мончо, 1 чач тарач, 22 дүкөн жайгашкан. Жер аянты – 110 500 га. Анын ичинен айдоо жер – 9 245 га, сугат жер – 6 770 га. Негизгинен арпа, буудай жүгөрү, беде, кызылча ж.б. өсүмдүктөр айдалат. Калк-ты ичүүчү таза суу менен камсыз болушу 85 пайызды түзөт.

Болот Жумагулов, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар