Мурдагы макалабызда “Эркин Тоо” гезити – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун өкмөтүнүн эл агартуу, улуттук кадрларды даярдоо саясатын ар бир санында чагылдырып келгенин айтканбыз. Ал учурда жер-жерлерде мектептерди ачуу, мүмкүн болушунча окуу куралдары, китептер менен камсыздоо, сабаттуу мугалимдер менен толуктоо мамлекеттин башкы саясаты болгон. “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезити туңгуч мамлекетибиздин эл агартуу саясатынын башатында тургандыгын, калктын сабатын жоюуда алгачкы алиппе катары кызмат өтөгөндүгүн бүгүнкү күндө чоң сыймык менен айта алабыз.
(Башталышы 2024-жылдын 30-апрелиндеги №32 санында)
Эл агартып калктын көзүн ачуу… жалпы милдет
“Эркин Тоонун” 1925-жылдын 16-февралындагы №6 санындагы “Калк агартуу айы” аталган А.Байыштын макаласында “10-февралдан – 10-мартка чейин “эрктүү кыргыз облусунда эл агартуу айлыгы” башталганы маалымдалат.Мындан улам 1924-жылга салыштырмалуу 1925-1926-жылдары эл агартуу иштери кыйла жөнгө салынып, багыттар так аныкталып, системалуу иш алып баруу жолуна түшкөнүн көрөбүз.
Макалада айтылгандай, атайын түзүлгөн комиссия бир айдын ичинде айыл-кыштактардагы мугалимдердин ал жайы, мектептердин турмушу менен таанышып, бир катарын жергиликтүү бюджетке, калгандарын келишим менен иштөөгө өткөрүү максатын көздөгөн. Ошондой эле мындай деген максаттарды аткаруу каралган (кыскартуу менен берилди):
– Окутуучу мугалим, окуучу балдардын санын алуу;
– Ар бир болушка мектеп ачуу камын көрүү;
– Мектептерди гезит, китептерге жаздырып таратуу;
– 9 жылдык 2 мектепке эгин айдаганга үрөн берүү, аларды айыл чарба техникумуна айландыруу;
– Ар бир мектепке 6 теше (гектар) жер бөлүп берүү;
– Келерки окуу жылына карата мектептерге китеп, окуу каражаттарын
даярдай баштоо;
– Такыр кат тааныбагандардын мектебин ачуу;
Макала “Облус, округ айылдагы ак жүрөк азаматтарыбыз биригип, эл агартуу ишине киришкенде гана кара таман кедейлерди караңгылыктан куткара алабыз. Эл агартып калктын көзүн ачуу…жалпы милдет”, – деген чакырык менен аяктайт.
Эске алчу маалымат
Ошол учурдагы сабаты ачылган окуучулар үчүн эң жогорку окуу жайы Ташкендеги САКУУ (Орто-Азия коммунисттик университети) болгон. Ушул эле сандагы “Эскерүү сөзү” аталган маалыматта бул окуу жайында ошол мезгилде 60 бала окуп жатканы, алардын 35и Жети-Суу облусунан, калгандары Ферганадан экени айтылат. Бирок САКУУда окуган балдардын абалы оор болуп, көбү кедейдин балдары болгондуктан кийимден, тамак-аштан кыйналып жүрүшкөнү тууралуу сөз болот.
Кандай болгондо да, мына ушул САКУУну бүтүргөн ач-жылаңач кедейдин балдары, кийин жаңыдан түптөлгөн кыргыз мамлекетинин кышын коюшкан, өз мезгилинин билимдүү кадрлары болуп чыкканын тарых тандырбайт.
Зарыгам
Мукай Элебаевдин “Зарыгам” деген ыры баарыбызга мектептен бери эле тааныш болсо керек. Ошол кезде окуудан көзү өткөн жүз миңдеген жаштардын тилегин чагылдырган бул ыр “Эркин Тоонун” №6 санына жарыяланган. Белгилей кетсек, бирде жөө, бирде ат араба менен Пишпекке окуу издеп келген Мукай Элебаев, кийин кыргыздын чыгаан акын-жазуучусу болуп чыккан. Ырды алгачкы жарыяланган калыбында бердик.
Таңды кеч ойлоп талыгам,
Талыкшып жаным тарыгам.
Амалым жок кол кыска,
Ойлонуп жатып зарыгам…
Ачык бир даана бет албай,
Алыскы жерге кете албай.
Самаган күткөн жериме,
Зарыгам асти жете албай.
Канткенде табам амалын,
Көкүрөктө жаранын.
Алыста «окуу» артык деп,
Угамын катуу кабарын.
Маскөө, Ташкен ураанын,
Жакшы деп элден угамын.
Ошолорду мен угуп,
Канткенде чыдап турамын.
Издеген окуу мен карып,
Эзилдим жатып саргарып,
Канат кагып жете албай,
Каламбы куруп сандалып?
Көңүлдү койдум абыдан,
Күзөткөн максат жагынан.
Ойлоп бир келсем окууну,
Козголот жүрөк кабынан.
Жарага жара жалганды,
Карачы артта калганды,
Түгөтөм кантип тазалап,
Жыйылган чирик арманды.
Арманым баштан ашынат,
Качан бир көзүм ачылат.
Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тили болсун…
“Эркин Тоонун” ошол эле санындагы “Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тили болсун!” деген макаланы окуганда, бул маселе 100 жылдан бери чечилбей келе жатканына аргасыздан күйүп кетесиң. Макалада кыргыз өкмөтүнө арызданып келген карапайым кыргыздарды, чачын артка сылай тараган, жалаң орус тилинде өздөрүнчө сүйлөшүп, көздөрүнөн жаш аккыча каткырып отургандар кабыл алышары сынга алынган. “Анан арызданып келген бечара тилмеч издеп кайда барат? Эмне дейт, эмне дейт деп алардын оозун карайт”,-деп жазылат макалада. Ошондой эле айрымдар өкмөттөн түшкөн кагаздарды, токтомдорду тилмеч издеп куржунга салып алып көтөрүп жүргөндөрүн, бул Кеңеш өкмөтү менен элди жакындаштырбай жатканын, ал документтерди кыргыз тилинде жазуу керектигин айтып, кыргыз өкмөтүндө кыргыз тили болсун деген талап коюлат.
Кыргызстанда жаңы тамга
“Эркин Тоонун” 1926-жылдын 28-октябрындагы №119 (192) санына Касым Тыныстановдун “Кыргызстанда жаңы тамга” аталган макаласы жарык көргөн. Анда 1925-жылдын май айында эле бул тууралуу токтом кабыл алынгандыгы, 1926-жылы Баку шаарында өткөн түркологдордун съездинде бүткүл түрк улуттары үчүн жалпы тамга иштелип чыксын деген токтом болгону тууралуу сөз болот.
Бирок дароо эле латын тамгасына өтүп кетүү да мүмкүн эмес эле. Бул үчүн жаңы тамга менен тааныш кадрлар зарыл болгон. Буга байланыштуу К.Тыныстанов минтип жазат: “1926-жылы Прунза калаасында ачылган 90 адамдык мугалимдер күрсүндө жаңы тамга окутулуп, 90 адамдын 95 пирасанти жаңы тамга менен толук таанышып чыгышты. 1926-жылы, Ош калаасында ачылган мугалимдер күрсүндө 60 адам жаңы тамга менен тааныштырылды. Караколдун күрсүн текшергенибизде 125 адамдын 85 пирасанти жаңы тамга менен мыктап таанышкан болуп чыкты. Мунун баары анык маалымат”.
Ошону менен латын тамгасына өтүүгө 1925-жылдан баштап, катуу даярдыктар көрүлүп, 1928-жылдан “Эркин Тоо” латын тамгасында чыга баштаган.
Кыргызстан республика болду
“Эркин Тоонун” 1926-жылдын 23-ноябрындагы №127 (201) санына Жалпы союздук аткаруу комитетинин 3-кеңейтилген сессиясы Кыргызстан тууралуу баяндаманы уккандан кийин эриктүү Кыргыз облусун Эриктүү Кыргыз Республикасына айландырылса деген өтүнүчүн кабыл алганы” тууралуу Москвадан облустук партия комитетинин наамына телеграмма келгендиги жөнүндө “Кыргызстан республика болду” деген сүйүнүчтүү кабар жарыяланган.
Белгилей кетсек, Жалпы союздук аткаруу комитетинин 3-кеңейтилген сессиясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков кыргыз тилинде, анын орун басары Патянов (“Эркин Тоодо” Патйаныб деп берилет) баяндама жасаган.
Баяндамадагы эл агартуу маселесине келсек Патянов орус тилинде жасаган баяндамасында бул фактыга токтолот:
“Кыргызстанда 1914-жылы бардыгы 70 мектеп болуп, мунун үчтөн бири шаарларда, калганы “жарупалыктардын” (европалыктардын) кыштактарында болгон. Кыргыз калкы үчүн бир да мектеп болгон эмес. Азыркы убакта 480 мектеп болуп, анда 25 000 бала окуйт”. Өкүнүчтүүсү, Патянов өз сөзүндө келтиргендей бул мектеп жашындагы балдардын 39 гана пайызы болчу.
Ошентсе да, “Эркин Тоо” жазгандай, кышкысын от жагылбаган, жайкысын тамчы тамган эшик-терезеси жок ат сарайларда, кампаларда, далбаасы чыккан боз үйлөрдө ачылган, парта, доска дегенден эчтеме жок мектеп болмуштарда, дептердин ордуна ак чопого жазып сабатын жойгон, ошол учурдун жаштарына таң бербей коё албайсын. Экинчи жагынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун өкмөтүнүн “Эркин Тоо” гезити аркылуу жүргүзгөн эл агартуу саясаты да жемишин бербей койгон эмес.
Темирбек Алымбеков, «Кыргыз Туусу»