Бул макалада залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыныгы турмуштагы каармандары (прототиптери) жөнүндө сөз болот. Окурмандарга мурдатан белгилүү “Бетме-бет” повестиндеги Мырзакул – Мырзабай болсо, “Саманчынын жолундагы” Толгонай өз ысымы менен эле берилген. Ал эми жазуучунун “Уулу менен кездешүү” аттуу аңгемесиндеги согушка кетип дайынсыз болгон Чордон деген карыянын Султан аттуу баласы тууралуу сөз болмокчу. Мен бул чыгармадагы жазуучунун каармандарынын кейипкерлери (прототиптери) жөнүндө угуп, көрүп , билип калдым. Аңгемедеги Султан – менин чоң атам Жумабек. Согушка кетип дайынсыз болот. Согушка кеткенге чейин жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекердеги мектепте мугалим болуп иштеген. Жатып иштегенге өз үйү жок болгондуктан Чыңгыз жүргөн Досалы аңчынын үйүндө туруп калат.
Жазуучунун “Эрте жаздагы турналар” повесиндеги Султанмурат чыныгы турмушта болгон. Согуштун каардуу жылдарында болочок жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бирге иштешкен. Макалам чакан болгондуктан ага кайрыла албадым.
Айтматовдун турмуштан алынган каармандары изилденип эле келатат. Атап айтсак: Кыргыз эл жазуучусу Ашым Жакыпбеков, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева, жазуучу журналист Кушубак Өмүралиев, Кыргыз эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев кайрылышкан. Булардын жазгандарынан улам Айтматовдун чыгармаларынын өзөгү чыныгы турмуштан алынгандыгы көрүнүп турат. Булардын салтын улап, мен да Чыңгыз Айтматовдун «Уулу менен жолугушуу» деген аңгемесиндеги согушка кетип дайынсыз болгон Султан аттуу каарманы менин чоң атам Жумабек десем болот. Ал да согушка кетип, ушул күнгө дейре дайынсыз. Бул чоң атам тууралуу Айтматов кандайча жазып калган?
Чыңгыз Айтматовдун «Уулу менен жолугушуу» («Свидание с сыном» аңгеме орус тилинде гана жазуучунун томдуктарында басылып келатат) аттуу аңгемесинин жазылышына согушка кетип дайынсыз болгон менин чоң атам Жумабектин тагдыры түрткү берген. Ал мындайча болот. Менин атам Бекназаров Төлөбайдын бир тууган агасы Жумабек борборубуздагы окуу жайды аяктап, туура Чыңгыз өскөн Шекерге мугалим болуп барат. Ал кезде айылда жатакана кайдан болсун. Ушундан улам жаткан жери да Досалы деген аңчынын үйүндө жатып иштей баштайт. Так ошол үйдө болочоктогу залкар жазуучу Чыңгыз да жүргөн болот.
Аңгыча согуш башталып, мекенди коргоого жаштар да өз ыктыярлары менен военкоматка арыз жазышат. Алардын арасында менин мугалим чоң атам Жумабек да бар экен. Шекер айылы чоң атамдын өзүнүн айылынан кыйла алыс. Ушундан улам үйүндөгү ата-энеси менен да коштошо албаптыр. Ошол бойдон кат кабарсыз дайын-дареги билинбей калат. Бала кезимде атасы Бекназар (менин чоң атам) «Жумабек түшүмө кирет, ал өлгөн жок, мага тирүү жүргөндөй эле сезилет», – деп айткандарын угуп калар элем.
Согуш бүтүп бейпил турмуш уланган кезде, Чыңгыз Айтматовдун карындашы Розага менин таякем Алымкулов Эсенбек үйлөнүп калат. Салт боюнча кудалыкка жыгылып, Чыңгыз Айтматовдун үйүнө барышат. Ал кезде жазуучунун үйү Киев көчөсү менен азыркы Эркиндик бульварынын кесилишинде экен. Куда болуп келишкен соң, дасторкон үстүндө сөздөн сөз чыгып отуруп, кеп учугу баягы согушка кетип дайынсыз болгон Жумабектин тагдырына барып такалат. Ошондо менин өз атам – Төлөбай согушта дайынсыз болгон Жумабек агасы тууралуу айтып, ошол Жумабектин балдарды окуткан мектебин, Жумабек жүргөн Шекер айылын атасы Бекназар көргүсү келгенин айтып берет.
Бул окуя жазуучу Чынгыз Айтматовдун көңүлүнө кыттай уялайт. Көп өтпөй жазуу-чунун орусча «Уулу менен жолугушуу» («Свидание с сыном») аттуу аңгемеси жаралат. Буга учурунда күбө болгон жазуучунун карындашы Роза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун окурмандары менен болгон жолугушууда дайыма айтып жүрөт.
Көрүнүп тургандай жазуучу Чыңгыз Айтматов чыгармасындагы окуяны турмуштун өзөгүнөн илип ала коет. Буга айрым чыгармалары күбө боло алат. Мисалы, «Саманчынын жолундагы» Майсалбек, Толгонай. «Кызыл алмадагы» бейтааныш кыздын образы: «Кызыл алмадагы» окуяны жолдош баласы студент кезинде Айтматовго айтканынан улам жаралган. Бул туурасында «Кызыл алманын» казакча басылышында жазуучу өзү баш сөз жазган (“Тау дала хикаялары”1964-жылдагы басылышында). Жолдош баласы китепканага өзү жалгыз келип кетип жүргөн бейтааныш кызга сыртынан ашык болуп, акмалап жүрөт. Талаадагы алма бактан кызыл алманы таап алып, ошол кызга алып барып, таанышкысы келет. Бирок ал бейтаныш кыз: -Мени алма көрө элек дейсизби, – деп албай коет. Ушул эпизодду казак калемдеши Зейнолла Кабдоловго айтып берсе, ал Айтматовго: – “Жазбайсыңбы”, – деп кеңешин аЙткан. Ал эми Владимир Санги деген жазуучу калемдешинин айткандарын башынан аягына дейре “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” аттуу повестине пайдаланган. Ушундан улам аталган повестти Владимир Сангиге арнаган.
Ал эми «Саманчынын жолундагы» Майсалбек чыныгы турмуштагы Толгонай деген кемпирдин жалгыз баласы болгон. Ошол Толгонайдын үйүндө Чыңгыз Айтматов да апасы, иниси, карындаштары болуп туруп калышат. Чыныгы турмуштагы Толгонайдын баласы чыгармадагы Майсалбек эмес Субанбек экен. Ал дагы согушка апасы Толгонай менен жолугуша албай Жамбылдан (азыркы Казакстандын Тараз шаары) “апалап” кыйкырып токтобогон поезддин терезесинен башын чыгарып, колун булгалап, тумагы менен белиндеги курун дагы ыргытып арманда кетиптир.
Ошондогу Толгонай кинодогудай болуп, келини Алиман, кенжеси Жайнак менен эмес, тууган-туушкандары болуп: “Субанбек поезд менен Жамбылдан өтөт экен, тилеграмм бериптир”, – дешип, жанындагы жоокерлер менен Субанбектин үйүнөн даам сызышкандай болушсун, бир карын май менен кошо куржунга бышырылган боорсоктон да, эттен да толтура салышып станцияда күтүшкөн экен. Канча күтүшкөнү белгисиз. Батыш тарапка өтүп бараткан поезддин биринен: “Апа-аа-аа !!!” деген кыйкырыктан улам селт этишип, Субанбектин кол булгалап коштошуп өтүп баратканын көрө калышып, айылынан баргандар түп көтөрүлө жабыла чуркашат. Станцияда көрүп тургандар да – “Ээ- эй- !!! … Токто! ” дешип кол булгалап кыйкырып калышат.
Кинодо болсо (Субанбек – Майсалбек) башындагы ыргыткан тумагы мүдүрүлүп жыгылган Толгонай эненин алдына келип түшөт. Чынында тумагы күү менен келаткан поездден ыргытылгандыктан алда кайда учуп кеткен. Ошол жерде тургандардын бирөөсү алып келип беришкен. Чекесине кызыл жылдыз тагылган аскердик боз тумагын эле эмес, белиндеги курун дагы кошо ыргытыптыр. Муну Толгонай эненин кызы Курал эже да айтып калат эле.
Кийин Айтматов дүйнөгө белгилүү жазуучу болуп калганда, “Кыргызфильм” киностудиясынан Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү фильм тартылып калат. Тасманы Юрий Герштейн жараткан. Мына ушул фильмде Айтматовдун турмуштагы Толгонайы, “Гүлсараттагы” Танабайы тартылган. Фильмде Толгонай эне Чыңгыз Айтматовдун өзү менен көз жашын аарчып, сүйлөшүп отурган учурун көрөбүз. Ошондо Толгонай эне поездде коштошо албай “апалап” – кеткен уулу Субанбектин дайын-дарегин биле алдыңбы? – деп сураптыр. Ал кезде согуштун бүткөнүнө 20 жыл аяк басып калды эле. Дагы ошол эле Толгонай эне, жазуучудан: – “Эми жазсаң, уулумду келтирип эле койчу”, – деп өтүнүптүр.
Согушка кетип дайынсыз болгон менин чоң атам Жумабек Бекназаровдун «Уулу менен жолугушуу» («Свидание с сыном») аттуу аңгемесинде менин чоң атам (өз атам Төлөбайдын бир тууган агасы Жумабектин) бир үзүм тагдыры камтылып калгандыктан мага жакын сезилет. Чыңгыз Айтматовдун ушул аңгемеси боюнча режиссер Дооронбек Садырбаев «Арман» аттуу телефильмди жараткан. Фильм 1978-жылы Чыңгыз Айтматовдун 50 жылдыгына карата алгач көгүлтүр экран аркылуу элге тартууланган. Фильм телевизордон көрсөтүлсө, ушул кезге дейре согушка кетип дайынсыз болгон чоң атам Жумабек тууралуу балдарыма айтып берем. Чыгарма өз ыктыяры менен майданга аттанган Жумабек чоң атамдын эрдигин даңазалап турат. Чыңгыз Айтматовдун кайсы чыгармасында болбосун, каармандары адам бойдон калуу идеясын даңазалайт. Жогорудагы «Уулу менен жолугушуу» («Свидание с сыном») аттуу аңгемесиндеги Чордон карыя майданга аттанган уулуна акыркы ирет: “Кайда жүрсөң да, адам бойдон жүр!” – деген аманатын айтат.
Менин чоң атам Бекназар согушка өз ыктыяры менен кеткен уулуна эч нерсе айта албай калган. Военкомат алыс болгондуктан үйүнө барууга буямасы келген эмес. Военкоматка кандай барса, ошол бойдон алып кеткен. Бекназар чоң атам кийин баласы дайынсыз болуп калганда, ал иштеген айылындагы мектепти, Шекер айылына барып көргүсү келгендигин менин атам Төлөбай Ч. Айтматовдун үйүндө куда болуп олтурган кезде, айтып калат. Муну уккан жазуучу окуянын ушул жерин илип ала коюп, «Уулу менен жолугушуу» аттуу аңгемесин жазган. Мына ушул чыгармасынын өзөгү чыныгы турмуштан алынып, жазуучуга түрткү бергендиги эмеспи… .
Жыйынтыгында белгилеп кетчү нерсе жазуучу көргөн, башынан өткөргөн окуяларды гана жазбастан бирөөлөрдөн уккандарынан да чыгармасына жазарын айгинелейт.
Мага ушул макаламды жазганга жазуучу, котормочу, журналист Өмүралиев Кушубактын жазгандары жардам берди.
Алмагүл БЕКНАЗАРОВА