«Алтынкен» ишканасына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гожунь барышты.
Алгач ишкананын жетекчилиги жана эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда ишкананын өнүгүү перспективалары талкууланып, ошондой эле негизги маселелер каралды. Алардын арасында эң маанилүү болгон экологиялык жана өнөр жай коопсуздук иштери эске алынды.
Акыл ТОКТОБАЕВ – «Алтынкен» компаниясынын төрагасынын орун басары:
– Эң башкысы, ишибизге, ишкананын экологиялык коопсуздугуна оң баа берилгени кубандырат. Компания кыргыз мамлекетине, Чүй облусуна, Кемин районунун экономикасына чоң салым кошуп келет. Андан сырткары, компанияда негизинен жергиликтүү тургундар эмгектенишет.
Вань ЧУН – «Цзыцзинь» корпорациясынын эл аралык операциялар боюнча вице-президенти:
– «Алтынкен» Кыргызстандагы жана Кытайдагы ири тоо-кен ишканаларынын бири. Корпорация талаптардын толук сакталышына өзгөчө көңүл бурат.
Бул жолу эки өлкөнүн өкүлдөрү компаниянын мындан аркы өнүгүүсї боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошондой эле бизнес сунуштарын карашты. Бул жолугушууну келечек пландарды ишке ашырууга түрткү катары кароого болот.
Ооба «Алтынкен» ишканасы Чүй облусунун, анын ичинде Кемин районунун экономикалык жана социалдык абалын жакшыртууга жардам берери айтылды. Алдыда дагы бир топ долбоорлор ишке ашырылуу алдында турат.
Самат ИСМАНОВ – Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары:
– Чындыгында эле «Цзыцзинь» корпорациясы Чүй облусундагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда эбегейсиз жардамдарын берүүдө.
Биз келечекте жана жакынкы 10 жылда кызматташууга, мамилелерибизди өнүктүрүүгө даярбыз.
Чындыгында ушундай эле иштерди аткарып, калкыбызга, мамлекетибизге, тактап айтканда Чүй облусуна пайда алып келсе, «Цзыцзинь» корпорациясын бардык аракеттери менен колдойбуз – деди.
– Ошол эле учурда Бакыт Төрөбаев эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Кытай тоо-кен өнөр жайында гана эмес, бардык тармактарда ишмердигин бекемдөөгө умтулуп жатканын белгиледи.
Бакыт ТӨРӨБАЕВ – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары:
– Негизги милдет – коюлган максаттарга жетишүү, бул КЭР менен биргелешкен иш жана экономикаларыбыз үчүн ар кайсы чөйрөлөрдө кызматташуу. Планыбызда – тажрыйбаны жана технологияны алуу.
Белгилей кетсек, ишкананын үлүшүнүн 40%ы «Кыргызалтын» ААКсына, ал эми 60%ы Кытайдын «Цзыцзинь» корпорациясына таандык.
Өткөн жылы ишкана 4 тонна алтын өндүргөн. Быйыл да ушундай эле көлөмдө алтын казылып алынышы күтүлүүдө.