Жакында жазуучу Курманалы САПАРБАЕВ «Кызыл китеп» аттуу роман-үчилтигин жарыкка чыгарды. Мурда поэзия жаатында көшөрө иштеп «Добуш» роман-үчилтигин жазган. Китепте комуз, комузчулар, күүлөр, кыргыз жери жөнүндө белгилүү окуялардын көбү камтылган. Ага улай улуу манасчылардын арбагына багышталган «Асмандан алты уруу жылдыз козголгон» китебинде Каныкей, улуу манасчылар Сагымбай, Саякбай жана башкалар жөнүндө акындык үн каткан. Ага дейре кыргыздын белгилүү жоокер кызы Жаңыл Мырзага арналган «Азалуу жылдыздар», Ата мекендик согушка кеткен жарын аягына чейин күткөн Самса кыз жөнүндө «Кыз көчү» поэмаларын, «Ор» романын окурмандарга тартуулаган.
Эмесе жогоруда айтылган «Кызыл китеп» деген роман-үчилтик жөнүндө сөз жүрсүн. Маекти белгилүү публицист, коомдук ишмер, адабиятчы Эсенбай Нурушев алган.
– Маекти чыгарманын эмне үчүн «Кызыл китеп» деп аталышын чечмелөөдөн баштасак?
– «Кызыл китепке» адатта жоголуп кеткен, же жоголуп бараткан жаныбарлар, өсүмдүктөр, башкалар жөнүндө маалыматтар киргизилет. Мен бул чыгармада кыргыз элинин башына түшкөн эки чоң коркунуч жөнүндө сөз козгодум. Анын бири – «Калмак жапырыгы» деген ат менен коштолгон ойрот баскынчылыгы. Ал жөнүндө Лев Гумилёв «Этногенез жана жердин биочөйрөсү» деген китебинде: «Но почему именно Чингису и его детям приписывалось опустошение Азии, в то время как другие события гораздо большего масштаба, например, разгром уйгуров кыргызами в 841-846 гг. или поголовное истребление калмыков маньчжурским императором Цянь Луном в 1756-1758 гг. остались вне поля зрения историков?» – деп суроо коюп, өзү жооп берет: «Истребление же ойратов не нашло себе историка, и он погиб в резне. Таким образом, оказалось, что события освещены неравномерно и их значение искажено, поскольку они представлены как бы в разных масштабах».
Ошол кандуу мезгил айрым чыгармаларда гана калган, дастандарда айтылган. Көркөм чыгармада окуялар дээрлик жокко эсе. Романда бир уруунун тагдыры менен геноциддин кандай экендигин көрсөткүм келди.
Бул биринчи суроого жооп. Экинчиси – постсоветтик республикаларга таңууланган жаңы капитализм элге жакшылык алып келбеди. 30 жылдан ашуун мезгилден бери колхоз-совхоздор жоюлуп, өнөр жай кыйрап, эл дүйнө кезип, жакырчылык күчөп келет. Баарынан жаманы – жакынкы жылдарда өлкө өнүгөт деген ишенич да жок.
– Жаңы капитализм дедиңиз. Ага кайрылалы.
– Капитализм пайда болгондон бери анын коом катары жаман экендигин, элди эзүүгө багытталганын ачык көрсөткөн канча китептер чыкты. Дүйнөдөгү илимпоздор, социологдор, калемгерлер анын жүзүн ачып көрсөткөн канчалаган китептерди жазышты. Бирок, буржуазиячыл илимпоздор канчалык асылганы менен Маркстын айткан сөздөрүн жокко чыгара алышпады.
Социализм урагандан кийин алар Маркстын эмгеги тарыхка кетти деп жар салышты. Бирок ошондон кийин да уланып келе берген экономикалык кризистер анын тууралыгын көрсөтө берди. Ушул кезде Америкада «солчул» күчтөр пайда болду. Жаштар Маркстын «Капиталын» окуп, азыр башкача ойдо болуп жатышат. Бийликтегилер ушундан улам алардан чоочулап жаткандыгы да айтылып келет.
Ушул иштен жазуучулар да четте калышкан жок. Алар капиталисттик коомдун элди эзүүгө багытталган жүзүн адабиятта көркөм чагылдыра көрсөтүп келатышат. Алардын баарын санап отуруу бир маектин алкагында мүмкүн эмес.
Бул коом бизге таңууланды. Эл алданып калды. Көрөгөч кишилер айткандай, эл улуу коомду жинсы шым менен бир нече сорт колбасага сатып жибергендей эле болду. Анан алар алданганын кеч билип, өкүттө кала беришти. Эми аларды да түшүнсө болот. Кыйрар алдында социалисттик мамлекеттердин экономикасы начарлап, элдин көңүлү башка жакка бурулду.
– Батыштагы, өзгөчө Россиядагы саясатчылар убагында социализмдин кесепеттерин чукуп чыгышып, анын келечеги жок деп айтышпады беле?
– Ооба, ошентишкен. Бирок, турмуш кайсы коомдун кандай экендигин жашоонун жүрүшү менен жүзүн ачып, көрсөтпөдүбү. Олигархтардын өлкөдөгү байлыктын көбүн ар кандай жолдор менен талап алып, укмуштуудай байышканын, өлкөдө ушунчалык тездик менен пайда болгон бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, башкалар батыштын баалуулуктарын киргизүүгө аракет кылып жатышканын кимдер тана алат?
А чындыкты айтсак, союз учурунда кыргыз маданияты, адабия-ты менен искусствосу дүйнөлүк бийиктикке көтөрүлүп чыкканы белгилүү. Ч.Айтматовдун китептери, Т.Океевдин, Б.Шамшиевдин фильмдери, опералык ырчылар, бийчилердин жана башкалардын иштери буга күбө.
Романда бир үй-бүлөдөн бир кыз, бир бала, алардын чоң апасы, жылкычы Токо, айылдык окуучу кыз эле кыргыз элинин төл, дүйнөлүк классикалык ырларды аткарышып чоң концерт коюп беришет.
– Чыгармада калмак баскынчылары жөнүндө сөз айтылып бүтпөй калгандыгын сезип турам…
– Мен чыгарманы жазып бүткөндөн кийин тарыхчы Ө.Осмо-новдун китебинен калмактар Боом капчыгайынан өтө Чүй өрөөнүнө кирип, ал жердеги элди сүрө Талас өрөөнүнө чыкканы жөнүндө окуп калдым да жазганымдын туура экендигине ынандым. Романда сүрөттөлгөн жерлердин баарында болгом жана ал жерлердеги жер-суулардын көрүнүштөрү ошондогудай берилди.
– Романда президенттер жөнүндө да сөз козголгон экен.
– Алар жөнүндө кантип жазбай өтүүгө болот? Өлкөдөгү иштердин баары алардын жетекчилиги астында жүрөт эмеспи. Бирок, романда бир гана учур сүрөттөлдү. Кишилерди кабыл алып, жаңы буржуйларды, болбосо жаңы кыргыздарды пайда кыла турган учур жазылды. Бул жалпылаштырылган образ.
Союз тарагандан кийин либералдар, укук коргоочулар, журналисттер, ал турсун жазуучулар чекисттерди монстр, жаны жок, кишилерди аябаган адамдар катары көрсөтүп, канчалаган макалаларды, китептерди жазышты. Мындай иш Союздун акырында эле башталып калган. Ал урагандан кийин кудай берип койду. НКВД жана анын жетекчиси Берия жөнүндө эмнелер гана жазылбады.
– Бирок, аларга каршы үн каткан кишилер да чыкпадыбы?
– Россиянын, башка республикалардын аттуу-баштуу адамдары жапырт баш көтөрүштү. Терең изилденген фактылар менен бекемделген китептер жазыла баштады. Капитализмдин алып келген кесепеттеринен кийин гана элдин көзү ачылгандай болду. Көрсө, эл чекисттер өлкөдө темирдей тартип орнотууга, ички жана тышкы душмандар менен күрөшүүгө, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга эбегейсиз чоң салым кошкондугун байкап келишкен экен да.
– Согуш учурундагы алардын көрсөткөн эрдиктери, өзгөчө өнөр жай ишканаларын эвакуациялоодогу иштери да айтылууда.
– Гитлер жана анын жан-жөкөрлөрү согуштун алгачкы жылы эле өлкөнүн батыш тарабындагы завод-фабрикаларды басып алууга аябай аракет кылгандыгы белгилүү. Совет өкмөтү тез арада 2 миңден ашуун өнөр жай объектилерин башка коопсуз жайларга көчүрүп кеткен. Бул иш дүйнөдөгү башка алдыңкы капиталисттик өлкөлөрдүн колдорунан келбей тургандыгын изилдөөчүлөр моюндарына алышкан. Ошол учурда эле көп жамандалган Берия жөнүндө Елена Прудникова «Последний рыцарь Сталина», Сергей Кремлёв «Берия, лучший менеджер 20 века» деген китептерин жазып чыккандыгын окурмандардын эстерине салам.
– Отставкадагы чекист Бексултандын кайдыгер эместиги да ачылып берилген…
– Чаткал өрөөнүндө согушта курман болгон жолдошу Досалыга эстелик тургузуп жатканда Зардалыга кирип келген согушчандар жөнүндө угуп, ошол жердеги согуштун ардагери кыжыры кайнап: «Төрт басмачыга алыбыз жетпей калган күн да келген экен» деп арданат. Ага жооп кылып, Бексултан эртеси эле борборго барып, аларды талкалоо үчүн жүрүп жаткан иштерге кошула турганын айтат.
– Каарман Муңайтпас төкмө акын гана эмес, эли-жерин сүйгөн, жоокерлерге дем берген адам катары сүрөттөлүптүр…
– Улуу жазуучу Ч.Айтматов айтып жүргөн, дүйнөнү акындар кармайт деген орошон ойду көркөм жазууга убакыт келгенин эстедим. Бул идея ишке ашса, анда жалпы адамзаттык жалпылоочу бүтүм чыкмак. Мен ал идеяны Муңайтпас акын аркылуу ишке ашырууга аракет кылдым. Жоокерчилик заман ага абдан ылайык келип тургансыды. Бирок, болбоду. Окуянын өнүгүшү андай милдетти Найдай келинге алып келип таштады. Көрсө, акын деле жоокер экен. Керегинде курал алып, жоого каршы чыгат эмеспи. Ошондуктан акындын ордун Найдай келин ээледи. Ошентип Найдай аркылуу идея ишке ашты.
– Журт башы Карамурат, Санаа кемпир жөнүндө сөз козгоого кезек келип турат.
– Карамурат чыныгы журт башы гана эмес, балдарды эпсиз сүйгөн адам. Журтка коюлган чабуулдан Карамурат, Санаа кемпир экөө каза болушту. Журт бузулду. Чабуулдан журттун сүйгүнчүгү Эрмек бала да каза тапты. Ушул иш журттун тамырына балта чабуу эмей эмне? Санаа кемпирдин небере көрүү жөнүндө ою жаңы гана ишке ашып, өзүн өтө бактылуу сезип турган учурда аны менен бирге каза болду…
– Романдагы негизги каармандардын бири – Шербото баатыр. Сиз баатырлардын образдарын даана жазыпсыз.
– Баатырлардын өлүмүнө окурмандардан мурда мен өзүм кайгырдым. Бирок, жогоруда айтылгандай, башкача жазууга окуянын жүрүшү жол бербеди.
– Шербото каза болгонун билгенден кийин Айпери кантер экен?
– Кыргыздын сулуу кыздары кыргыздын кайраттуу, намыстуу жоокерлеринен ажырап кала беришти. Кыздардын андан аркы турмушун окурман ой жүгүртүп өзү аныктаар.
Илгерки убакта кыргыздын улуу да, сулуу да кыздары дегенине жетпей кандай гана кор болушкан. Лев Гумилёвдун «Древние тюрки» деген китебиндеги: «Истеми-хан подарил Земарху в 569 г. пленницу из народа кыргыз» деген сөздү окуп, аң-таң калдым.
– Сөз козголуп калды. Лев Гумилёв кыргыз тарыхындагы дагы кайсы урунттуу учурларды жазган?
– Андай маалыматтар көп. Бир гана окуяны алалы. Ал Уссурия крайында, Амур боюнда, Хинган тоо этектеринде жашаган мукриндерди кыргыздардын түп аталарына чыгарганын кандай кабыл алсак болот? Ошондо бул иштин чындыгына жетпей олтуруп калдым. Гумилёв атабыз ушул сөзү менен кыргыз окурмандарын таң калтырган абалда кармай турганын сезип турам.
– Чаткал өрөөнүндөгү басмачылардын акыркы калдыктарын талкалоо үчүн жиберилген кызылдардын отряды ал жерге там куруп, журт түшүрүп кеткени жөнүндө сөз козгойлу.
– Совет өкмөтү биздин эл үчүн мурда болуп көрбөгөндөй иш жасабадыбы. Ленин Кытайдагы кыргыздарды өз жерине алып келүү үчүн 1 000 000 рубль бөлдүрүп, орус кулактары тартып алган жерлерди кайтарып бергендигин эч убакта эстен чыгарбашыбыз керек. Сталин бизди өзүнчө республикага айландырып, ирегесин бөлүп бербедиби. Бир тарыхчынын: «Эгерде совет бийлиги болбогондо биздин Ооганстандан айырмабыз болбой калат эле» — деген сөзү чындык. Совет өкмөтү бүтүндөй өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да индустриялык, агрардык, маданий революция жасап бербедиби.
Чекист Бексултан жана анын үй-бүлөсү – совет өлкөсүнүн туундусу. Совет бийлигинин аркасы менен биз калдайган эл болдук. Ошол үчүн кыргыз эли дайыма Ленин менен Сталинди эске тутуулары керек.
– Романдын акыркы «Журт» бөлүмү эгемендик алган Кыргыз Республикасынын чегин бузуп, кирип келген согушчандар жөнүндө кабар менен аяктайт…
– Өлкө жаңы түптөлүп келе жатканда анын чеги бузулду. «Бизге эч ким кол салбайт, ошол үчүн армиянын кереги жок» деген доктринанын таш-талканы чыкты.
Бул жышаан жана эскертүү. Ошол үчүн өлкө куралдуу күчтөрдү өнүктүрүп, катылган жоонун катыгын колуна бериш үчүн дайым даяр туруусу керек. Бул далилдөөсүз кабыл алынган чындык. Анткени адам баласы жаралгандан бери эле өз журтун коргоо үчүн баарынан кечип, күчтүн баарын ошол жакка жумшаган.
– Айтылбай калган сөзүңүз бар экенин сезип турам.
– Жыйынтыктап айтканда, мен ушул жана башка чыгармаларым менен кыргыз эли эркиндиги үчүн жүргүзүп келген баатырдык күрөшүн, жашоо-турмушун жана ошолорду жаздырган кыргыз тилин даңазалашка аракет кылдым.