Жоокердин уулу майданга аттанган бардык айылдаштары жөнүндө маалыматтарды бирден терип чогултуп чыккан
Россиядагыдай эле быйыл-кы жылы Кыргызстанда да коопсуздук максатында 9-май – Жеңиш күнүндө “Өлбөс полк” жүрүшү болбойт. Бирок, азыртан эле социалдык тармактын жергиликтүү бөлүгүндө эстутумдун виртуалдуу маршы башталды. Пайдалануучулар аталарынын, чоң аталарынын, бабаларынын сүрөттөрү менен кошо алар кайсы жерде согушканы, кандай эрдиктерди жасашкандары тууралуу баяндарды чыгарышууда.
Батыралы Алымкулов башкача жолду тандап, атасы Ашыралы жөнүндө материалдар менен “Российская газетанын” Борбор Азия өкүлчүлүгүнө келген. А анын айта турганы жетиштүү экен. Дароо айта кетсек, анын атасы жапжаш боюнча майданга аттанса да, фашисттик баскынчылар менен согушта аскердик командачылыктан эң жогорку мактоолорго татыктуу эрдиктерди жасаган.
Ашыралы Алымкулов 1919-жылы 2-майда ал кездеги Түркестан АССРинин Калинин районунун Сары-Коо айылында, өзү өмүр баянында жазгандай, кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 10 жашка толгондо мектепке барып, жети жылдык мектепти 1936-жылы аяктаган. Орус тилин жакшы билген. Анын орус жана кыргыз тилдеринде жазылган бардык каттары жана эмгектик жазуулары сулуу каллиграфиялык кол жазма менен жазылган.
Улуу Ата мекендик согуш баштала электе – 1940-жылы 20-апрелде ал Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Өзүн жоопкер жана сабаттуу экенин көрсөткөндүктөн, дароо эле командирлеринин көзүнө түшкөн. Ошентип, бул алыскы кыргыз айылынан чакырылган жигит 1941-жылы башталган согушта биринчилерден болуп жоого төшүн тоскондордун катарында болгон.
Батыралы Алымкулов: Атам өтүшүп кеткен перитонит илдетинен улам бул дүйнөдөн эрте – 43 жашында эле өтүп кеткен. Күч-кубатка толуп турган кезинде каза болгон. Тагдырына ушул жазылган окшойт.
Атам менен апамдын алты баласы – төрт уулу жана эки кызы болгон. Атам дүйнөдөн кайткан жылы мен биринчи класста окучу элем, чынын айтсам, аны жакшы элестете албайм. Ошентсе да мен анын жана аны менен бирге кызмат өтөгөндөрдүн эрдиктери жөнүндө эстеп жана маалыматтарды чогултуп жүрөм.
Апам айтып бергендей, атам согуштан кайтып келгенден кийин дээрлик согуш жөнүндө эч нерсе айтып берчү эмес экен. А өзү кийин Советтер Союзунун маршалы болгон Василий Чуйковдун командачылыгы астындагы армиянын курамында Улуу Ата Мекендик согуштун тагдырын чечкен, эң кандуу салгылашууларга – Сталинградды коргоого катышкан болчу.
– Анын кандай сыйлыктары бар эле?
Батыралы Алымкулов: 1943-жылы салгылашуулардагы көр-сөткөн эрдиги үчүн “Сталинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйланган. Ага чейин “Күжүрмөн эмгеги үчүн” медалын алган. 1942-жылы Экинчи Украина фронтунун 8-дивизиясынын 929-артиллериялык камсыздоо батальонунун курамындагы баштапкы партиялык уюму тарабынан КПССтин катарына кабыл алынган жана кийин саясий кызматкерлердин кыска мөөнөттүү курсуна жөнөтүлүп, аны аяктагандан кийин кенже лейтенант офицердик наамын алган.
Ачыгын айтканда, дал мына ошол учурдан баштап анын жашоосу саясий иш менен тыгыз байланышып калган. Андан соң атам ротанын командиринин саясий бөлүк боюнча орун басары – согуштук аракеттер убагындагы олуттуу кызматка дайындалат. Ал кызмат иш жүзүндө фашисттер үчүн биринчи бута болгон. Алар аскер бөлүктөрүнүн саясий жетекчилерине, коммунисттерге өтө катаал мамиле жасашып, аларды биринчи кезекте жок кылышкан.
Анан дагы бир сыйлыкты алат – “1941 – 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн”, ал 1945-жылы июнда тапшырылган.
– Согуштан келгенден кийин эмне менен алектенген?
Батыралы Алымкулов: – Ал учурда эл чарбасын көтөрүү керек эле. Атамды алгач партиянын Калинин райондук комитетинин инструкторлугуна дайындашат, андан кийин чарбага жөнөтүлүп “Большевик” колхозуна башкарма болот.
1951-жылы кайрадан Советтик Армиянын катарына чакырылып, кызмат өтөп келгенден кийин КПСС БКнын алдындагы орто партиялык мектепке жөнөтүлөт. 1955-жылы атам Нарын облусунун ал убакта Тянь-Шань району аталган Нарын районундагы “8-март” колхозуна башкармалыкка дайындалат. Ал мезгилде аталган чарба бардык көрсөткүчтөрү боюнча артта калган болот жана атама аны алдыңкылардын катарына чыгаруу тапшырмасы коюлат. Эки жылда ал буга жетише алат!
Атүгүл колхоздун көрсөткүчтөрү жогору болуп, атамды жетишкен ийгиликтери жана жакшы көрсөткүчтөрү үчүн СССР Эл чарбасынын Бүткүл союздук көргөзмөсүнө жиберишет. А 1957-жылдын 19-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланат.
– Апаңыз бул убакта жалаң балдар менен болсо керек?
Батыралы Алымкулов: –Анын аты Асылкан болчу. Ал атамдан бир жаш кичүү эле. Тилекке каршы, азыр ал да бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Ооруктун эмгекчиси катарында Улуу Ата Мекендик согуш убагында “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган. Бул анын кандай иштегенин далилдеп турат. Бардык эле өлкө жарандары сыяктуу апам фронтко жардам берүү үчүн колдон келгенинин баарын жасаган. Албетте, балдарына да кам көргөн. Балдары чынында көп болчу, бирок, айрымдары наристе кезинде эле чарчап калышкан.
– Батыралы, сизге “Россиянын издөө кыймылынан” атаңыздын аскердик изи калган жерлерде болуу үчүн чакыруу келиптир. Сиз бул сунушка кантип татыдыңыз?
Батыралы Алымкулов: – Мен айылыбыздын майданга кеткен бардык жашоочулары жөнүндө китеп жазып жатам. Алардын саны 124 адам, арасынан 70и кайтпай калган. Жергиликтүү архивдерди, интернеттеги маалымат аыяктуу мүмкүн болгон бардык булактарды казып чыктым. Мен бардык каза болгондорду, алар кайсы жерлерде согушуп, кайсы жерлерде каза болушкандары жөнүндө маалыматты издеп табышым керек эле.
Издөөдө мага бул кыймылдын Кыргызстандагы издөө тобунун жетекчиси Татьяна Владимирова көп жардам берди. А бир жолу мен ага атам, башка мекендештерибиз согушкан жерлерде болуу жөнүндө өзүмдүн кыялымды айттым. Биз “Россиянын издөө кыймылынын” Волгоград облусундагы аймактык кеңешинин төрагасы Андрей Орешкин менен баарлаштык. Ал мени чакырды. Эми жеринде болууга, биздин кыргызстандык жоокерлерибиз согушуп жана каза болушкан жерлерди өз көзүм менен көрүүгө жана материалдарды чогултууга мүмкүнчүлүк болот.
– Китеп жазуу, материалдарды чогултуунун сизге кереги эмне?
Батыралы Алымкулов: Китеп деп ашыкча айтылса керек. Материалдарды чогултуу деп коелучу. Эч кимди таарынткым келбейт, гезит – бир күндүк, журнал – бир айлык, а китеп кылымдарга. Мен атам, айылыбыздын бизди, бүткүл совет элин фашисттерден коргоо үчүн майданга аттанган эки жүздөй түтүндөн бардык жашоочулар жөнүндө маалыматтар – а бул – эсте сакталып калышын каалайм. Баарыбыз эсте тутуучу нерсе бирөө жана аны биз сактап калуубуз керек! Мен ар бир үй-бүлөгө бирден нусканы таратып бергим келет.
Мария ОЗМИТЕЛЬ,
“Российская газета” №99, 08.08.2024-ж.