Кыргызда «Дарак бир жерден көгөрөт” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, арабызда көп жылдар бою бир кесипти аркалап, ак эмгегинин аркасы менен көп ийгиликтерге жеткен инсандарыбыз арбын. Бирок, 85 жылдык өмүрүнүн 65 жылын агартуу тармагына арнап, кабагым-кашым дебей ушул жашта да мектепте балдарды тарбиялап, машыктырып жаткан, профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин дене тарбия мугалими Чолпон АКМАТОВ агайдай мугалимдерибиз саналуу болсо керек. Өтө салабаттуу, ошол эле кезде жөнөкөй, жупуну, адамгерчиликтүү агайды юбилейлик жылында кепке тарттык.
– Чолпон агай, 85 жылдык өмүрүңүздүн туура 64 жылын мугалимдик кесипке арнапсыз. Бул кесипти кандайча тандап калдыңыз эле?
– Мен Чүй облусунун Кегети айылында 1939-жылы 16-майда жарык дүйнөгө келгем. Айылыбызда орто мектеп жок болгондуктан башталгыч класстарды аяктаган соң окуумду Ак-Бешим орто мектебинде улантып, аны 1956-жылы аяктадым. Бул кесипке окуучу кезимде эле кызыкчумун. Ошол учурда класстар арасында, мектептер арасында спорттун ар кандай түрү боюнча мелдештер болуп турчу. Ошол мелдештерде дайыма жеңүүчүлөрдөн болчу элем. Мектепти аяктаган соң борборубуздагы Дене тарбия институтуна тапшырып, аны 1960-жылы бүтүрдүм. Окуу жайды аяктарым менен ошол кездеги А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебинде эмгек жолумду баштадым. Кийин бул мектеп республикага аты чыккан үлгүлүү мектеп болду. Мугалимдикти аркалагандан бери далай окуучуларга билим, тарбия бердим. Учурда менин окуучуларым Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө илимий кызматтарда эмгектенишет жана айрымдары жогорку даражадагы наамдарга ээ болушту. Мекенибиздеги окуучуларым айыл өкмөттөрдөн тарта министрликтерге чейинки ар тармактарда жоопкерчилик менен иштеп жатышат. Андыктан ушул кесипке бүтүндөй өмүрүмдү арнаганыма абдан сыймыктанам.
– Мугалимдик эмгек жылдарыңызда кандай эмгектерди жарата алдыңыз?
– Кезинде биздин №5 мектеп эң үлгүлүү билим берүү мекемеси катары таанылгандыктан Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп жетекчилигине республиканын булуң-бурчунан келген мугалимдерге жаңы тажрыйбаларды даңазалоочу, жайылтуучу ачык сабактарды өтүү милдети жүктөлгөн экен. Ошол милдетти аркалоо максатында сабактан тышкары өз демилгем менен окуучуларды спортко кызыктыруучу ар кандай иш-чараларды байма-бай уюштурууга туура келди. Анын натыйжасында окуучуларым райондук, шаардык, республикалык мелдештерде байгелүү орундарды алып жүрүштү. Буга азыркы дене тарбия кабинеттерибиздеги, музейдеги кубоктор, архибибиздеги 150дөн ашык грамоталар, дипломдор күбө.
Системалуу түрдө класстар арасында спортук массалык иш чараларды өткөрдүм. Анализдеп көрсөм ошол кезде кыргыз тилинде дене тарбия сабагы боюнча методикалык окуу куралы жок экен. Аны эске алып 1983-жылы “Башталгыч класстардагы физькултура сабактары” аттуу китебимди жазып, ал “Мектеп” басмаканасынан жарык көрдү. 1991-жылы “7-8-класстардын дене тарбия сабагында ӨткӨрүлүүчү кыргыздын улуттук кыймыл-аракет оюндары” деген илимий эмгегим өзүнчө чакан китепче болуп чыкты. Мындай эмгектерим өлкөбүздүн кыргыз мектептеринде иштеген дене тарбия мугалимдеринин чыныгы окуу куралына айланып, ушул кезге чейин аларды өз иштеринде пайдаланып келе жатышат. Баса белгилей кетүүчү нерсе, менин ийгиликтеримде жана мектептин жетишкендиктеринде №5 мектеп-лицейинин дене тарбия мугалимдеринин, машыктыруучуларынын салымы зор.
– Дене тарбия сабагы боюнча илимий эмгек, китеп жазсаңыз бул боюнча көп жерлерде докладдарды да окусаңыз керек?
– Ооба, 1991-жылы Москва шаарынын №1080 эксперименталдык орто мектебинде өткөн Бүткүл союздук новатор мугалимдеринин семинарында жасаган “Улуттук оюндарды дене тарбия сабагында колдонуу” деген докладымды катышуучулар абдан жактырышты. 1993-жылы июнь айында “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияда улуттук оюндардын алкагында окуучуларды тарбиялоодогу көйгөйлөр жөнүндө маселе көтөрүп ал колдоого ээ болду. 2006-жылы Бишкекте өткөн илимий-практикалык конференцияда окуган докладым мугалимдер арасында чоң кызыгууну жаратты.
– 85ке чыкканыңызга карабай азыр да мектепте иштеп жатыпсыз. Жаш кесиптештериңизге кандай тажрыйбаларыңыздан бөлүшүп жатасыз?
– Негизи канчалык педагогикалык стажды топтобогун кесиптик квалификацияны жогрулатуу өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта райондук, шаардык методикалык бирикмелерде дайыма ой бөлүшүп, кийинки жаш адистерге, практикага келген студенттерге жетекчи-методист болуп теориялык жактан да, практикалык жактан да жардам көрсөтүп келе жатам. Кыскасы, азыр катардагы эле дене тарбия мугалими эмес, методист-насаатчылык вазийпаны да аткарып жатам. Өзүмдүн демилгем менен кыздардын жана балдардын волейбол командасын түзүп, райондук, шаардык, республикалык мелдештерге катыштырып жүрөм. Окуучуларым райондук мелдештерде биринчи орунду, шаардык мектептердин ичинен 93 мектептин арасында дайыма 2-3-орундарды ээлеп келе жатышат. Жашым бир топко барып калса да ушинтип сүйүктүү ишимди таштай албай жүрөм.
– Өмүрүңүздү агартуу тармагына арнап, бир топ ийгиликтерди жаратыпсыз. Үзүрлүү эмгегиңиз татыктуу бааландыбы?
– Дене тарбия сабактарын жана класс-тан тышкаркы спорттук-массалык иштерди жогорку деңгээлде уюштургандыгым үчүн, үзүрлүү эмгегим үчүн Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек мэриясы, республикалык, шаардык, райондук спорт комитеттери тарабынан “Ардак грамоталар” менен бир нече жолу сыйландым. Негизи алгачкы сыйлыгымды 1968-жылы алгам. Ошондон бери мындай сыйлыктардан куру калбадым. 1979-жылы “КРнын Элге билим берүүнүн отличниги” наамы берилген. 2011-жылы Президент Роза Отунбаева тарабынан “Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы” менен сыйландым.
Төрт жолу “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамына көрсөтүлдүм. Бирок, негедир андан жыйынтык чыкпай, документтер министрликте чаң басып кала берди. Буга деле көп таарынбайм. Себеби, мурдагы мамлекеттик чиновниктердин спортко болгон көз карашы төмөн экенин билем. Азыркы өлкө башчыбыз Садыр Жапаровго ыраа-зымын. 2021-жылы 29-январда “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынан кийин мамчиновниктердин дене тарбия жана спортко болгон көз карашы түп тамырынан бери өзгөрдү. Улуттук маданияттын негизги тармактарынын бири болгон дене тарбия жана спорт арышын кенен таштап, спортсмендерибиз Кыргыз желегин бийик пъедесталда желбиретип жатышат.
Баса, бир курдай азыркы өлкө башчыбыз Садыр Жапаров менен бир жерде чогуу отуруп калган жайым бар. Ошол убакта ал биринчи жолу Жогорку Кеңешке депутат болгон экен. Үй ээси эл өкүлү катары сыйлап ага сөз бергенде ал “Төрдө аксакал отурат, биринчи ошол киши сүйлөсүн” деп сөздү мага бергенде наркты билген жигит экен деп абдан ыраазы болуп калгам.
– Агай, сиз эки доордогу балдарды тарбияладыңыз. Советтик доордогу жана эгемендик алгандан кийинки билим берүү системасында эмне жетишпестиктер, ийгиликтер болду?
– Чынын айтыш керек, советтик доордо мугалимдерде, окуучуларда темирдей тартип бар эле. Мугалимдердин билими, сабактын сапаты агартуу мекемелери, мектеп жетекчилиги тарабынан дыкат текшерилип турчу. Класстан тышкаркы тарбия иштери, ата-энелер менен болгон байланыш жакшы болчу. Мага таарынышпасын, азыркы мектептердин директорлору сабактарга катышмак тургай жогорку кабаттарга чыгып коюшпайт. Экинчиден, азыр шаардагы балдар өз эне тилинде начар сүйлөшүп, китеп окууга такыр кызыгышпайт. Мугалимдер сабак берүү менен гана чектелип тарбия берүүгө анчейин кийлигишпей калды. Ошондой эле бир класста кырктан ашык баланын отурушу, китептердин жетишсиздиги, каада-салтыбыздын унутулуп баратышы да мени көп түйшөлтөт. Муну айтуу менен мен мугалимдерди, мектептерди жана ата-энелерди айыптагым келбейт. Себеби, келечек муунду туура тарбиялоо жалпы элдин милдети. Ал үчүн улуулар өздөрү үлгү болуп ак эмгек, адал оокат менен үй-бүлөнү багыш керек. Балдарга ак менен караны, адал менен арамды, жаман менен жакшыны ажырата билүүнү үйрөтүүгө милдеттүүбүз. Кыргыз элибиздин баалуу-луктарын, нарк-насилин, салт-санаасын түшүндүрүп, аларды турмушубузда туура пайдаланууну үйрөтө алабызбы, кеп ушунда. Кыскасы, күнүмдүк оокатка эле алаксыбай, балдарыбызга көбүрөөк көңүл буруп, көбүрөөк баарлашып, мээримибизди арнайлы. Бул баарыбызга тиешелүү милдет.
– Үй-бүлө тууралуу кеп кылып калдыңыз, эми өз үй-бүлөңүз тууралуу да азыноолак айта кетсеңиз…
– Жубайым Турсун Осмонкулова экөөбүз 64 жыл бирге бактылуу жашадык. Уул, келиним, 5 неберем, 2 чөбөрөм бар. Эки неберебиз турмуш курушуп, өз алдыларынча жашап жатышат. Азыр 1984-жылы өкмөттөн алган үч бөлмөлүү үйдө бала-чакабыз менен бирге жашайбыз. Үй-бүлөлүк бактымды 64 жылда окуткан, тарбиялаган окуучуларым толуктап турушат. Алар мени көчөдөн көрүп калышса унааларынан ыргып түшүп учурашып, кучактап ал-акыбалымды сурашып, үйүмө чейин узатып келишет. Чоң майрамдарда унутушпай куттуктап турушат. 20, 30, 40, 50 жылдык мектепти бүтүрүү кечелерин белгилешкенде үйдөн алып кетип сыйлап турушат. Алардын мындай сый-урматы мага күч кубат берип, жашоомо көрк кошуп турат.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»