Артынан шакирт ээрчитип, канатын күүлөп, өнөрүн өстүргөн асыл устаттар болот эмеспи. Биз үчүн ошондой чоң урмат-сыйга татыган, шакирти катары баарыбызды илим жолунда телчиктирип, такшалтып келаткан устатыбыз – т.и.д., профессор, КР УИА академиги Абылабек Асанканович. Устатыбыз бүгүн 70 жашка толуп отурат.
Абылабек Асанканов 1954-жылы 27-декабрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-1977-жылдары азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде окуган. Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин эмгек жолун Жумгал районундагы Көл-Арык орто мектебинде мугалим болуп баштап, эки жылдан кийин Фрунзе политехникалык институтунда КПССтин тарыхы кафедрасынын окутуучусу катары уланткан. 1980-1983-жылдары СССР ИАсынын Н.Н. Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтунда күндүзгү аспирантурада окуган.
Москвадан алган теориялык-методологиялык билимин Кыргызстанда этносоциология багытын калыптандырууда, өзүнүн илимий мектебин түзүүдө ийгиликтүү колдонду.
Абылабек агай баштаган ишинин аягына чыкмайынча туруктуулук менен аракет кылган, уюштура жана шыктандыра билүүчү сапаттары менен айырмаланып турган инсан. Агайдын жетекчилигинде 1990-жылдардын башында Кыргызстандын бир топ шаарларын, айыл-кыштактарын жана калктын кеңири катмарын камтыган этносоциологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында бир нече илимий эмгектер жаралды жана бир топ шакирттерди даярдады. Ал Кыргызстандагы этносоциология илимин жараткан, калыптандырган жана өнүктүргөн окумуштуу катары тарыхта өзүнүн изин калтырды жана аны азыр да өзүнүн окуучулары менен ийгиликтүү өнүктүрүп жатат.
1990-ж. өлкөнүн айрым аймактарында, анын ичинде Кыргызстанда да улуттар аралык мамилелер курчуп турган кез эле. Ошондо КМУнун Археология жана этнография кафедрасынын базасында аталган проблемага арналган союздук деңгээлдеги илимий-практикалык конференция натыйжалуу өткөрүлгөн жана анын материалдары жарыяланган. Агай 1993-ж. Москвада жогоруда аталган институтта докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап бул илим боюнча биринчи кыргыз доктор болду.
Агайдын уюштургучтугу, иштин көзүн таба билген жөндөмү, чечкиндүүлүгү “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү даярдоодо “Манас-1000” дирекциясынын алдында уюшулган өкмөткө караштуу “Мурас” ишкер долбоорунун директору болуп турганда бир топ иштерди өз убагында бүткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген. Анда “Манас” үчилтигине, кыргыз тарыхына, этнографиясына, маданиятына арналган көптөгөн эмгектер, изилдөөлөр жарыяланган, илимий конференциялар, симпозиумдар, манасчылардын юбилейлерине ж.б. байланышкан бир топ иш-чаралар өткөрүлгөн. Анын ичинде кыргыз элинин этногенезине жана этностук тарыхына арналган бир топ өлкөлөрдүн окумуштуулары катышкан илимий конференцияны өзгөчө бөлүп көрсөтүүгө болот.
Абылабек Асанканович КМУ тарых факультетинин деканы, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, КРнын Президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалады.
1980-жылдардын аягында жазылган “Социально-культурное развитие современного киргизского сельского населения (опыт этносоциологического исследования)” . – Фрунзе, 1989. (“Азыркы кыргыз айыл калкынын социалдык-маданий өнүгүүсү (этносоциологиялык изилдөөнүн тажрыйбасы. – Фрунзе, 1989)”. монографиясы айылдык кыргыз калкынын социалдык-маданий өнүгүүсү этносоциологиялык талдоо жүргүзгөн.
А.А.Асанкановдун бул монографиясы советтик мезгилдеги кыргыз айыл калкынын турмушундагы социалдык-маданий өзгөрүүлөрдү, жаңы көрүнүштөрдү, орус тилинин коомдук турмушка тийгизген таасирин этносоциологиялык жактан изилдөөнүн алгачкы тажрыйбасы болуп калды.
СССРдеги Кайра куруу мезгилинин акыркы учурларында Кыргызстанда улуттук жандануу башталды: басма сөз беттеринде, ар түрдүү деңгээлдеги жыйындарда улуттук тил, маданият, шаарлашуу, шаарда жашап жана эмгектенип жаткан кыргыз жаштарынын социалдык-маданий абалы ж.б. көптөгөн көйгөйлөр ачыкка чыгып, кызуу талкууланып жатты, коомдук-саясий уюмдар түзүлдү жана жигердүү ишмердигин баштады. Бул көрүнүштөрдөн кыргыздардын улуттук өзүн-өзү аңдоо сезиминин жаңы шарттарга ылайык курчуп баратканын көрүүгө болот эле. Мындай көрүнүш эгемендиктин алгачкы жылдарында да өлкөнүн жаңы багытын аныктоого байланыштуу уланып жатты. Бул феноменди изилдөө башка республикаларда аздыр-көптүр колго алынган. Ал эми бизде ага арналган иликтөөлөр жок болчу. Бул багыттагы алгачкы иликтөөлөр да агайга таандык, т.а. коомчулукка кеңири тараган “Кыргызы: рост национального самосознания. – Бишкек, 1997”, (“Кыргыздар: улуттук өзүн-өзү аңдоонун өсүшү. – Бишкек, 1997”) аттуу монографиясын жарыя-лады. Эмгекте, агай кыргыздардын өз улуттук кадыр-баркын сезүү, сыймыктануу сезиминин жогорулаганын, аларга таасир берген саясий, экономикалык, маданий фаторлорду ачып, аталган феномендин табиятын түшүндүрүүгө алгач кадам жасады.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын белгиленишине карата Алтай, Хакасия, Тува аймактарына атайын экспедиция уюштуруп, ага жетекчилик кылган. Кытайдын кыргыздар жашаган аймактарына бир нече жыл катары менен жүргүзгөн экспедициялык изилдөөлөрдүн натыйжасында “Кыргызы Синьцзяна (КНР) – Бишкек, 2010”, (“Синьцзяндагы (КЭР) кыргыздар. – Бишкек, 2010)” аттуу монография жарыялады. Бул эмгекке Кытай өлкөсүндө да чоң маани берилгендиктен, баалагандыктан китепти 2 жолу басып чыгарышты.
Китепте Синьцзян кыргыздарынын этногенези, этностук тарыхы, жашап жаткан аймагы, чарбасы, материалдык жана рухий маданияты, үй-бүлөлүк мамилелери, диний ишенимдери, жана жүрүп жаткан этномаданий процесстер кеңири чагылдырылган.
А. Асанканов Улуттук илимдер академиясынын Тарых институту менен Россия илимдер академиясынын Этнология жана антропология институтунун кызматташуу-су менен, этнология илиминдеги кийинки 50 жыл аралыгындагы изилдөөлөрдү жыйынтыктаган “Кыргызы” (“Кыргыздар”) деген томдун жарык көрүшүнө (М. 2016. 626 бет) жооптуу редакторлорунун бири катары чоң салым кошту. Москва шаарындагы абройлуу “Наука” басмаканасы жакынкы күндөрдө эле бул китепти кайрадан басып чыгарды.
Агай илим-билим чөйрөсүндө иштеген тажрыйбасы мол, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адис катары көптөгөн Мамлекеттик Концепция, Программаларды иштеп чыгуучу топтордо (“Кыргызстандын элдеринин биримдигин чыңдоо жана улуттар аралык мамилелер Концепциясы”, “Кыргыз жараны”, Инсандын руханий-нравалык өнүгүүсү жана дене тарбия”) иштеди жана иштеп келе жатат.
2023-жылы А.Асанкановдун А.Эркебаев менен бирге жазган “Межэтнический конфликт в июне 2010 года на юге Кыргызстана. – Бишкек, 2023.” (“Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнундагы этностор аралык конфликт. – Бишкек, 2023”) деп аталган китеби жарык көрдү. Кыргызстандын түштүгүндө болгон бул окуяларга быйыл 14 жыл болду. Бул этностор аралык чыр-чатак эгемен Кыргызстандын тарыхынын кайгылуу барактарынан болуп калды. Чындыгында бул китеп абдан татаал маселеге – бир мамлекеттин эки этносунун ортосундагы конфликтке арналган.
Китепте көп мамлекеттик документтер, талаа материалдары кеңири колдонулган.
Китептеги абдан маанилүү, баалуу маалыматтар, ой-пикирлер мамлекеттик башкаруунун бардык тепкичтеринде иштеген кызматкерлерге абдан зарыл жана керектүү. Бул китептеги жергиликтүү бийликтин уюштуруу иштеринин практикалык маанилүүлүгү абдан жогору. Кризистик кырдаалдагы бул элдик тажрыйба конфликттердин алдын алуу жана болтурбоодо тарыхый сабак катары эске алынышы зарыл.
А.Асанкановдун эмгек жолунун кийинки этабы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен байланыштуу. Көрүнүктүү окумуштуу 2017-ж. Тарых жана маданий мурас институтунун директору кызматына киришип, азыркы күнгө чейин үзүрлүү иштеп келе жатат. Институттун структурасына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын сапаттык курамын көтөрүү, илимпоздорго ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында мекеменин жетекчиси катары көп алгылыктуу иштерди жасады.
Акыркы жылдары, илимий кадрлардын муундар ортосундагы байланышын камсыздоо багытында институттун курамын жаштар менен толуктоо боюнча алгылыктуу аракеттер көрүлүп, келечектен көптү үмүттөндүргөн, илимге шыктуу жаштар кызматка кабыл алынды. Академик А. Асанканов башка мамлекеттик органдар, жогорку окуу жайлары, музейлер, массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта болуп, ар кандай нормативдик-ченемдик актылардын, токтомдордун, жоболордун долбоорлорун даярдоого, илимий билимдерди жайылтууга, көргөзмөлөрдүн концепцияларын иштеп чыгууга өз сунуштарын берип келет. Мамлекеттүүлүккө, кыргыз тарыхындагы маанилүү окуяларга, тарыхый инсандардын юбилейлерине байланышкан мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда агайыбыз жетектеген институт абдан көп иштерди аткарып жаткандыгын белгилеп коюш керек.
А.Асанканов Кыргызстанда этнолог жана этносоциологдордун чоң илимий мектебин түздү. Анын ишин улантып жаткан 60тан ашык шакирттери бар. Талыкпай изденген А. Асанканович 200дөн ашык илимий эмгектерди, анын ичинде 15 монография, 10 окуу китеби жана окуу-усулдук колдонмолорду жаратты. “Кыргыз тарыхы” энциклопедиясынын жооптуу редактору. Агай илимге кошкон салымы үчүн Кыргыз улуттук университетинин Ж.Баласагын атындагы медалы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына эки жолу татыктуу болгон. Эмгектери түрк, орус, англис, кытай тилдеринде жарык көрүп келе жатат.
Торколуу 70 жылдык мааракесинде академик агайыбызга бекем ден соолук, кажыбас кайрат, азыркыдай дем менен дагы далай эмгектерди жасап, кыргыз элине кызмат кыла беришин каалайбыз. Илимде айта турган дагы далай сөзүн, жаңы илимий эмгектерин күтөбүз! Сиз тарбиялаган окуучуларыныздын саны артып, илимге кызмат кыла беришсин, мектебиңиз кеңейе берсин. Бар болуңуз, кыргыздын даанышман, белдүү академиги!
ЖАПАРОВ А.З.,
тарых илимдеринин доктору, доцент
ЖООШБЕКОВА А.Р.,
тарых илимдеринин доктору, профессор
ЭРАЛИЕВ С.Н.,
тарых илимдеринин кандидаты, доцент