Саламат Калыбеков калың элге “Чоочун киши” сериалындагы Толкунбектин образы аркылуу көбүрөөк таанылды. Бирок, жаш актер буга чейин эле көп изденип, көп эмгектенип, аздыр-көптүр кинолорго, клиптерге тартылып жүргөн. Тагыраак айтканда, ал “Жаңы күч”, “Дочь”, “Элес”, “Разбой” ж.б. тасмаларында башкы каармандардын ролун ойногон. Жакында эле Саламат Калыбековдун катышуусундагы “Террорист” тасмасы жарыкка чыкты.
– Саламат, сени “Чоочун киши” сериалынан кийин жакындан тааный баштадык. Бул сериалга кандайча тартылып калдың?
– Кинорежиссер жана продюсер Сүйүн Отукеев байкебиз жазып калды: “Жаңы долбоор баштаган жатабыз. Башкы каармандын ролуна тартылбайсыңбы?” – деп. Мен дароо эле макул болдум. Мага чейин бир топ актерлорду караштырыптыр. Кудайдын каалоосу менен Толкунбектин образы мага буйруп калды. “Чоочун киши” менин жүзүмдү таанытканга жардам берди. Чыгармачылыгыма да оң таасирин тийгизди.
– Сериалдын экинчи сезонун чыдамсыздык менен күтүп жаткандар бар. Тартуу иштери башталды окшойт? Канча убактан кийин көрүп калабыз?
– 26-майда экинчи сезонду тартуу иштери башталганы турат. Буюрса, күз айларында элге тартуулайбыз деген ниеттебиз.
– Акындык, ырчылык, обончулук талантың бар экен. Бул өнөрдүн башаты кайда?
– Мен 9-классты аяктагандан кийин Токмоктогу музыкалык колледжде 3 жыл окуп билим алгам. Анткени, бала кезден ырчы болом деген кыялым бар болчу. Ал эми ыр жазганым атамдан калган деп билем. Ыраматылык атам ыр жазчу. Кичинекей кезимде ыр жазган дептерин алып кайра-кайра кайталап окуй берчүмүн. Тилекке каршы, атамды эрте жоготуп алдык. Мен 6-класста окучумун. Атам өтүп кеткенден кийин баягы ыр дептерин алдым да, сарайдын үстүнө чыгып алып көпкө чейин жаттым. Анан атамдын жолун улайм деп өзүмө сөз бердим. Ошол жерде отуруп биринчи жолу атама арнап ыр жазгам. Ата сенин сыяңды кургатпайм, изиңди өчүрбөйм деген маңызда. Негизи эле атам да, апам да чыгармачылыкка жакын болушкан. Ошол кишилердин өнөрү менин жашоомо таасирин тийгизди го. Атам ушунчалык жакшы ырдачу. Кезинде музыкалык окуу жайга тапшырам десе, чоң энебиз каршы болуп коюптур. Кийин телевизордон ырчыларды көрүп: “Мен да ушулардай ырчы болмокмун, телевизордон чыкмакмын”, – деп арман кылып калчу.
– “Атанын кадырын билеличи” деген ырыңды Кубаныч Баркалбасов ырдап жүрөт.
– Бир күнү Кубаныч шашылыш телефон чалды: “Эртеңкиге ыр жазып бере калчы”, – деп. Андайда илхом да келбейт эмеспи. Бирок, түнү менен отуруп, баягы атама жазган ырларымдын штрихтерин жоготпой:
Изиңди улай турчу уулуң турат,
Карааның кадамыма берет кубат.
Карматып камчы мага бердиң эле,
Чабынам алга ата калбайм кулап.
Сыйлаган бар сыйлабаган,
Барктаган бар барктабаган.
Атанын кадырын билеличи,
Жетпей жүргөн канча жан бар, – деп ыр жазып бергем.
– Кийин театралдык окуу жайдан билим алдың…
– Ырчылык, обончулуктан сырткары киного тартылсам, театрда ойносом деген максат жан дүйнөмө тынчтык бербей койду. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайын ийгиликтүү аяктадым. Каякта кастинг болсо, ошол жерден калбай жүрдүм. Катышып өтпөй калганымда капа да болдум. Анын үстүнө ошол маалда, кастингдер деле аз эле болчу. Кинолор азыркыдай көп тартылчу эмес. Акыркы 3-4 жылдан бери эле байма-бай тартылып баштабадыбы. Тилектерим четинен орундалып баратат.
– Нарындагы музыкалык драма театрга кандайча барып иштеп калдың?
– Темирлан Сманбеков Нарын музыкалык драма театрында директор болуп иштеп жүргөн. Бир күнү: “Нарынга барып иште. Шартыңды түзүп беребиз”, – деп сунуштап калды. Мен театралдык окуу жайды аяктагандан кийин эле үйлөнүп алгам. Бишкекте үйүм же иштеген ишим жок. Шаарда батирде жашоо кымбат. Ары ойлондум, бери ойлондум дагы келинчегимди алып Нарынга кетип калдым. Нарында эки жыл иштедим. Эки жылдан соң кайра шаарга келүүнү эп көрдүм. Бишкекке келип жаштар театрына жумушка кирдим. Кийин Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрына ишке орноштум.
– Театрда ойно же кинону танда десе кайсы бирин тандайт элең?
– Чынын айтсам, экөөнүн бирөөсүн тандоо мен үчүн кыйын. Тасма талаасында жүрүү, камера алдында иштөө бул өтө кызыктуу. Ал эми театрда болсо дубль жок. Сахнага чыктың болду. Көрүүчүлөр менен бир толкунда болосуң. Спектаклдин соңундагы көрүүчүлөрдүн кол чабуусу, коштоосу, ошондогу сахнанын аурасы бир керемет сезимди тартуулайт. Кесибин сүйгөн адамдар үчүн эки багыт бири-бирин толуктап туруш керек деп ойлойм.
– Өзүң тартылган кинолорду көрөсүңбү?
– Ооба, көрөм. Бирок, өзүмдү жактырып эмес тескерисинче, сындап көрөм. Улам кайталап көргөн сайын, кетирген кемчиликтеримди байкайм. Кийинкисинде, ал каталарды кайталабаганга аракет кылам.
– Буга чейинки ролдоруңдун дээрлик көпчүлүгү олуттуу, салмактуу экен. Комедия жанрында ойноп көрдүң беле?
– Сыртымдан караган адамга мен оор басырыктуу, бир мүнөз, токтоо адамдай көрүнөт экем. Бирок, өзүм ачык айрым, шайыр-шайдоот мүнөзмүн. Тамашакөймүн, элдер менен бат тил табышып кетем. Келечекте комедия жанрында да тасмага тартылам деп ойлойм. Өзүм да көптөн бери кызыгып жүрөм.
– Кино жаатында ким менен өнөктөш болуп, ким менен чогуу ойноону кыялданасың?
– Кудайга шүгүр, азыр арабызда тирүү легендалар көп. Кыргыз улуттук драма театрында канча деген таланттар бар. Алардын ар бири менен сахнада болууну каалайм. Мисалы, Чоро Думанаев, Назира Мамбетова эже менен бир спектаклде ойносом же, бир тасмага тартылсам деп эңсейм. Буюрса, келечекте бул кыялдарым да аткарылат деп ишенем.
Анара Арзыбай кызы, «Кыргыз Туусу»