whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАлай райондук сотуна жаңы имарат берилди

Алай райондук сотуна жаңы имарат берилди

Алай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаев жана Алай районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсүп жаткандыгын айтты.

«Бүгүн Алай райондук соту аянты кенен, жайгашкан жери дагы ыңгайлуу имаратка ээ болуп отурат. Бул адилет үйүндө мыйзамдуу, адилеттүү, негиздүү чечимдер кабыл алынып, элдин сотко болгон ишенимин арттырууга бардык аракеттерди көрөсүңөр деп ишенем», — деди Замирбек Базарбеков.

Белгилей кетсек, Алай райондук соту көчүп кирген имаратты капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 млн. сомдон ашык каражат жумшалган.

Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинде эки судья, жети аппарат жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, ошондой эле 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар