whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭмомали Рахмон Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол...

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Сизге Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ынак коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктообузду билдирем.

Бул негизги документ мамлекеттүүлүктүн жаңы шарттарында биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин укуктук негиздерин бекемдеп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түздү.

Келишимдин жоболорун иш жүзүнө ашыруу мындан ары да конструктивдүүлүк, достук мамилелер, ынак коңшулаштык, өз ара урматтоо жана эки жактуу ишеним принциптеринин негизинде бул процессти натыйжалуу илгерилетүүгө кызмат кылат деп ишенем.

Бул өңүттөн тажик тараптын эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык диалогду улантууга жана тараптардын көп кырдуу байланыштарын ырааттуу өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерге кызыкдар экендигин баса белгилейм.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге, чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бекем тынчтык жана туруктуулук, өнүгүү жана гүлдөп өсүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Гезит

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар