Четверг, 26 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Аялдарга экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 27-майда Баткен облусунда коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнө жана аялдар жамаатына жаштар жана аялдар арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, диний радикализмге бөгөт коюу боюнча семинар өткөрүлдү.
 Семинарда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков, ИИМдин Академиясынын окутуучусу Медер Карабаев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаштар жана аялдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Султаналы Гапуров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Баткен облусу боюнча өкүлү Чагылган Юсупов тренер катары чыгышты.
 Алар салттуу ислам жана анын коомго тийгизген таасири, экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясы, диний радикализмдин кесепеттери жана Баткен облусундагы жалпы диний кырдаал жөнүндө кенен айтып беришти.
 Андан сырткары катышуучулар жергиликтүү ички иштер органдарынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жарандардын радикалдашуусун жана экстремисттик аракеттерден алдын алууда көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматын угушту.
 Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер жоопторду берилди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар