whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкӨзгөндүн «Дөкү» каймана аттуу тургунуна издөө жарыяланды

Өзгөндүн «Дөкү» каймана аттуу тургунуна издөө жарыяланды

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Дөкү» каймана аттуу Өзгөн районунун тургуну Д. Ормоновго издөө жарыялады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Д.Ормонов алдоо, коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу аркылуу жеке баюу максатында жер махинацияларына байланыштуу мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 23-майында УКМК тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

25-майда Ош шаардык соту Д.Ормоновго карата баш коргоо чарасын сыртынан тандап, ошол эле күнү ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Д.Ормоновдон жабыркагандар болсо УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына же (03222) 7-00-09 телефон номуру аркылуу кайрылууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар