whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүМектептерде мамлекеттик экзамендер 3-июнда башталат

Мектептерде мамлекеттик экзамендер 3-июнда башталат

Кыргызстанда мектептерде мамлекеттик экзамендер 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 3-июнда;

эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) — 7-июнда;

кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 11-июнда;

Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) — 14-июнда.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

эне тили жана адабиятынан (эссе) — 3-июнда;

математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 7-июнда;

Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) — 11-июнда;

кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) — 14-июнда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар