Ош шаарындагы эки көчөдө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Көчөлөрдөгү оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү тургундардын кайрылууларына ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар тарабынан көмөк көрсөтүүлүдө.
№177 көчөсүндөгү жолдун узундугу 2,33 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт. Узундугу 1 чакырым, туурасы 2,25 метрди түзгөн тротуары кошо курулат.
Ал эми Чкалов көчөсүндө 850 метр жол толук оңдолуп, эки көчөдө тең ирригациялык тармактар, жарыктандыруу системалары орнотулат.