Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылдын 28-30-майында Италияга иш сапары менен барат.
Жээнбек Кулубаевдин сапары Италиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Антонио Таянинин чакыруусу боюнча уюштурулган.
Сапардын жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия — Италия» министрлеринин жолугушуусуна катышат, ошондой эле Италия расмий өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.