Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Элдар АБАКИРОВ: “Биздин жарандар Россияда каалагандай иштеп жатышты”

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы алгач Беларусь, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлүп, ага Армения менен Кыргызстан 2015-жылы кошулган.
Кыргыз Өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт багытта эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү.
Биримдикке кошулуу менен Кыргызстан кандай утуштарга ээ болду? Эмнелер аткарылган жок, бул тууралуу биз Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы экономика министринин орун басары Элдар АБАКИРОВдун пикирин уктук.

– Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүбүздүн негизги максаты – бул экономикалык карым-катнашты бекемдөө болгон. Биримдикке кирген мамлекеттердин ичинде төрт нерсе эркин жүрүш керек. Алар — товар, капитал, жумуш күчү жана кызматтар.

Эми ар бирин өзүнчө талдасак, башында төрт-беш жыл товар Россияга эркин эле кирип жаткан. Болгону Казакстан тараптан 2017-жылдан бери тоскоолдуктар болуп келет. Бир-эки күн, бир жумалап биздин жүк ташуучу унааларды кармап коюшууда. Бул адат тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин токтогон жок.

Россия мамлекети дагы акыркы бир-эки жылдан бери биздин айрым товарларды киргизбей коюуда. Өзгөчө балык, эт, колбаса, мөмө-жемиш, жер-жемиш ж.б. ушул өңдүү тамак-аш товарларын киргизбей койгон учурлар көп катталган. Мунун себептерин алардын кызматтары фитосанитардык жана башка коопсуздук эрежелерин карманбагандык менен түшүндүрүшсө да, тереңдеп изилдеп көргөндө, саясий себептерден, көз караштардан улам биздин товарларга тоскоолдуктар болуп жаткандай.

Кыргызстандын утканы – биздин жумушчулар Россияга чындыгында көп жылдар барып, каалагандай жакшы иштеп атышты. Бирок, акыркы эки жылда Россия – Украина согушунан улам биздин көптөгөн жарандар, айрым кош жарандыгы барлар мобилизация болуп, согушка алып кеткен учурлар болду. А Крокус-Ситидеги окуядан кийин абал кыйын болуп калды.

Анан полициянын биздин дипломатыбыздын үйүнө барып тинтүү жүргүзүүсү – бул ЕАЭБ мыйзамдарына эле эмес, дегеле дипломатиялык мыйзамдарга жатпаган көрүнүш. Мындай терс көрүнүштү Россия тарап бизге түшүндүрүп, кечирим сураса, туура болмок. Бул сыяктуу окуя экинчи кайталанбайт деп ишенем.

Капиталдар боюнча айтсак, биздин жумушчулар бизге көп жылдар бою тынбай акча которуп жатышты. Бирок, акыркы 3-4 жылдан бери ар бир кишиге 100 миң рублден ашык которбош керек деген чектөө коюлуп калды. Бул дагы ЕАЭБ мыйзамдарына туура келбейт.

ЕАЭБден тышкары дагы бир канча факторлор бар. Ошонун баарын эске алышыбыз керек. Россия – Украина согушу башталгандан тартып көбүнчө ушул Россияга көп товар түз келе албай, анан Россиядан капитал түз чыга албай, биз аркылуу чыгып, акыркы 1-2 жылда Кыргызстан экономикасы бул жагынан жакшы утушта болуп жатат. Буга байланыштуу Кытайдан биз аркылуу өткөн товардын көлөмү 3-4 эсе, ал эми Кыргызстандагы банктардын кирешеси 10 эсе өстү. Башкача айтканда, Россия товарын дагы, акчасын дагы биз аркылуу которгону экономикабызга позитивдүү таасир болду.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

 

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар