Эртең 29-майда Евразиялык экономикалык бирикме (ЕАЭБ) келишиминин кол коюлганына туура 10 жыл болот. Бул бирикмеге азыр Россия, Казакстан, Кыргызстан, Беларусия жана Армения толук кандуу мүчө. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө болуу келишимине 2014-жылы 23-декабрда кол коюлуп, 2015-жылы 12-августта ал күчүнө кирген. Ушул тарыхый датаны белгилөө алдында Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Кыргызстан ЕАЭБге кирген жылдардан тарта кандай ийгиликтерге жетишкенин айтып берди.
Алыскы туугандан – жакынкы кошуна
Назарбек Малаевдин билдиришинче, аталган биримдикке кирүү менен 9 жыл аралыгында Кыргызстан ИДПсынын өсүшү 3,9 пайызды түзүп, а ЕАЭБ ичинде ИДПнын өсүшү 1,3 пайызды түзгөн. Буга улай министрдин орун басары Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуусу менен мигранттардын ишке орношуусу жөнөкөйлөшүп, кыргыз жарандары башка өлкөлөрдө милдеттүү медициналык, пенсиялык камсыздоо жагынан ошол өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей укукта болуп калганын билдирди. “2015-жылга салыштырмалуу жеке жактардан акча которуулар 1,7 эсеге өсүп, биздин 369 ишканабыз ЕАЭБ реестрине кирди. Биримдиктин алкагында бирдиктүү рынок иштеп, бажы көзөмөлү жоюлуп, ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алынды. Кыргызстан инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор үчүн жабдууларды пошлинасыз ташып келүүдө жеңилдиктерге ээ болду. Ошондой эле ички рынокто өндүрүш жана керектөө үчүн зарыл болгон 166 товардык позиция импорттук бажы алымдарынан убактылуу бошотулду. Кыргызстан бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө жагымдуу шарттарга жетишип, өлкөнүн үлүшү 1,9 пайызды түздү”, – деди ал.
Буга улай ал ЕАЭБ иштей баштагандан бери экономиканын бардык тармактарында интеграция тереңдеп, биримдикке мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалы жакшырганын ортого салды. Ошону менен бирге Н.Малаев ЕАЭБ ресурстары беш өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерин билдирди. Сөз арасында министр орун басары Кыргызстан бажы постторун, лабораторияларды жабдуу үчүн Россиядан 200 млн. доллар техникалык жардам көрсөтүлүп, өлкө экономикасын уюмга интеграциялоо үчүн 500 млн. доллар уставдык капиталы менен Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн кошумчалады.
Интеграция аркасындагы ийгиликтер
Н. Малаев 2023-жылы Кыргызстан ИДПсы 1,2 трлн. сомго жетип, 2014-жылдагыга (401) салыштырмалуу 3 эсеге жогорулаганын жана мамлекеттик бюджеттин кирешелери бул жылы 392 млрд. сомду түзүп 2014-жылга караганда (119 млрд. сом) 3,3 эсеге өскөнүн маалымдады. 9 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын тышкы товар жүгүртүүсү 5,6 млрд. доллардан 15,7 млрд. долларга жогорулаган. Анын ичинде экспорт 2,2 эсе, импорт 2,9 эсеге өскөн. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен Кыргызстандын өз ара соода кылуусу 1,8 эсеге өсүп, 2023-жылы 4,4 млрд. долларды түзгөн. “Мындан сырткары ЕАЭБде интеграциялык маалыматтык система түзүлүп, 26 жалпы процесс ишке кирди. Кыргызстан 21 жалпы процесске кошулду. Кыргызстандын демилгеси менен ЕАЭБ алкагында билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өркүндөтүү максатында Евразиялык тармактын университет жана Евразиялык профессионалдык мектеп жана Армения, Кыргызстан, Россия мамлекеттеринин өкүлдөрү кирген институттарды өнүктүрүү консорциуму түзүлдү. Мындай консорциум форматындагы ЕАЭБди өнүктүрүү институттарынын бирдиктүү иши инвестициялык ишмердүүлүктүн жалпы методологиялык принциптерин түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”, – дейт Н.Малаев.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”